Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:01

Eurovision-2022 ыр сынагында Украина жеңди


“Калуш Оркестра” тобу Eurovision сахнасында.
“Калуш Оркестра” тобу Eurovision сахнасында.

Eurovision-2022 ыр сынагында Украина жеңди. Бул өлкөнүн намысын “Калуш Оркестра” тобу "Стефания" деген ыры менен коргоду.

Италиянын Турин шаарында 14-майда жарыштын финалы өттү. Жеңүүчүлөр күйөрмандар ыйгарган добуштар жана калыстар тобунун баасы менен аныкталды.

Ыр таймашка быйыл 40 мамлекет катышып, 25и финалда күч сынашты. Экинчи орунду Улуу Британия, үчүнчүнү Испания ээледи. Бул жылы Германия акыркы орунду алды.

"Калуш Оркестранын" солисти ырды аткарып бүткөндө сахнадан туруп башкаларды Мариуполго жардам берүүгө чакырды.

Орусия Украинага басып киргендиги үчүн быйыл музыкалык мелдештен четтетилген.

Eurovision сынагы 1956-жылдан бери такай уюштурулуп келаткан популярдуу шоу болуп саналат. 66-фестивалды өткөрүү укугуна жеңүүчү катары Италия ээ болгон.

Эрежеге ылайык, Европа телерадиоберүү бирикмесинин (EBU) түптөөчүлөрү болуп саналган беш мамлекеттин - Британиянын, Франциянын, Испаниянын, Италиянын, Германиянын жана сынакты өткөрүп жаткан өлкөнүн ырчылары түз эле финалга чыгат. Ким утса кийинки жылдагы жарыш анын өлкөсүндө болот.

Бул сынакка 2003-жылдан бери катышып келаткан Украина буга чейин эки ирет - 2004 жана 2016-жылдары жеңген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG