Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Украинанын мурдагы президенттери дүйнө лидерлерин "Азовсталдан" элди эвакуациялоого жардам берүүгө чакырды


"Азовсталь".
"Азовсталь".

Украинанын мурдагы президенттери Леонид Кучма, Виктор Ющенко жана Петро Порошенко дүйнө лидерлерин Мариуполдогу "Азовсталь" заводунан карапайым калкты жана аскерлерди эвакуациялоого жардам берүүгө чакырды.

Кайрылуунун авторлору орус армиясы президент Владимир Путиндин буйругу менен заводдо калган адамдарды жапайы ыкмалар менен жок кылууну каалап жатканын жазышкан.


Украин бийликтеринин маалыматына караганда, соңку күндөрү БУУ жана Кызыл чырым уюмунун жардамы менен металлургиялык комбинаттын аймагынан 500дөй киши, негизинен аялдар менен балдар чыгарылган.

Учурда заводдо дагы "Азов" полкунун аскерлерин, жараат алгандар жана медиктерди кошкондо 500дөн ашуун киши бар.

"Азовсталь" Мариуполдогу Украинанын көзөмөлүндөгү жалгыз аймак бойдон калууда. Орусиянын Коргоо министрлиги заводго чабуул жасоого даяр экенин жарыялаган, бирок президент Владимир Путин чабуулду жокко чыгарып, ишкананы курчоого алууга буйрук берген. Украиналык маалымат каражаттары заводго кол салуу жана аткылоо уланып жатканын жазышты.

Орус армиясы аскерлерге багынып берүүнү сунуш кылган, бирок алар баш тарткан.

Туугандары эвакуация боло турган болсо, аскерлер курал-жарактарын үчүнчү мамлекетке өткөрүп берүүгө даяр экенин айтышууда. Буга чейин аскер кызматкерлери өздөрү да "Азовсталь" аймагынан аларды эвакуациялоо өтүнүчү менен дүйнөлүк коомчулукка кайрылган.

  • Украинанын Донецк облусунда, Азов деңизинин жээгинде жайгашкан Мариуполдун дээрлик бардык аймагын орус аскерлери март айында басып алган. “Азовсталь” заводунун аймагында калган украин аскерлери гана каршылыгын улантып, жети аптадан бери курчоодо жатат. Аларды чыгарып кетүүгө Москва макул болбой келет жана улам-улам чабуул жасоодо.
  • Орусиянын аскерлери Мариуполду дээрлик тегиздеп салганы маалымдалып, сүрөт-видеолору жарыяланууда. Шаарда канча киши каза болгону белгисиз. Жергиликтүү бийликтер кеминде 20 миңдей адам өлгөнүн, шаардагы курулуштардын 90% талкаланганын кабарлоодо. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG