Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Каракол шаарын өнүктүрүүгө бюджеттен 850 млн. сом бөлүнөт


Каракол шаары.
Каракол шаары.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Каракол шаарын өнүктүрүүгө байланыштуу долбоорлорду ишке ашырууга Финансы министрлигине 850 млн. сом бөлүп берүүнү тапшырды.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Өкмөт башчы ушул күндөрү иш сапары менен Ысык-Көл облусунда жүрөт. Маалыматка караганда, Жапаров иш сапарынын алкагында Каракол шаарын өнүктүрүү программасынын иш-чаралары менен таанышты. Ага жалпы суммасы 885 млн. сомдук 10 долбоор көрсөтүлдү.

Каракол шаарын өнүктүрүүнүн үч багыттан турган программасында бюджетке киреше алып келүүчү долбоорлорго - муниципалдык базар, таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу өңдүү бир топ пландар киргизилген. Мындан сырткары шаардын инфраструктурасын оңдоо, социалдык объектилердин абалын жакшыртуу жана жаңылоо каралган.

"Буга чейин аймактарды комплекстүү өнүктүрүүдө Каракол шаары пилоттук долбоор катары тандалып алынып, иш-чарада мерчемделген жумуштарды ишке ашырууга бюджеттен 2 млрд. сом каралган. Акылбек Жапаров Финансы министрлигине жеринде долбоорлорду ишке ашырууга 850 млн. сом бөлүп берүүнү тапшырды", - деп жазылат маалыматта.

Жапаров облус аймагындагы жол, социалдык объектилердин курулуштары менен таанышып, Чолпон-Ата шаарында өтүүчү эл аралык ири туристтик көргөзмөгө катышып, 14-майда башталган Run the Silk Road эл аралык марафонун ачып берди. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG