Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:05

Кыргызстан менен Тажикстандын башкы дипломаттары чек ара маселесин талкуулады


Кыргызстан жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Сирожиддин Мухриддин жолунушуусу. Дүйшөмбү, 14-май, 2022-жыл.
Кыргызстан жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Сирожиддин Мухриддин жолунушуусу. Дүйшөмбү, 14-май, 2022-жыл.

Кыргызстан жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Сирожиддин Мухриддин Дүйшөмбү шаарында эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Эки өлкөнүн башкы дипломаттары 13-майда КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында жолугушуп, кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашкан.

Тараптар мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана деморкациялоого байланыштуу маселени чечүүгө даяр экенин ырасташып, топографиялык жумушчу топтун жолугушуусун улантуу маанилүү экенин белгилешкен.

Мындан сырткары министрлер эки өлкөдөгү консулдук чөйрөнүн маселелерин, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону талкуулап, жакынкы келечекте жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу боюнча пикир алышты.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Дүйшөмбү шаарына 13-майда барган.

“Озоди” радиосунун кабарчысы билдиргендей, жыйынга Тажикстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусиянын тышкы иштер министрлери, Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу, Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары катышууда.

Жыйын өткөн жайда Украинанын желеги да илинип турат, бирок жыйынга украин расмийлери келген эмес. Жыйын жабык өткөнү кабарланган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG