Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:42

Эрдоган Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулушуна каршылыгын билдирди


Режеп Тайып Эрдоган
Режеп Тайып Эрдоган

Түндүк атлантикалык аскердик альянстын мүчөсү – Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган аталган уюмга Финляндия менен Швецияны кошууга каршы экенин, алардын арызына бөгөт коёрун билдирди.

Бул тууралуу пикирин ал 13-майда жарыялап, өз чечимин “бул өлкөлөр көптөгөн террордук уюмдардын үйү болуп калганы" менен байланыштырды.

Түрк президенти Анкара Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчөлүгү тууралуу “оң пикирде эмес экенин” белгиледи.

Түрк бийлиги Швецияны жана башка Батыш өлкөлөрүн Анкара террордук деп эсептеген уюмдарды, анын ичинде күрд топторуна башпаанек берет деп айыптап келет. Эрдоган өзүнүн каршылашы, дин ишмери Фетхуллах Гүлендин тарапкерлерин да киргизип алганы үчүн көп өлкөлөрдү айыптап жүрөт.

Ал жума күнү Стамбулдагы мечиттеги сөзүндө, "гүленчилер 2016-жылы мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылганын" белгилеп, анын администрациясы он миңдеген адамды камакка алганын кайталады.

Гүлен жана анын тарапкерлери бул айыптоолорду төгүндөп келет.

Орусиянын Украинага кол салгандан бери Швеция менен Финляндия да НАТО уюмуна кирүүгө аракет кылууда. Эки өлкө альянска кошулуу тууралуу арызын 15-майда берери күтүлүп жаткан.

НАТО (Түндүк атлантикалык аскердик уюм) 1949-жылы АКШны жана Европаны СССРдин таасиринен коргоо үчүн түзүлгөн. Алгач 12 мамлекет кирген, учурда АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30 мамлекет мүчөлүк кылат. Түркия уюмга 1952-жылы кошулган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG