Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:27

Калктын аялуу катмарына берилчү жөлөк пулдун өлчөмү көбөйтүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров "Калктын аялуу катмарларынын айрым категорияларына мамлекеттик колдоону күчөтүү жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Президенттин сайтына чыккан маалыматта Министрлер кабинети 2022-жылдын 1-июнунан тартып жөлөк пулдун суммасын канчага көбөйтөрү жазылган.

Президенттин жарлыгына ылайык, бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж майыптыгы бар адамдардын (18 жаштан жогору) жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө да төлөм киргизилет.

2002-жылдын 17-18-мартында, 2010-жылдын апрель-июнь айларында жана 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон окуяларда каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга кошумча ар айлык социалдык жөлөк пулдун өлчөмү жогорулатылат.

  • 2021-жылдын 28-29-апрелинде жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алган. Жүздөгөн турак жана соода жайлары, социалдык объектилер талкаланган.
  • 2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, ал бийликтен кулатылган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 87 киши набыт болуп, миңден ашуун адам жараат алган.
  • 2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты киши курман болгон. Бир нече киши жараат алган. Аларга жана маркумдардын үй-бүлөсүнө камкордук көрүү милдети мамлекеттин моюнунда. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG