Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

Саламаттык сактоо министрлиги санариптик кызматтары иштебей жатканын билдирди


Саламаттык сактоо министрлиги тармактык жабдууларындагы техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам лабораториялык жыйынтыктарды (ПЧР анализдер) жана эмдөө сертификаттарын берүү боюнча санариптик кызматтар иштебей жатканын билдирди.

Маалыматта министрлигинин бардык платформаларында (ILAB, VC.EMED.KG), Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында жана өнөктөш тиркемелерде (уюлдук операторлор жана банктар) санариптик кызматтардын иштешинде кыйынчылыктар жаралып жатканы айтылат. “Мен COVID-19сыз саякаттайм” мобилдик тиркемеси да иштебей жатат.

Адистер техникалык мүчүлүштүктү жоюуга аракет кылып жатканы айтылат. Учурда ыйгарым укуктуу лабораториялардын колтамгасы жана мөөрү бар, QR коду жок сертификаттарды шашылыш түрдө берүү маселеси каралып жатат.

12-майда Саламаттык сактоо министринин санарип тармагы боюнча орун басары Бакыт Жангазиев кызматтан кеткен. (МТа)

XS
SM
MD
LG