Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Аба ырайы: тоолордо жаан карга айланат


15-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат. Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда нөшөрлөгөн жаан болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Нарында жана Ысык-Көлдө секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 17...22,
  • Талас облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 16...21,
  • Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 11...16, күндүз 21...26,
  • Нарын дубанында түнкүсүн 4...9, күндүз 14...19,
  • Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9, күндүз 14...19,
  • Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4...+1, күндүз 2...7°.
  • Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 20…22 градус жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG