Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:52

Улуттук көркөм сөздүн аскар тоосу


Кыргыз Республикасынын Баатыры, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков (1912 – 1997).

Түгөлбай Сыдыкбековдун социализм заманында жалпы союздук сый-урматка арзыган “Биздин замандын кишилери” романынын чыгыш тарыхы кызыктуу.

“Контрреволюциялык роман”

Чыгарманы автор 1943-жылдын 1-январында баштаган.

“Оюмда китепти бүт жазып бүтмөйүнчө үзүндүсүн басмага берейин деген эмес элем. Бирок бала ыйлап, жар кыйналгандыктан бир чоң үзүндүнү журналга бастырууга туура келди”, - деп жазган автор катуу сынга кабылган чыгармасынын жаралыш тарыхын эстеп отуруп.

Жарыкка толук чыга элек романдын кол жазмасы катаал сынга кабылган, гезитке бирөө “Разве это люди наших дней” деп балчайган суроо белгисин коюп ийин куушурса, экинчиси Т. Сыдыкбеков “совет өкмөтүнө каршы”, “кулактардын муңун бөлүшкөн”, “контрреволюциялык роман”, аны менен эле тим болушпай “Сыдыкбеков өзү партияда жок, ошондуктан анын өзүнүн ниети бузук” деген өңдүү саясий айыптар жаап, окуя опуртал өңүткө көчкөн, чоң талаш башталган.

Романды талкуулаган чогулуштарга автору барбай койсо, каршылаштары “турмуштан артта калган”, “саясий сабатсыз”, “жадагалса чогулушка да келбейт” деген айыптоолорду ойлоп табышкан.

Архив сүрөт.
Архив сүрөт.

Жагдайдын татаалдашып баратканын сезген айтылуу журналист, жазуучу Калим Рахматуллин романдын сөзмө-сөз котормосун жасоону өзүнө алган. Кургак учуктан азап чегип, сөөгү эле калган ошол боорукер адам кол жазманын эки бөлүгүн орусчага оодарган. Өкүнүчкө, жооптуу ишти аягына чыгарууга буямасы келбей төшөк тартып калганда кийинки бөлүктөрдү Абушахметов бүтүрүп, котормо Москвага жөнөтүлгөн. Эчен тоскоол, кыйынчылыктарга карабай романдын орусча котормосу 1948-жылы Москвадан жарыкка чыгып, бир жылдан кийин Фрунзеде кыргызчасы жарыяланган.

Роман ошол кездеги совет адабиятынын мыкты делген чыгармаларына ыйгарылчу Сталиндик сыйлыктын экинчи даражасына көрсөтүлүп, Кыргызстандан чоң борборго жөнөтүлгөн толгон арыз, сындардын айынан үчүнчү даражадагы сыйлыкка илинип, Кыргыз совет адабиятынын чыгармасы жалпы союздук үлкөн сый-урматка татыган.

Кандайынан келгенде да бул окуя Кыргыз совет адабиятынын жалпы союздук кадыр-барк күтө башташынын далили болчу. Кыргыз романчыларынын дарканы Түгөлбай Сыдыкбеков улуттук көркөм сөздүн аскар тоосу экени, тоо деген эч качан бөксөрбөстүгүн, аскасы асман челип сынын бузбай тура берерин кийинчерээк жазуучунун белгилүү мааракесине арнап жазган макаласында Чыңгыз Айтматов белгилеген.

Ал киши андай ополтоо мактоону калам кармагандын баарына эле арнай берчү эмес. Тарых менен тагдырдын эчен шамалы, күркүрөгөн бороону каптаса да кебелбей, адамдык, сүрөткерлик баркын бекем сактаган эли, эне тили үчүн үчүн баарына кайыл болгон баатыр сүрөткер бийик мактоого татырлык инсан эле.

Сыдыкбеков таануучулардын ырасташынча, анын каламынан чыккан адабий мурасынын көлөмү 850 басма табакка жетет, толук чыгармалар жыйнагы 35 томду түзөт. Сандык жагынан алганда кыргыз профессионал адабиятында ага теңдешер сүрөткер жок.

Жазуучу жубайы Асылгүл менен Арстанбек, Аскарбек, Сабырбек аттуу үч уулду жана Динара аттуу кызды тарбиялап чоңойтушкан.
Жазуучу жубайы Асылгүл менен Арстанбек, Аскарбек, Сабырбек аттуу үч уулду жана Динара аттуу кызды тарбиялап чоңойтушкан.

Талашка түшкөн роман

Каламдаштарынын ачык-тымызын тосмолоруна карабай Москвадан кыргызчасынан мурда чыккан “Биздин замандын кишилери” романынын жолун бууган тоскоол кийин 60-жылдардын аягында жазуучунун “Көк асаба” тарыхый романына жасалды.

Бул ирет республикадан адилеттик таба албаган автордун Москвадан колдоо издөөгө буямасы келбеди, анын үстүнө чыгарманын жарыкка чыгышына бут тоскондордун анабашында Кыргызстан компартиясынын жетекчиси өзү турду. Тирүү классиктин романынын айланасындагы талаш-тартыштар, көрүнөө-көмүскө тоскоолдуктар бир топ жылга созулду.

“Басмага жиберилеринде “Көк асаба” алда кимдер тарабынан тымызын кармалды...

“Дубананы урса мазарга ыйлайт” деген накылды кодонмо эттим. Кыргызстан Борбордук партия комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевге романга тыюу салышка эч себеп жоктугун айтып даттанганымда ал киши көз айнегин жылтыратып, мага жоош карап убадасын берди:

"Аксакал, сиздин жазуучулугуңузду партия бийик баалайт. Эски тарыхты жазыпсыз. Тарыхчыларга окутуп көрөлү. Тарых романыңызда туура чагылышса токтоо жок. Үч эле айга уруксат бериңиз,- деп мытырайган үч колун чочойтту. Үч эле айга”, – деп эскерет Т. Сыдыкбеков.

Анан кыйла жылдарга чубалган тоскоолдук башталган. Биринчи катчынын тарыхчылар окуп чыгып жактырса тоскоолдук жок дегени, тек көңүл жубатуу экен. Комиссиядан комиссия, чогулуштан чогулуш чубалып, кол жазманы окуп чыккандардын айрымдары оозеки мактоого алып, каадалуу жыйындарда башкача айтып, чыгарманыны чыгышы кечеңдегенден кечеңдеп, анын айланасында ар кыл кептер, аныгы менен апыртмасы аралаш сөздөрдүн күнү тууйт.

Башында тарыхчылар комиссиясынын чыгарманы басууга сунуш кылганы айтылып, анысы республика жетекчисине жакпай, окуп чыккандарга “пикириңерди өзгөрткүлө” талабы коюлганы дайынга чыгат. Борбордук комитет романдын тагдырын чечүү маселесин Кыргызстан Жазуучулар союзуна тапшырат.

Жазуучунун эскерүүсүнө караганда, тарыхый роман тууралуу каламдаштар арасында ар кыл пикирлер айтылган. БКнын маданият бөлүмүнүн башчысы авторго “романыңызда эскини мактоо бар” деп, чыгарманы мактаган тарыхчылар пикирин кагаз жүзүндө жазып берүүдөн тайсалдап жатканын билдирген.

Борбордук комитеттин идеологиялык маселелер боюнча катчысы Кеңеш Кулматовдун кабинетинде роман талкуусу өтүп, ага бир топ кишилер катышат. Баягы эле “эскини идеализациялоо” деген кине дагы кайталанып, романдын кол жазмасын окуп чыкканы да, “окубаса да оюн айткысы” келгени да өйдөтө отурган кишинин кабак-кашын байкап коркуп отуруп калат. Айтса, ошол жыйында БКнын илим-билим чөйрөсүн тейлеген парткызматкер Кыргыз илимдер академиясынын президентине “жолдош Гитлер” деп кайрылып албаспы.

Мындайды жаза кетирбеген даркан жазуучу: “Аа, ак дил коммунисттер деп калыс пикир күтсөм, мында Гитлер да бар тура”,-деп ордунан козголуп жөнөй береринде отургандар жаалап, сыртка чыгарбай алып калышкан экен.

Бул эми 1975-жылдын 22-декабрындагы окуя. Ошол партиялык кабинетте беш жылдан бери бөгөттө калган “Көк асабанын” жолу биротоло жабылды. Талашка түшкөн романдын кол жазмасын окуп чыккандар саналуу эле, көпчүлүгү идеологиялык айыптуу болуп калыштан коркуп, чыгарма тууралуу бир бүтүм, так жыйынтык чыгаруудан тайсалдап, канча мээнет, илгери үмүт менен жазылган роман жыйырма жылга жакын убакыт жарыкка чыкпай, “зыяндуу чыгарма” катары кармалып келди.

Түгөлбай Сыдыкбековдун эскерүүсү:

“Барыдан өкүнүчтүүсү ойдогудай иштеп жаткан “Жортуул” романын иштей албай калдым. Ушак-айыңга жооп этип: “Сыр ачуу”, “Курбулар”, “Ыманбай пейили” сыяктуу романдарды, “Жолду” аңгеме-повесттерди, ыр, поэмаларды иштеп, көңүл көтөрүп ден соолугумду сактадым. Арамза кесел паркинсонизм калтыратып күчтөн тайыбаганда “Жортуул”, “Сүйкүмдүү киши” деле көңүлдөгүдөй көз жармак”.

Кийинки романдары Түгөлбай Сыдыкбеовдун азыркы турмуш темасына арналган туундулары. Бул анын “Сыдыкбеков тарыхты гана жазып алды, ал азыркы турмушту билбейт” деген кинелерге берген жообу болчу.

Жазуучу “Көк асабаны” жазууда үч негизге таянганын, тарыхый маалыматка, “Манас” баштаган оозеки чыгармачылык, санжырага, анан элдин руханий дүйнөсү шыкак бергенин белгилеген. Угуз кандын, Култегиндин жүрүштөрү кадимкидей көз алдыма даана элестеп, аларды көрүп тургандай жаздым, кийин Юлий Худяковдун “Енисейлик кыргыздар” эмгегин окуганда иликтөөнүн соңунда берилген жүрүштүн схемасын көргөндө “тааныш схема” кайдан мында жүрөт деп кубанганын атайын белгилеген жайы бар.

Жабыкта калган каттар

Арийне, көөнө кыргыз тарыхын козгоо, “улуу кыргыз дөөлөтүнүн” трагедиялуу учурун көркөм баяндаган чыгарманын партиялык цензура, идеологиялык кысым шартында чыгышы мүмкүн эмес эле. Ошон үчүн чыгарманы окубаган айрым каламдаштары менен партиялык аткаминерлер “Көк асабаны” идеялык зыяндуу чыгарма катары сыпатташкан, роман каадалуу жыйындарда такай сындалып келди. Ага Т. Сыдыкбеков чөгүп калбастан, азыркы заман темасына арналган чыгармаларын жазууга киришкен. 70-жылдардын башында улуттук каада-салт, маданият, тил маселелерин козгоп жергиликтүү партиялык жетекчилерге кат менен кайрылган. Ал каттары кийин горбачёвдук “кайра куруу” тушунда басма сөзгө жарыяланды, “Жабыкта жаткан төрт катта” коммунисттик идеологдордун кыжырын келтирчү биртоп маселелер козголгон.

Түгөлбай Сыдыкбеков кыйла эле татаал жазуучулук жолунда эчен кырчылдашкан саясий талаш-тартыштарды башынан өткөргөн. Ал жаңыдан адабиятка аралашып жаткан кезде идеялык күрөш күркүрөп күчүндө турган, кылт эткендин башы кетип, жакындары куугунтукка алынчу. Көркөм дүйнө жаратуучулардын жазгандарынан кадалып ката издөө адабият асманындагы “сур булут” таркагыча токтолбоду. Албетте, “Көк асаба” алдагыдай “эрежеге” сыя бербеген, сюжеттик негизи байыркы кыргыз тарыхына арналган роман. Чыгарма турум-турпаты менен коммунисттик идеологдордун карапайым калктын кулагына эринбей куюп келген апыртма кебинин калптыгын, 1917-жылкы социалисттик ыңкылапка чейин эле кыргыздын мамлекети, көөнө салты, байыркы тарыхы, коңшу уруу, элдер менен мамиле-катышы болгондугун ырастап берген. Мунун баарын партиялык идеологдор “эски турмушту көкөлөтүү” деп эсептешкен. Т. Сыдыкбеков тарых менен “Манас” темасына 1968-жылы “Ала-Тоо” журналына жарыяланган көлөмдүү макаласында кенен-кесир токтолгон.

“Албетте, курулган мунаралар, том-том китептер бетинде бул өмүр так жазылып турса, биз – “белен аштын” татымын татып абдан эле кубанычтуу болор элек. Бирок, улуу тарыхтын туңгуюк купуя эрежелери менен эсептеше келгенибизде, биз өз элибиздин баштан кечирген өмүрүнө жеке эле өкүнө бербестен, ага сыймыктанар жагдайлары да аз эмес. Өз кезинде эң маданияттуу болушуп, күчтүү мамлекет курган элдердин кай бирлери кийин майдаланды, ал тургай изин кумга чайытып соңкуларга белгисиз тартты. Кай бирлери тыйпыл жоюлду... Бул кезде Орто Азияда жашаган элдердин эң байыркыларынан болгон кыргыз журту дал ошол тагдыр менен үлүштөш болсо да, ал өзүн сактап, элдик маданиятын сактап, аны чамасы келишинче өнүктүрдү”, - деп жазган.

Жазуучу “Манасты” туюп-билиш үчүн “тээ тарыхтын катмарында дат баскан эң байыркы өмүрлөрдү, эң байыркы окуяларды” таанып, “бабаларыбыздын алп келбеттерин көз алдыга элестетип көрөлүк” дейт. Алар баскан жолду басып, башынан өткөргөн кайгы-муңду сезүү зарылдыгын белгилеген. Муну ал “Көк асаба” романында ишке ашырган. Чыга элек жатып компартия идеологдорунун көжөлгөн каршылыгына кабылган романда көтөрүлгөн маселелерди Т. Сыдыкбеков 1972-жылы Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитети менен партиянын Ош обкомунун катчысы Султан Ибраимовго жолдогон каттарында чечмелеген.

Ош обкомунун катчысы менен даркан сүрөткердин пикир келишпестиги жаш жазуучу Абдимитал Камаловдун “Ящиктеги жүзүм” аңгемесинен улам чыккан. Обкомдогу жыйындардын биринде С. Ибраимов Камаловдун аңгемеси “калыңга жол ачат, элдердин достугуна доо кетирет” деп сындайт. Партиялык кызматкердин жаш жазуучуга идеялык кине тагышы туура эместигин белгилеп Т. Сыдыкбеков авторго көмөк, колдоо көрсөтүш керек деп кат жазган. С. Ибраимов жазуучунун катына жооп бербей, кийин республикалык партактивде экөөнү карандай жемелеп өткөнүн маалымдаган.

“Ак кеңешке союл көтөрүш жеке Султан Ибраимовдун ынтаасы эместиги, “ээнбаш жазуучуну тартипке чакырып коюш” ага тапшырылганы анык болду”,- деп жазган Т.Сыдыкбеков.

“Ээнбаш жазуучу”: “Байыркы элдерден экендигибизди, V – IX кылымдарда эле рун жазуубуз болгондугун, соңку кылымдарда араб тамгасында жазуубуз болгондугун танабыз. Маданий мурастарыбызды баалабайбыз. Орус тамгасына өткөндүктү акташ үчүн эми араб тамгасы жамандала баштады. Бул деле илимге, тарыхка кыйчалыш келген осол көрүнүш” экендигин тартынбай ачык жазган.

Баарынан кызыгы, жазуучунун каты партиянын Борбордук комитетинде сегиз ай кармалып, ага баа берүү тапшырмасы Кыргызстан Жазуучулар союзуна жүктөлгөнү. Көздөгөн иши жүр нарыга салынып, партиялык бюрократиянын түртүндүсүнө айланып калганына нааразы болгон жазуучу кытыгылуу темага кайрылып калыш себебин мындайча түшүндүргөн:

“Чындыкты тике айтчу элем. Мен кандаймын бул күндө деп, өзүмдү өзүм абайласам тымызын сенек болуп баратыпмын.

Тек байкоо сенек-кеселге эм болор эмес. Муун-жүнүмдү тоңдура баштаган көк музду эритмейин сенек-кеселден сакайыш кыйын көрүндү.

Киши өзүнүн ким экенин жазбай таанып: өзүн өзү сындап, турмуштун айдарымына тике бет тоскондо өз дүнүйөсүн муздаткан сенектиктен сакаяры, жүзү жарык болору мени ынандырды.

Айдарымга бет тостум да, Кыргызстан КП БКнын бүйрөсүнө кат жөнөткөм. Катта айтылган маселелер жалпы иштин пайдасы үчүн ак дилде эң этиет эскертилсе да, жетекчи жолдоштор аны кыйгач кабыл алышты”.

Сыдыкбековду түйшөлткөн улуттук маселелер кыргызстандык парттөбөлдөрдү анча деле ойлонтпостугу ошол жыйында билинген. Антсе да БКнын бюро мүчөлөрү катта көрсөтүлгөн бир маселени - кыргыз тили менен адабиятын окутууну жакшыртуу боюнча атайын токтом кабыл алууну чечишкен.

Унутта калган ошол демилге тууралуу Т. Сыдыкбеков: “Кечиримсиз нерсе: “Эне тил жана кыргыз адабиятын окутуунун жолго коюлушу жөнүндө август айында Борбордук Комитет чечим кабыл алмак. Бирок ал жылы да, кийинки августунда да кабыл алынбады”, - деп жазган.

Кыргыз Республикасынын Баатыры, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков (1912 – 1997).
Кыргыз Республикасынын Баатыры, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков (1912 – 1997).

1998-жылы жазуучу Жумабек Медералиев Түгөлбай Сыдыкбековдун адабий мурасынын бир кыйласын чогултуп “Мен миң жыл жашадым” деген үлкөн символикалык маани-мазмуну бар китебин чыгарды. Мына ошол китепте сенек доордо деле айрым батыл сүрөткерлер көзү көргөн акыйкатты ачык айтып, пикир-сунуштарын бийлик башында отургандарга этиет эскертип турганын көрөбүз.

1970-жылдары Т. Сыдыкбеков көтөргөн маселелерге горбачевдук “кайра куруу” заманында кабылдык, тарыхыбызды кайрадан карап, тарых адилеттигин калыбына келтирүү, эне тилибизге мамлекеттик тил макамын берүү зарылдыгы айтыла баштады. Даркан сүрөткер коммунисттик заманда Орхон-Энесай жазууларынан баштап, байыркы кыргыз каганаты, Махмуд Кашгари, Жусуп Баласагын сындуу орток түрк аалымдарынын эмгектерин кыргызчага оодарып, кыргыздардын Түштүк Сибирдеги тарыхын изилдеп үйрөнүү маселесин койгон.

Коммунисттик бийлик ал кезде азыноолок жумшарып калган белем, ачык айткан жазуучуга идеялык айып тагып, катуу куугунтукка алууга даабай, кыйла жылдар жазгандарын жарыкка чыгарбай коюу аркылуу өчүн алган.

Эгемендик келгени Түгөлбай Сыдыкбеков үлкөн коомдук сый-урматка бөлөнүп, мурда жарыяланган чыгармалары жарыкка чыгып, жер-жерлерге аты берилип, эстеликтери тургузулуп, адабий мурасы толугу менен жарыкка чыгып, улуттук таберик катары кенен жайылтылышы керек эле. Кыргызстан өз алдынчалыкка жетишин өзгөчө кубаныч менен кабыл алган даркан сүрөткер улуу сыйга татыктуу болчу. Өкүнүчкө, иш жүзүндө андай иштердин бири да жасалбады.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG