Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:40

Ааламды кучагына сыйдырган замандашым


Тынчтыкбек Чоротегин.

Профессор, публицист, котормочу Тынчтыкбек Чоротегин алтымыштын белине чыкты.

Илгери дербиштердин түнөк жайдагы кумурага сууну толтуруп коймой салты болгон экен.

Себеби, жолоочу эч качан сууга зар болбосун, кокус кумурада суу аз же жок болсо, жай отуруп, акылын пештей албай, ою уйгу-туйгу болуп, санаага батат, жолунан адашат дешчү экен дербиштер. Эгер кумурадагы сууну билим деп түшүнсөкчү? Акыл-эстүү инсан, өзгөчө, окумуштуу адам дайыма билимин толуктап турбаса, же демагогго айланат, же замандан артка калат. Бул жагынан алганда, профессор Тынчтыкбек Чоротегин - чыныгы аалым. Ал өмүрлүк кесиби тарых илиминен башка дагы археология, лингвистика, адабият, топонимика, ономастика, этимология, салаасындагы жаңылыктарга жана адабиятка астейдил көз салып, коомчулукка тиги же бул ачылыштар тууралуу кабарлап, өз пикирин жарыя айтып, кесиптештери, түркүн көз караштагы замандаштары менен талкуулап турганды жактырат.

Демейде киши өмүрүн жасаган иштерине карап бааланса, окмуштуулардын жетишкен бийиктиги илимий эмгектери менен өлчөнөт. Бул жагынан алганда биздин юбиляр – кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхын изилдөөдө абдан жемиштүү иштеди. Мындан ары да чачыладай чачылбай, Кыргыз тарыхы үчүн орчундуу изилдөөлөрүн жүргүзө берерине бекем ишенем.

Уңгу сөздөн улаган

2017-жылы басмадан чыккан “Махмуд Кашгари Барсканинин “Дивану лугати т-түрк” эмгеги түрк элдеринин тарыхы боюнча көөнөргүс булак” – Тынчтыкбек Чоротегиндин эң маанилүү илимий монографиясы.

Тарыхчы аалым бул изилдөөгө адеп 1983-1985-жылдары Өзбекстан Илимдер академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда стажировкада жүргөндө бел байлаган. Бул максатта эки жыл ичинде араб жана түрк тилдерин, ошондой эле өзбек жана уйгур тилдерин үйрөнөт.

Ушул эле институтта аспирантурадан окуп жүрүп, Махмуд Кашгаринин көөнөрбөс мурасына тиешелүү макалаларды байма-бай жарыялай баштайт. 1990-жылы “Махмуд ибн Хусейин ал-Кашгаpи жана анын “Түpкий тилдеp сөз жыйнагы” өзүнчө китеп болуп басылып, жети жылдан соң кеңейтилип “Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын “Дивану лугати т-түрк” сөз жыйнагы: (1072-1077)” деген ат менен чыгат. Ошондуктан Махмуд Кашгари Барсканинин “Дивану лугати т-түрк” эмгегине арналган акыркы монографиясын окумуштуунун дээрлик 30 жылдык талыбаган изилдөөсүнүн жыйынтыгы деп айтсак болот.

Профессор Чоротегин монографияда “Дивану лугати т-түрктү” түпкү арабча текстинен тышкары анын түркчө, англисче, өзбекче, уйгурча, казакча, орусча, азербайжанча котормолоруна да салыштырып иликтеген. Бул тилдерде “Дивану лугати т-түрк” боюнча чыккан көп сандаган изилдөөлөрдү кылдат талдап, Махмуд Кашгари Барсканинин өлбөс эмгегин 1072-1077-жылдары жазган деген көз карашты тастыктаган.

Ошентип, тарых илимдеринин доктору Олжобай Каратаев баамдагандай, XI кылымга таандык улуу мурасты буга дейре изилдеген аалымдардан Тынчтыкбек мырзанын өзгөчөлүгү биринчиден, Махмуд Кашгари Барсканинин китебинин жалгыз көчүрмөсүнүн түп нускасын адис катары окуй билгенинде болсо, экинчиден, "Сөздүктү" тарыхый-лингивистикалык, энциклопедиялык булак катары тастыктаганында. Анан да эң башкысы - "Сөздүктөгү" маалыматтардын негизинде биздин Теңир-Тоо аймагы жана ага танапташ жайгашкан региондордогу Карахандар доорундагы этно-социалдык, этностук абалды сүрөттөп жазган бирден бир орто азиялык тарыхчы окумуштуу болуп эсептелет.

Бүгүн өлкөдө илим да, илимий даража да ар кандай эпчилдердин айынан кунун жоготуп бараткан шартта, Тынчтыкбектей мырзалардын илимпоздук - зайытчылык иштеринин баасы ченемсиз. Анткени, “Дивану лугати т-түрк” боюнча изилдөө негизинен илимпоздун өз дасмиясына каржыланып, мамлекет тарабынан монографияны китеп кылып чыгарууга гана акча берилген.

“Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын “Дивану лугати т-түрк” сөз жыйнагы: (1072-1077)” илимий эмгегинде улуу жердешибиздин мурасы, өмүрү, дооруна катар орто кылымдарда Борбор Азияны байырлаган түрк элдери тууралуу түрдүү маалыматтар мол. Ошон үчүн бул баа жеткис эмгек, менин оюмча, республикадагы бардык китепканаларында эле эмес, Ата журтунун тарыхын урматтаган ар бир үй-бүлөдө болушу абзел.

Биздин юбиляр - жогоруда аталган өмүрлүк эмгегинен башка да 6-8 - - класстардын окуучулары үчүн тарых боюнча окуу китебин жазган авторлордун бири. Ошого болочок муун тыш дүйнөнүн жана мекенинин тарыхына байланыштуу базалык билимди Т. Чоротегин жана анын кесиптештери тарабынан даярдалган кыргыз, орус жана өзбек тилдериндеги китептер боюнча үйрөнүшөт.

Куш уйкунун пайдасы – көз кайкыткан бийиктик

Тынчтыкбек мырза жарыялаган макалаларды, калеми тийген же редакциялаган китептердин тизмесине көз чаптырган кишиде: “Мунун баарына кантип үлгүрөт? Деги кишидей болуп эс алабы же иштен колу бошобойбу?” деп таң калары шексиз. Мен өзүм Тынчтыкбек Чоротегиндин (1980-жылдары гезит-журналдардагы макалалары Чороев деген тек ат менен чыккан) алгачкы макалаларын горбачевдук кайра куруу кезинде маал-маал окуп жүрүп, өзү менен 1990-жылдардын башында тааныштым.

Ал эми 2000-жылдын жайынан тартып, “Азаттык” радиосунун Прагадагы баш кеңсесинде чогуу иштеп калдык. (Тынчтыкбек 2003-жылдын башынан 2010-жылдын октябрына чейин кыргыз бөлүмүн жетектеди). Жакшы санаалаштар катары жумуштан тыш убактарды үй-бүлөбүз менен бирге чогуу өткөргөн же саякаттап чыккан күндөр да болду. Ошондо менин байкаганым: Кыргызстан, Орусия, Британия же Түркияга сапарга барган сайын тарыхка байланыштуу китептерди сөзсүз ала келчү. Анан чех тилиндеги китептерди да сатып алып, окуй баштады.

Азамат Алтай жана Тынчтыкбек Чоротегин. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Прагадагы баш кеңсеси. 6-июнь 2003-жыл.
Азамат Алтай жана Тынчтыкбек Чоротегин. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Прагадагы баш кеңсеси. 6-июнь 2003-жыл.

Өзү жаратылышынан үйүрчүл жана дээринен ачык-айрым адам болгондуктан, дасторкон үстүндө чогулуп, чер жазыша сүйлөшкөндү жакшы көрөт. Ошондуктан радионун ар кайсы кызматтарында мамиле күткөн достору да көп эле. Бирок китеп, гезит-журналдарды окуганга, жаңы фильмдерди көргөнгө дайыма убакыт табат.

Кантип дебейсизби? Тынчтыкбекте метродо, автобуста же трамвайда баратып, 5-10 мүнөт куш уйку салып, чырым этип алмай адаты бар. Ушинтип, жолдо куштарчасынан эс алган соң түнкүсүн китеп окуйт, же макала жазат, же кино көрөт же "Фейсбукта" козголгон курч маселелерди окуп, оюн ортого салат. Айтчу сөзүн, идеясын уюткудай уютуп, абдан жеткиликтүү түшүндүрөт. Сындачусун сындайт. Бирок эч качан кишинен керт башына сөз тийгизбейт. Сындап жаткан кишиси жасаган жакшы иштерди жадынан чыгарбай санап, ага сый-урмат менен мамиле кылат. Тынчтыкбекти мына жыйырма жылдан бери билем. Ошондон бери деги эле бирөө жөнүндө жаман сөз айтканын, бирөөнү шылдыңдап же кемсинтип сүйлөгөнүн эшитпедим.

Бул сапатынан улам Тынчтыкбек америкалык саясий ишмер Бенжамин Франклиндин: “Мен эч ким жөнүндө жаман сүйлөбөйм, бирок ар бир адам тууралуу жакшы нерсе билсем, ошонун баарын айтам”,- деген сөзүн көкүрөгүндө тумардай сактайт деп ойлойм.

Талыбаган мээнеткеч

Тынчтыкбек, өзү айткандай, Теңир Тоонун кулуну. Туулган жери Эчки-Башы айылы. Сегиз жылдык мектепти Эчки-Башыдан окуп, 9-10-классты Нарын шаарындагы Токтогул атындагы мектептен окуйт. Колотто чоңойгон боз улан орто мектепте бардык сабактардан беш алып окуйт. Бирок, тааныш-билиштерин алга сүрөп көнгөн чоңдор квотага шылтап, баасын төмөндөтүп, күмүш медаль берип коюшат.

Тынчтыкбек 1986-жылы ошо кездеги абройлуу жогорку окуу жайлардын бири эсептелген Кыргыз мамлекеттик университетинин эң кадыр-барктуу эсептелген тарых факультетине кирет. Бул факультетти бүткөндөрдө комсомолдук жана партиялык карьера жасоо жеңил болот деген түшүнүк ал кезде өтө күчтүү болчу. Муну улуу муундагылар жакшы билишет. Ошон үчүн келечекте чоң мансапка жетүүнү ойлогон идиректүү балдар-кыздар тарых факультетин тандашчу. А тарых факультети азыркыдай туш келди ЖОЖдо эмес, жалгыз КМУда гана бар болчу.

Табиятынан романтик Тынчтыкбекте тарых факультетине кирүү планы үй-бүлөсүндөгү жагдайга (ошо жылы атасынын көз жумганы) жана өзү максат кылгандай алтын медаль берилбей калганга байланыштуу пайда болот. Эгер алтын медаль колго тийсе, өзү эс тарткандан көздөп жүргөн М. Горький атындагы Адабият институтуна бир экзамен менен өтүп кетмек. Жетинчи класстан тарта көркөм чыгармаларды жазып, сегизинчи класста окуп жүргөндө юмордук жана сатиралык аңгемелери мезгилдүү басма сөздө үзбөй жарыяланып жүргөндүктөн, Тынчтыкбектин Москвадагы береги окуу жайдын чыгармачылык конкурсуна жарачу аңгемелери жетиштүү эле. Непада Адабият институтуна кирбей калса, бир жыл убактысы текке кетирмек. Бул өткөн кылымдын 70-80-жылдарындагы жаштар үчүн абдан маанилүү фактор болчу.

Жаңы жагдайда апам ашыкча кыйналбасын деп, Тынчтыкбек КМУнун тарых факультетин тандайт. Мектепте да эң жакшы көргөн сабагы ушул болгон экен.

Менин оюмча, Тынчтыкбектин жазуучу болуу максатына 1960-жылдардын ортосунан ысымы окурман журтка таанылган айылдаш агасы - Кеңеш Жусупов агай катуу себепчи болгондой. Ал эми тарых факультетин тандоосуна, бир жагынан, билимге дилгир уландын адамзаттын өнүгүүсүнө болгон кызыгуусу, экинчи жактан, Токтогул мектебиндеги тарых сабагын аябай кызыктуу өткөн Нуржан Жунусалиева эжеке таасир эткен.

Профессор О.Прицак (1919–2006) кыргыз кесиптеши Т.Чоротегин менен. Киев. 1995.
Профессор О.Прицак (1919–2006) кыргыз кесиптеши Т.Чоротегин менен. Киев. 1995.

Мектепте сабактарды жалаң бешке окуган Тынчтыкбек университетте илим-билимдин арыгын кенен да, терең да казат. Бүт жөндөмүн, дитин, убактысын, өмүрүн өзү байкабай окумуштуу болууга арнаган десем аша кетпейм. Тарыхчы болуу үчүн күнү-түнү жанын сабап аракеттенген.

- Ал бир аз мезгил Вера эжемдин (Редактордон: Вера Алиева- кыргыздын тунгуч архитектор айымдарынын бири) үйүндө жүрдү. Күнү-түнү китеп окучу. Китеп окуй берип, көзү ачылбай калат. Анан кишини көзүн үлбүлдөтүп карап калчу. Мен аны : “Эй, Тынчтыкбек, мынча көп окуба! Ден соолугуңуду карабайсыңбы? Же бир күнү китепти сен көтөрүп кетесиң, же китеп сени көтөрүп кетет”, - деп тамашаласам, күлүп калчу. Ошо мээнети менен орус, араб, англис, түрк тилдерин үйрөнүп алды. Бир жолу экөөбүз Стамбулдан Анталияга учуп бардык. Анталияда арабы менен арабча, түрктөр менен түркчө, англичандар менен англисче сүйлөшүп жатты. Ошондо Тынчтыкты карап, адам өзүнүн эмгеги менен ушунча деңгээлге жетсе болот турбайбы деп ойлодум", - деген эле 2017-жылдын июль айында Тынчтыкбектин жездеси, бир жылдары Улуттук илимдер академиясында эмгектенген Разак Сайдилканов аксакал.

Бүгүн Тынчтыкбек бир нече тилде эркин сүйлөйт. Макалалары англис, немис, түрк тилдериндеги эл аралык илимий журналдарда басылган. Ага карабай, барган өлкөсүнүн тилинде саламдашып, нан-туз сураганды, ыраазычылыгын билдиргенди үйрөнмөй жагы бар.

Өз позициясын бекем тутунган инсан

Тынчтыкбекти өзү сындуу көпчүлүк окумуштуулардан өзгөчөлөгөн бир баалуу сапаты бар. Ал кайсы маселеде болбосун өз оюн ачык, ишенимдүү далилдерге таянып, сыпаа айткандан эч качан качпайт. Адашса адашар, бирок утурумдук саясий конъюнктурага азгырылбайт. Сөзүм куру болбош үчүн кээ бир мисалдарга токтоло кетейин.

2011-жылы өлкө жетекчилиги акылга сыйбаган жүйөлөрдү бетке кармап, чак түштө “Ала-Тоо” аянтындагы Эркиндик эстелигинин постаментин жарымына чейин талкалап, өзүн алып салды. Ошондо профессор Чоротегин “Де-факто” гезитине берген интервьюда, бүгүн жана келечекте да биздин коом үчүн актуалдуу ойлорду ортого салган:

"Эркиндик" эстелигин ордунан алып салгандар, менимче, Манасты сыйлаганы үчүн эмес, анын рухун түшүнбөгөндөн ушундай кадамга барышты.

Шамал кыймылдаса, шаман боло калчулар көбөйгөнү тынчсыздантат. Аял киши түндүк көтөргөнү — тарыхый салтты билбегендик деп айткандарга таң калам. Алардын ыгына койсо, Курманжан энебизди даткалыкка эч жолотушмак эмес окшойт. Очоктун отун өчүрбөй жандырган — Куттуу эне, тукумду уланттырган — Умай Эне дейбиз да, уруш учурунда аялзаты эркек менен жарыша жаа атып, найза кезегенин, оорукта эркек аткарбаган оор ишти жадырап-жайнап аткарганын, тынч турмушта деле күйөөсү кымыз уулап, айлап "дааватчы болуп" жүргөндө тоолук келин өзү эле жаңы жайытка көчүп, чиедей балдарынын көмөгү менен боз үйүн тигип жүргөнүн айткыбыз келбейт...”

"Махмуд Кашгари Барскани чийген картанын бөлүгүнүн кыргызча котормосу. 1997-жыл.
"Махмуд Кашгари Барскани чийген картанын бөлүгүнүн кыргызча котормосу. 1997-жыл.

​Мумияны Баткенге алып барып жайга берүү, Тарых музейиндеги чатак, жаңы алфавит деги коом үчүн, өзгөчө, маданиятыбыз үчүн талылуу маселелерде талкууга сырттан көз салбайт. Маселе боюнча пикирин ачык айтат. Тынчтыкбектин мына ушул сапатынан улам, ал 1990-жылы Бишкектеги азыркы өкмөт үйүнүн алдында ачкачылыкка утурумдук кызыкчылык үчүн эмес, Кыргызстанда демократиялык өзгөрүүлөр болуусун каалап чыкканынан түк күмөн санабайм. Эгер мансапты көздөсө, Кыргызстан Демократиялык кыймылын түптөөгө жигердүү катышпайт эле деп ойлойм. Себеби, ал кезде Компартия али бийлик ээринде бекем отурган.

Бийди шаңына келтирген профессор

Профессор Чоротегиндин көпчүлүк билбеген дагы бир өнөрү бар. Прагалык кыргыздардын биринин кызы күйөөгө чыгып, той өткөрүп калды. Тойканада музыка жаңырып, байге үчүн күч сынашкандар бар билген өнөрүн көрсөтүүдө. Бир кезде биздин Тынчтыкбек ортого атырылып чыкты. Белиндеги кемерине кадимки аш бычакты канжардай кылып кыстарып алган. Буттарын жорголотуп, лезгин бийин бийлеп кирди. Жайнаган коноктор Тынчтык агайынын бийлеп жатканын көрүп, ортону кенен ача берди. Агай эки колун бүркүттүн канатындай жайып, ортого чыга калган аялды жандап бийлеп жатты. Анын белиндеги канжарын өтө чапчаң кыймыл менен оозуна тиштеп, колун жайып чимирилип жөнөгөндө, мындайды профессор агайдан күтпөгөн эл каткыра күлүп, алкан чапканын айтпаңыз. Оюндун кызыгына түшкөн Тынчтыкбек бош столдун үстүнө ыргып чыгып, дасторкон бетиндей аянтта лезгинканы бийлеп, чимирилгенде, зал чындап оюндун кызыгына батты.

Андан кийин да той-тамашаларда, кечелерде, коллегалардын үлпөттөрүндө Тынчтыкбектин музыканын ыргагына термелип, рахаттана бийлегенин эчен ирет көрдүм. Ал той-тамашада эгерим каада күтпөйт. Көпчүлүктүн бири. Ошон үчүн Прагада жашаган кыргыздардын улуу курактагылары Тынчтыкбек деп атынан кайрылса, кичүүлөрү Тынчтык агай деп урматташат.

Көлдөй пейил, тоодой зээн

Тынчтыкбектин жаамы журтта сейрек кездешчү меймандостук сапаты бар. Ал үчүн Прагага кызмат менен же кыдырып келген ар бир таанышы, атүгүл бейтааныш жолоочу мейман. Мейманды кары же жаш, мансабы улук же карапайым бирөө деп ылгабайт: бир убакыт таап, дасторкон жайып, сыйлаш керек. Коноктордун убактысы болсо, Праганы кыдыртат же башка шаарларга алып барат. Керек болсо, дүкөнгө кошо барат. Анан учакка салып, узатып да коёт. Абал башта анын мындай меймандостугун жана тааныш-билиштерине, атүгүл бейтааныш адамдарга болгон ысык мамилесин көрүп: “Элдин баарына кантип түтөт? Кантип үлгүрөт?” деп ойлочумун. Катар жүрүп, мүнөзүн аңдагандан кийин – бул Тынчтыкбектин табияты, адамдарга болгон терең ызааты экенин түшүндүм.

“Берерге бешимде кымыз, бербеске шашкеде саамал” деген макалдын биринчи бөлүгү дал Тынчтыкбектей меймандос жана жайыл дасторкон адамдар тууралуу болсо керек деп ойлойм.

Сөзүм куру болбошу үчүн, бирин – экин өзүм күбө болгон окуяларды да бөлүшө кетейин.

Бир мертебе жаңы жылды бир нече үй-бүлө болуп, биздин үйдө күттүк. Саат түнкү он экини какканда Жаңы Жылды тосуп алып, фейерверк көргөнү сыртка чыктык. Асманды кызыл-тазылга боёп, жер дүңгүрөткөн тарса-турсадан соң, үйгө кирип баратсак, бешинчи кабаттагы немис коңшубуз үч-төрт коногу менен жолугуп калбаспы! Мындайда адамдар бири-бирин “Happy New Year” деп куттуктап, бажыраңдап калышат эмеспи! А Тынчтыкбек үчүн андай формалдуулук жетишсиз! Ошого ал жаңы тааныштарды дасторконго чакырып, кадимки Бишкектегидей сыйлап жөнөттү. Анан да: “Жакшы кылдык ээ, байке” деп бажырайганда, кыргыз элинин мейманына кучагын кенен жайып, бар тапканын алдына жайнаткан мүнөзүн түшүнөсүң.

Анын Праганын Дедина маалесиндеги жана Страшнисе тараптагы батиринде эчен ирет коноктору менен чогуу болдук. Коңшулары менен тааныштык. Бул Тынчтыкбектин элге кучагын жайган кең пейил мүнөзүн көрсөтөт да.

Ушундан улам Тынчтыкбекте стадиондой чоң дасторкону же килейген ак сарайы болсо, жамы дүйнө элин дебейин, дүйнөнүн чар тарабындагы досторун, тааныштарын, урук-туугандарын жана кесиптештерин чогултуп, Ноорузду же Жаңы жылды алар менен бирге тосмок. Башка да кубанычтарын тең бөлүшмөк! Эгер сыйкырчы болсом, Тынчтыкбекке алтымыш жылдык мааракесин утурлай килейген ак сарай куруп бермекмин. Билем, ал да кең пейил, жоомарт жана өмүрү эч даттанганды билбеген илимпоз досум үчүн тар болмок!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG