Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Алп кыргыз таануучу 85 жашта


Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов. 21-октябрь, 2016-жыл.
Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов. 21-октябрь, 2016-жыл.

Атпай журтка “Кыргыздар” жыйнагы жана башка мекенчил чыгармалары менен түгөл таанымал көрүнүктүү кыргыз таануучу, Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун 85 жылдык мааракесине карата тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегиндин блогу.

Ар бир нукура айдыңдын көөдөнүндө уялаган аруу ойлор бар. Бирок ошол ой-максатты толук аткарып, өз мүдөөсүнө жеттим деп эсептеген кишилер дегеле болбойт.

“Кыргыздар” жыйнагын алгачкы үч томдуктан 20 томдукка чейин чыгарып (Кыргыздар. Жыйырма томдук / Түзүүчүлөр Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев; редакторлору Т.Асанов, Р.Жолдошов. – Бишкек: Бийиктик плюс, 2019. – Т. 1–20.), дагы эле өз ишин улантсам, бул баалуу жыйнакты 25 томдукка жеткирсем деп талбай умтулуп жаткан Кеңеш Жусупов агайыбызды өз мүдөөсүн улам жаңы сереге чыгарууга жетишкен азыркынын залкар кыргыз таануучусу деп эсептейм.

Кеңеш агай мындан ары да ушул багытта улам жаңы серени көздөй бийиктей беришин тилейбиз. Албетте, агайыбыз “дагы эле эмгегимди толук аткара элекмин” деп санайт, ал эми жалпы улутубуз үчүн Кеңеш агайдын буга чейинки эмгектери эле опол тоодой экендиги шексиз.

Анын эмгектери аркылуу далай муундар агарып-көгөрдү, далай жеткинчектер “мен киммин, менин ата-тегим ким, кыргыз улутунун тарыхый кыйыры жана маданий көрөңгөсү кайсы доорлорго барып такалат?” деген татаал суроолорго ар тараптуу хрестоматиялык жооп таба алды.

Кеңеш агай “ушул гана автордун сөзү чындык” деп таңуулабастан, залкар манасчылардан жана санжырачылардан тартып, орто кылымдардагы руна сымал жазмалар, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари Барскани калтырган маалыматтарды, тарыхчылардан – тээ илгерки Сыма Цянь, Бань Гу, кийинки Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыков, Белек Солтонкелди уулу Солтоноев, Зиябидин Максым Магзуни, Н.Аристов, В.Бартольд, С.Абрамзон, Ө.Караев, Анвар Байтур, Ю.Худяков жана башка айдыңдардын жазган эмгектеринен олуттуу бөлүмдөрдү бирдиктүү жыйнактын текчелерине (ар кыл томдоруна) жыйып, “эми четинен салыштырып окуп алыңыздар” деп сунуштады.

Алардын айрымдары кыргыз тилинде алгачкы жолу К.Жусупов баш редактор болгон “Ала-Тоо” журналында жана, китеп түрүндө, дал ушул жыйнакта гана жарык көрүштү.

Мен, албетте, Кеңеш агайдын өзүнүн жеке көркөм чыгармаларын, сапарнаамаларын, публицистикалык далай макалаларын айтпай койсом да, жогорудагы энциклопедиячыл жыйнактар Кеңеш агайды кыргыз таануу жаатындагы эң жогорку эмгектери үчүн төргө татыктуу кыла алды. (Анын чыгармалары жаатындагы диссертациялык изилдөө: Өмүров, Бактыяр Жанышбекович. Кеңеш Жусуповдун чыгармачыл изденүүлөрү. 10.01.01 - Кыргыз адабияты. Филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациянын авторефераты. – Бишкек, 2014. – 30 бет. - КР УИАсы: Жусуп Баласагын атныдагы КУУ. – (2014-жылы 28-ноябрда Бишкекте КР УИАда корголду. Илимий жетекчиси – академик Абжылдажан Акматалиев).

2022-жылы 14-апрелде 85 жылдык туулган күнүн белгилеп жаткан маараке ээсин “агай” (ханзуларда “лаоши” – “устат”, “мугалим” дегендей) жалпы журт алдында жазып жатканым менен, маараке ээси мен үчүн – өзүмдүн айылдаш жана ырааттуу жол көрсөтүп келе жаткан байкем жана устатым (бирок жалпы журт үчүн жазган ушул блогумда байкемди сыйда гана “агай” деп атай берейин).

Ал Кыргызстандагы Ички Теңир-Тоо аймагында – Нарын облусунун Нарын районуна (мурдагы Тянь-Шань районуна) караштуу Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы кыштагында 1937-жылы 14-апрелде жарык дүйнөгө келген.
Биз Кеңеш агайдын тепкедей айылыбыз тууралуу окуялар кеңири камтылган жана Теңир-Тоонун ажайып тоолуу өрөөндөрүн жана андагы тоолуктарды талбай шөкөттөп сүрөттөгөн чыгармалары менен өсүп чоңойдук, өз турушу менен эле Кеңеш агай айылдыктарына залкар тоодой өрнөк болуп келет.
Быйыл кышында айылга барсам, бир жеткинчек сурап калды: “Кеңеш атамдын чыгармасындагы Акылбек-Кыя каякта, ата?”,- деп.

Мен жеткинчекке Кеңеш агайыбыздын атасы Жусуптун ысымы берилген азыркы жаңы эки кабат имаратты көрсөтүм (Жусуп Иманалиев чоң атабыз тууралуу толугураак маалымат үчүн ушул китепти караңыз: Кабыл Макешов, Жусуп Иманалиев – Биринчи мугалим: Даректүү эскерүү баян. – Бишкек: Турар, 2017).

Мектептен 200 метрдей төмөнүрөөктө эски кыянын изи гана калыптыр. Бийликтер 1970-жылдары Он-Арча суусун тоого аттырып, өйүздөгү тоо боорунан келип, айылыбызды ортосунан жара өткөрүп, кайра бүйүздөгү жонго чыгарып курулган жаңы каналдын нугу менен ал сууну Миң-Булак жана Эмгекчил айылдарынын талааларына жеткиликтүү кылышты.

Дал ошол ири сугат курулушу маалында биз кичинебизде чана тээп ойногон айтылуу Акылбек-Кыя таш-топурак астында калды. Кеңеш байкенин чыгармасы аркылуу гана азыркы тестиерлер айылыбызда Акылбек-Кыя болгонун биздей аталарынын сөзү аркылуу боолголошот. Балким, болочокто дал ушул Акылбек-Кыянын төмөнкү этеги делген жерге чөлкөм таануучулар “Бул жерде Акылбек-Кыя болгон. Ал тууралуу Кеңеш Жусуповдун аңгемесинде баяндалган” деген такта илип коюшаар. Кеңеш агайдын “Карагайчылар” чыгармасы, Жапон жергесине жана Италияга баргандагы саякатнаамалары кыргыз адабиятында сапарнааманын жаңы нугун чаап берген деп санайм.

Кеңеш Жусупов жана Салижан Жигитов.
Кеңеш Жусупов жана Салижан Жигитов.

Ал эми Кеңеш агайдын Түгөлбай Сыдыкбек уулу, Чыңгыз Айтматов менен ага-инилик мамилелери, маркум Салижан Жигитов, Мурза Гапаров, Эсенбек Медербеков, Өскөн Даникеев менен, бүгүнкү аксакалыбыз Кубатбек Жусубалиев, хакас этнографы Астайбек Бутанаев жана башкалар менен достугу тууралуу Каныбек Иманалиев сыяктуу кичүү калемдештери азыр да саймедирлеп айтып келишет.

Кыргыз жазуучулары Кремлде, 1986-жыл. Солдон оңго карай: К. Жусупов, К. Артыкбаев, С. Жусуев, Т. Сыдыкбеков, Ч. Айтматов, З.Сооронбаева, М. Абылкасымова, Т. Касымбеков, М. Мураталиев. Сүрөттү тарткан Н. Кочнев.
Кыргыз жазуучулары Кремлде, 1986-жыл. Солдон оңго карай: К. Жусупов, К. Артыкбаев, С. Жусуев, Т. Сыдыкбеков, Ч. Айтматов, З.Сооронбаева, М. Абылкасымова, Т. Касымбеков, М. Мураталиев. Сүрөттү тарткан Н. Кочнев.

Жакшынын шарапаты дегендей, Кеңеш агай далай кичүү калемдештерине сөз жүзүндө гана өрнөк болбостон, “Ала-Тоо” журналына, “Кыргыздар” жыйнагына аларды чакыруу аркылуу аскар зоодой тирек да болуп берди. Арасында канчалаган акын-жазуучу, адабиятчы, тарыхчы, философтор, саясат таануучулар болду!

Бир ирет, жашыраак кезинде, Кубатбек Жусубалиев агабыз:“Чалдар көбөйдү, аксакалдарыбыз аз эле” деп Түгөлбай Сыдыкбек уулу сыяктуу улуу муундун кадырман өкүлдөрүнө ыраазылык пикирин айткан дешет.

Кыргыз эл жазуучулары Кеңеш Жусупов менен Кубатбек Жусубалиев. 25-декабрь, 2020-жыл.
Кыргыз эл жазуучулары Кеңеш Жусупов менен Кубатбек Жусубалиев. 25-декабрь, 2020-жыл.

Ушунчалык кичи пейил, сырдакана, табиятынан элпек жана карапайым агайыбыз азыркы тапта элибиздин кадырман аксакалы катары төрдө отургандыгы – биз үчүн эбегейсиз зор сыймык. Эми досуңуз Кубатбек экөөңүздөр да Түгөлбай, Чыңгыз аталардын жолун жолдоп келе жатасыздар.
Сиз Кыргыз эл жазуучусу, Экинчи даражадагы "Манас" орденинин ээси болдуңуз. Жалпы элибиз да, элдик ыңкылаптар жана шайлоолор аркылуу улам алмашылган бийликтер да, жалпы түрк элдеринин айдыңдары да сизге терең ыраазычылыгын билдирип келишет.

Уулуңуз Медер да чынчыл, эл жүгүн көтөргөн эр азаматтардан болуп, неберелериңиз шынаарлап келет. Эми ылайым Айгүл жеңе – байбичеңиз кашыңызда болуп, чогуу 110 жашыңыздын сересин карай бакыбаттыкта алга жирей бериңиздер!

Тынчтыкбек Чоротегин, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын профессору, тарыхчы, журналист.

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG