Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:40

Сузак: Кара-Дарыяда 100 гектардай жерди суу каптады


Кара-Дарыя дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, болжолдуу 100 гектарга жакын жер суу алдында калды. Сузак. 14-май, 2022
Кара-Дарыя дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, болжолдуу 100 гектарга жакын жер суу алдында калды. Сузак. 14-май, 2022

Кара-Дарыя дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, болжолдуу 100 гектарга жакын жер суу алдында калды. Бул тууралуу Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров маалымдады. Анын айтымында, бул жер дыйкандардын күрүч талаасы болгон.

“11-май күнү кечинде Кара-Дарыя айыл аймагынын Арал айылы аркылуу агып өткөн дарыядан суунун деңгээли көтөрүлгөнү байкалган. Суунун деңгээли улам жогорулаган сайын, ал жердеги эгин талааларына жана 200 үйгө коркунуч жаралгандыктан, 12-майдын кечинде Өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, коркунуч жаралган үйлөрдүн ээлерине коопсуз жайга көчүп туруу тууралуу түшүндүрүү иштерин алып барганбыз. Бүгүн Кара-Дарыяда 280 куб суу агып, 100 гектарына жакынын, дыйкандар күрүч эккен үлүш жерлерди суу каптаган. Азырынча толук канча жерди суу каптаганы тактала элек".

Азыркы тапта ӨКМнин кызматкерлери дамбаларды бекемдөө жумуштарын аткарып жатат.

Сузак районундагы Кемпир-Абад суу сактагычындагы суу Кара-Дарыя дарыясына куюп, ал Кара-Дарыя айыл аймагы аркылуу агып өтөт.

Майдын башындагы жаандан кийин Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас облустарындагы ондогон үйлөрдүн короосун сел каптап, көпүрөлөр бузулуп, айрым жолдор жабылып калган. Сел жана көчкү коркунучунан улам Кыргызстанда мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG