Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:13

Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгына арналган форум өттү


Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгына арналган форум өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага окмуштуулар, илим жана маданият ишмерлери, жогорку окуу жайлардын студенттери катышты.

14-майда саат 10:00до "Ала-Арча" көрүстөнүндө Түгөлбай Сыдыкбековго багышталып куран окулат.

Быйыл Сыдыкбековдун 110 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленет. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жазуучунун китептерин санариптештирүү, жеке буюмдарын сактоо үчүн өзү жашаган үйдү музейге айлантууга көмөк көрсөтө тургандыгын билдирген.

Түгөлбай Сыдыкбеков 1912-жылдын 14-майында Ысык-Көлдүн Түп районунда туулган. "Күрөш" деген алгачкы жыйнагы 1933-жылы жарык көргөн. Жазуучу “Биздин замандын кишилери”, “Зайыптар”, “Тоо балдары”, “Тоо арасында”, “Көк асаба” романдарынын автору. "Манас" эпосун изилдөөгө жана басып чыгарууга көрүнүктүү салым кошкон. Орус классиктеринин чыгармаларын кыргызчага которгон.

Түгөлбай Сыдыкбеков СССРдин III даражадагы Сталиндик сыйлыктын лауреаты болгон. Ага эгемен Кыргызстандын тарыхында эң алгач Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG