Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 10:40

Иликтөө: Таасирдүү адамдар аралашкан чайыр бизнеси


Баткен: таасирдүү адамдар аралашкан чайыр бизнеси
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:12 0:00

Баткен: таасирдүү адамдар аралашкан чайыр бизнеси

Кирешелүү чайыр бизнеси Кыргызстанда жаңы пайда болду. Бирок Баткенде жергиликтүү эл чайыр алуу үчүн жайыт мыйзамсыз бөлүнүп кеткенин, ага Баткендеги таасирдүү адамдар аралашканын айтып чыгышты.

Ферула же кыргызча аталышы сасык чайыр (кокон чайыр деген да аталышка ээ-ред.) - көп жылдык чөп өсүмдүгү. Кыргызстанда 35тен ашуун түрү өсөт. Индия жана Пакистан сыяктуу Азия өлкөлөрүндө тамак-ашка кошулат, ошондой эле дарылык максатта колдонулат.

Ферула же сасык чайыр.
Ферула же сасык чайыр.

Мындан улам анын 1 килограмм чайыры 30дан 100 долларга чейин бааланып, четке сатылат. Кыргызстанда чайыр бизнесин ким, кантип калкалап жатат? Кыртышы бузулган жайыт үчүн ким жооп берет? Бул суроолорго алдыда жооп издейбиз.

Баткендеги прокурордун аты жаңырган чайыр чыры

Лейлектин Маргун айылындагы тоодо сасык чайырдын жапайы түрү илгертен эле өсөт. Жергиликтүү тургундар буга чейин аны тоют катары колдонуп келген, соңку жылдары оогандыктар чогултуп кете баштаган. Сасык чайырды өстүрүү, чогултуу же колдонуу мыйзам бузууга жатпайт. Бирок бул өсүмдүктү айдоо үчүн Баткен жана Ош облусундагы 3 миңге чукул гектар жайыттын жери кандайча берилип кеткени суроо жаратууда.

Мындан бир жыл мурун “Маргун Кей Джи” деп аталган компания Маргун айыл өкмөтү менен келишим түзүп, 1692 гектар жайыт жерди ижарага алган. Келишимде бул жерге дары чөп эгилери, бирок жердин кыртышы бузулбай турганы жазылган. Маргун айыл өкмөтүнүн башчысы Мухтар Абдухамидов келишимди жайыт комитети сунуштаганын айтып жатат.

Мухтар Абдухамидов.
Мухтар Абдухамидов.

“Келишим айылдык кеңеш аркылуу өткөн. Биз менен түзүлгөн келишимде жер кыртышы бузулбай дары чөп эгилери жазылган. Бирок болбой эле жайытты айдап киришкен. Ошондо эле каршы чыгып, акырында жайытка алып барган жолду казып салганбыз. Бирок ага да карашкан жок".

“Маргун Кей Джи” компаниясы 1692 гектар жайыт жерге соко салып, ага чайырдын уругун чачкан. Өсүмдүк үч-төрт жылдан кийин бышып жетилет. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, компания Улуттук илимдер академиясына, Экология жана техникалык көзөмөл министрлигине кайрылып, алардын уруксаты менен гана чайырды эгиши керек эле. Бирок иш жүзүндө компания жогорудагы мекемелерден уруксат алган эмес.

Министрликтин кызматкери Бекбатыр Бузурманов бул жерде мыйзам бузулганын айтат.

Бекбатыр Бузурманов.
Бекбатыр Бузурманов.

“Баткен облусуна чайыр айдоо боюнча “Кедр” деп аталган бир эле компания кайрылган. Алар 200 гектар жерди колдонууга уруксат сураган. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, жайыт жердин кыртышын бузганга болбойт. Алар жердин бетин мала менен бир сыйра тытып, андан кийин үрөн чачса болмок. Бул жерде мыйзам бузуу болгон. Жакын арада толук текшерип чыгабыз”.

Кыртышы бузулган 1700 гектарга жакын жайыт жер Маргун айылынан 10-15 чакырым алыс жайгашкан. Лейлектеги башка айылдарга караганда төрт түлүктү көп кармаган маргундуктар ал жерге жайы-кышы мал жайышат.

Маргундагы чайыр айдалган 1692 гектар жайыт. Сүрөт 2022-жылы 15-апрелде тартылган.
Маргундагы чайыр айдалган 1692 гектар жайыт. Сүрөт 2022-жылы 15-апрелде тартылган.

Маргундуктар жайыт жердин бузулушуна каршылыгын билдирип, жайытка кеткен жолду казып салганга чейин барышкан. Алар бул маселеге байланыштуу бир нече жолу күч органдарына, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылганы менен эч кандай жыйынтык болгон эмес.

"Айылдагы баш көтөргөн адамдарга кысым болууда. Балдарды суракка алып жатат. Айылдын өйдө жагында жапайы чайыр өсөт. Аны жыл сайын келип топтоп кетет. Ал жерге мал жолотушпайт. Анысы аз келгенсип жайытты казып салышты. Биз ага башынан эле каршы болгонбуз. Азыркыга чейин толук маалымат беришпейт. Айыл мал менен жан багат. Бул жерде андан башка киреше булагы жок", - деди айыл тургуну.

Жергиликтүүлөрдүн кээ бири “Маргун Кей Джи” компаниясынын ошол учурдагы облустун прокурору Нуркамал Набиев менен байланышы болгону үчүн алардын кайрылуулары көз жаздымда калган деп эсептешет.

“Маргун Кей Джи” менен Набиевдин байланышы

Март айынын башында Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы жер чырында облус прокурору Нуркамал Набиевдин ысымы аталып, 26-мартта кызматтан алынган. Ушундай кийин гана Маргундагы 1692 гектар жер боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталганы маалым болду.

Прокуратура “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу” деген эки берененин негизинде иш козгогон.

“Азырынча эч кимдин айыбы угузула элек. Азыр тергөөнүн жүрүшүндө суроо бергенбиз. Келтирилген чыгымды аныктап атам. Бул жерге облустун мурдагы прокурору Нуркамал Набиевдин байланышы да текшерилип жатат", - деди ишти тергеп жаткан прокурор Райымбек Каракожоев.

"Маргун Кей Джи" компаниясына Шамсулла Хабибулла ээлик кылат.
"Маргун Кей Джи" компаниясына Шамсулла Хабибулла ээлик кылат.

“Маргун Кей Джи” былтыр 12-октябрда Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, быйыл 39 миң 290 сом салык төккөн. Анын негиздөөчүсү деп Шамсулла Хабибулла аттуу жаран көрсөтүлгөн. Ал 1995-жылдары Ооганстандан Кыргызстанга көчүп келип, кийин кыргыз паспортун алганы белгилүү.

Теги оогандык Шамсулла Кыргызстандагы беш компанияга ээлик кылат. Алардын бири көмүр казса, дагы бири нават чыгарат. Арасынан “Ассалам” деп аталган компания биздин көңүлдү бурду.

"Ассалам" компаниясына Шамсулла Хабибулла, Набиев Нурлан, Нуманов Нарзулло ээлик кылат.
"Ассалам" компаниясына Шамсулла Хабибулла, Набиев Нурлан, Нуманов Нарзулло ээлик кылат.

Юстиция министрлигинин сайтында “Ассалам” жоопкерчилиги чектелген коому соода-сатык менен алектенери жазылган. Ага Шамсулла Хабибулла, Нуманов Нарзулло жана Набиев Нурлан Бурханович ээлик кылат.

Нурлан Набиев Баткендин мурдагы прокурору Нуркамал Набиевдин бир тууган агасы. Набиевдер менен Шамсулла Хабибулланы байланыштырган “Ассалам” компаниясы 2014-жылы түзүлгөн. Набиевдер 1692 гектар жерге чайыр айдалган Маргун айылынан болорун да айта кетели.

Атын алмаштырган "Маргун Кей Джи”

Жер чырына байланыштуу окуялардан кийин быйыл 22-апрелде “Маргун Кей Джи” компаниясы кайра каттоодон өтүп, аталышын “Ынтымак ЛТД” деп өзгөрттү. Мындан тышкары негиздөөчүсү да алмашып, Шамсулла Хабибулланын орунда Мурзамамытов Үсөн Авытович ээси болуп калган. Ал “Азаттыкка” Шамсулланы тааный турганын, бир нече жылдан бери бизнес кыларын айтып берди.

“Маргундагы чайыр эгилген жер ошол бойдон турат. Биз аны эч нерсе кылган жокпуз. Баткендин прокурору Нуркамал Набиев жана анын туугандары менен байланышым жок. Ал эми Шамсулла Хабибулланы көптөн бери тааныйм. Экөөбүз чогуу иш кылабыз”.

Мурдагы "Маргун Кей Джи" 22-апрелде "Ынтымак ЛТД" болуп өзгөрдү. Экөөнүн ИНН жана каттоо номерлери бирдей.
Мурдагы "Маргун Кей Джи" 22-апрелде "Ынтымак ЛТД" болуп өзгөрдү. Экөөнүн ИНН жана каттоо номерлери бирдей.

Үсөн Мурзаматытов компаниянын атын эмнеге өзгөрткөнүн, прокуратура иликтеп жаткан учурда аны эмне себептен өзүнө каттатып алганын түшүндүргөн жок.

Биз Нуркамал Набиевдин өзү, анын Шамсулла Хабибулла менен иш кылган бир тууган агасы Нурлан Набиев менен байланыша алган жокпуз. Алардын пикирин коомчулукка угузуу үчүн микрофон сунууга даярбыз.

Араван: Депутат менен аткаминердин тиреши

Чайырга байланыштуу чыр Оштун Араван районунда да чыкты. “Вайт Стоун Компани” төрт айыл өкмөттүн аймагынан 1000 гектар жерди ижарага алган. “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Арген Нуров окуя болгон жерге барганда 1000 гектар жерге чайыр эгилип, мал-жандык кирбесин деп айланта аң казылганын көргөн.

Облус бийлиги Аравандагы жер ишкерлерге мыйзамсыз берилгенин, чайыр же ферула деп аталган өсүмдүктү эгүүгө уруксат берилбегенин билдирген.

Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов мындай деген:

Данияр Жаныкулов.
Данияр Жаныкулов.

“Биз эмнеге мыйзамсыз деп жатабыз. Бир дагы мамлекеттик органдардын уруксат кагазы жок. Ал жерге ферула эгеби, апийим эгеби же башка чөп өсөбү, эч ким билбейт. Жөн эле ишкер келет, дары чөп өстүрөт деп туруп, бирок ал чөп эмне чөп, адамдарга, жерге таасирин тийгизеби же жокпу эч нерсе жок. Өзүм билемдик менен келишим түздүрүп салган. Экинчиси, ал жерлердин жарымы жайыт, жарымы кайрак жерлер. Жерлердин өзүнүн категориясы бар. Мыйзам менен бекитилген. Аны өз алдынча өзгөртүүгө эч кимдин укугу жок”

“Вайт Стоун Компаниге” да теги оогандык, кыргыз жараны, ишкер Шамсулла Хабибулла ээлик кылат. Компания “Маргун Кей Джи” сыяктуу эле 2021-жылы түзүлгөн. Чайыр айдалган 1000 гектар жердин 300 гектары Алля-Анаров айылына тиешелүү. Жерди ижарага алып жатканда айыл өкмөттү Жалалидин Нурбаев жетектеп турган. Азыр ал Жогорку Кеңештин депутаты. Ал Данияр Жаныкуловдун сөзүнө мындай жооп берди:

"Баары эле жайыт эмес ал жерде. Ал жердин кыртышын бузду деп жатат. Ал жерде эч кандай жер кыртышы бузулган жок. Биздин Кыргызстанда эле өсүп жүргөн ферула. Болгону жапайы өсүмдүктү кол го өстүрө турган кылып жатабыз. Мунун үч түрү бар. Алар жол четинде, талаа кыркаларында эле өсөт. Инвестордун дарылык касиетине ылайык агротехникалык жол менен алам деген ниети бар”.

Акыркы учурда депутат Нурбаев менен президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов чайыр бизнесинен улам кайым айтышкан.

“Вайт Стоун Компанинин” юридикалык дареги Ош шаарындагы Нариман айыл өкмөтү, Жийделик айылында деп көрсөтүлгөн. Бирок “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы ал жерде компаниянын кеңсе же имаратын таба алган жок.

Жогоруда баяндалгандай, Баткен жана Ош облусундагы 2700дөй гектар жайыт жерге чайыр алуу үчүн ферула өсүмдүгү эгилди. Тиешелүү органдар бул иште мыйзам бузуу болгонун айтып жатышат. Бирок териштирүү жер кыртышы бузулуп, гектарланган жер айдалгандан кийин башталды. Ал эми ферула түшүмүн үч жылдан кийин берет. Андан ким кандай пайда көрөрүн азырынча айтуу кыйын.

"Төрт айда 500 миң сом тапса болот"

Жогоруда айтылгандай Баткенде феруланын жапайы түрү башынан эле өсөт. Аны май-июнда тамыры сүттөп турган маалда казып башташат. Азыркы учурда Баткенде чайыр чогултууга чакырган жарнамалар көбөйдү. Алардын биринде Зардалы айылы тараптан төрт ай иштеп, 250-500 миң сомго чейин пайда көрсө болору жазылган.

Баткен районундагы Жаңы-Жер айылынын тургуну Кубанычбек Шарипов чайыр чогулткандар боюнча буларды айтты:

"Эки-үч ай тоодо жашап, иштеш керек болот. Сени алып барган адам чайырдын килограммына миң сомдон берет экен. Өздөрү 7 миң сомдон башка өлкөгө сатарын угуп калам. Бул ишти өйдө жакта таанышы бар адамдар кылып жатышат. Жөнөкөй адамдар чогултканы эле барышат. Жумушу оор. Күндүн аптабында үч-төрт ай тоодо жүрүш оңойбу?".

Баткендеги чайыр чогултууга чакырган билдирүү. Сүрөт Ватсап тайпалардын биринен алынды.
Баткендеги чайыр чогултууга чакырган билдирүү. Сүрөт Ватсап тайпалардын биринен алынды.

Баткендин тоолорунан өсүмдүктүн жапайы түрүн чогултуп, аны кошуна өлкөгө сатуу учурунда кармалгандар дагы жок эмес.

2021-жылы 6-сентябрда Тажикстандын атайын кызматы Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын тургунун кармап, жанынан 100 килограмм чайыр алынганын билдирген. Анын килограммы 30-100 долларга чейин бааланары белгилүү.

Улуттук иликдер академиясынын бөлүм башчысы Кайыркул Шалпыков ферула маселеси боюнча мындай деди:

Кайыркул Шалпыков.
Кайыркул Шалпыков.

“Биз чайыр маселесин иликтегени Баткенге, Ошко барып келдик. Азыр анын аянтын эсептеп жатабыз. Чайырды казууга тыюу жок. Бирок аны туш келди каза берген да болбойт. Анткени жаратылышка зыян келип жатат. Мунун жол-жобосун иштеп чыгып, чектөө киргизүү керекпи дейм. Ошол эле учурда чайырдын жергиликтүү уругун эгип, андан пайда көрсө болот. Бирок чет жактан башка урукту алып келип, жайыт жерлерди бузуп айдаганга болбойт. Менин байкашымча, азыркы учурда Ооганстандан урук алып келүүгө аракеттер болуп жатат. Анткени феруланын ал түрү кымбат сатылат. Бул мыйзамга каршы келет. Кандай болгон күндө дагы илимий жагын иликтеш керек”.

Чайыр бизнеси кошуна Тажикстан менен Өзбекстанда мыйзам аркылуу жолго коюлган. Өзбекстандын алдыдагы беш жылда ферула плантацияларын 30 миң гектарга чейин кеңейтип, чийки чайырды иштетип, даяр продукцияны импортоо планы бар. Бул тармакка инвестиция тартып, илгерилетүү жөнүндө тиешелүү буйрукка президент Шавкат Мирзиеёв быйыл 27-апрелде кол койгон.

Тажикстанда ачыкка чыккан маалыматка таянсак, чайыр бизнеси менен президент Эмомали Рахмондун күйөө баласына тиешелүү "Фароз" компаниясы алектенет. Коңшу өлкөдөн феруланы негизинен Индиянын фармацевтикалык компаниялары сатып алат.

OCCRP басылмасы 2018-жылы ачык булактарга таянып, 2015-2016-жылдары Тажикстан Индияга 6,6 тонна чийки чайыр экспорттогонун жазган.

2021-жылы май айында Рахмондун жээни Амриддин Нахшов "Мину Фарм" компаниясынын башчысы Сайед Гиёсовго ферула өскөн жер тилкесин берүүдөн баш тартканы үчүн бычак шилтегени кабарланган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

  • 16x9 Image

    Арген Нуров

    "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG