Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:44

Быйыл "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктары 1585 энеге ыйгарылды


"Баатыр эне" ордени.
"Баатыр эне" ордени.

Президент Садыр Жапаров көп балалуу энелерге кезектеги мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу тууралуу жарлыктарга кол койду.

Ага ылайык, жети жана андан көп баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан 921 эне “Баатыр эне” ордени, алты баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан 665 эне “Эне даңкы” медалы менен сыйланышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы бүгүн, 14-майда кабарлады.

Былтыр "Баатыр эне" ордени 819 энеге, "Эне даңкы" медалы 516 энеге ыйгарылган. 2020-жылы 1014 эне "Баатыр эне" ордени, 519у "Эне даңкы" медалы менен сыйланган.

Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG