Линктер

шаршемби, 19-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 09:35

Кыргыз этноними алгач эскерилген окуяларга 2219 жылдай болду


Кыргызча жана ханзуча текст камтылган китептин ханзуча мукабасы. 2014.

Кыргыздын көөнө тарыхы да публицисттин каалоосуна ылайык эмес, фактыларга негизделип такталууга тийиш. Байыркы кыргыз тарыхын бурмалаган жоромолдор тууралуу тарыхчынын кезектеги блогу.

Сөз башы.

Бул чакан күндөлүк макала (блог) жазылбай деле калышы мүмкүн болчу. Мурда бир жоромол жаатында Фейсбук аркылуу гана тактообузду билдиргенбиз.

Бирок жакында интернеттеги бул коомдук тармактан бир жарыяга кабылып, кеңири жамаатка да өз пикиримди тарыхый булактарга таянуу менен маалымдап коюуну эп көрдүм.

Кыргыздын чыгаан жазуучуларынын бири, драматург, биздин досубуз Султан Аким уулу Раевдин бардык чыгармачыл ийгиликтерине сүйүнүп жүрөбүз. Аны достору жана калемдештери эркелетип “Султан Палван” деп да коюшат.

Бирок бул макалабыз досубуз Султандын байыркы кыргыз тарыхы боюнча 2016-жылы Кытайга барып келгенден кийин жарыя кылган “сенсациялык” билдирүүсү жаатында болмокчу.

Анын билдирүүлөрүнүн бирин “Кабарлар.кг” маалымат агенттиги да 2016-жылы 11-мартта (жалган курандын 11инде) сүйүнчүлөп калайыкка шардана кылган. (Сүрөттү караңыз).

Кабар.кг агенттигинин маалыматы. 11.3.2016.
Кабар.кг агенттигинин маалыматы. 11.3.2016.

Султакенин башкы жаңылыгы “Кытайда биздин заманга чейинки 525-жылы байыркы кыргыздар тууралуу эскерилген кытай тилиндеги жазмалар табылды” деген сенсациялуу кабар болду.

Демек, б.з.ч. VI кылымда, башкача айтканда, мындан дээрлик 27 кылымдай мурда эле кыргыздар ханзу жазмаларында эске алынган экен!

Байыркы кыргыздар тууралуу окуу китептерди жарыялап жүргөн жана жаңы китеп долбоорун даярдап жаткан мен үчүн да бул кабар капысынан көктөн күн күркүрөгөндөй эле болду.

Албетте, мен Фейсбукта бул сенсациялуу кабардын чоо-жайын үйрөнгөн соң, 2016-жылы эле аны жокко чыгарган пикир жарыялаган болчумун, бирок аны окурмандардын басымдуу көпчүлүгү окуган эмес экен.

Анын далилдеринин бири — Султаке шардана кылган жогорудагы кызыктуу кабарды андан эки жыл өтсө да айрым окурмандар калайыкка жандуу таркатып келишет. “Фейсбукта”, маселен, Улугбек Карымшаков бул кабарга шектене карайт да, “кандай деп ойлойсуздар, ушул макалага ишенүүгө болобу, деги? Мен бул китепти азырынча көрө элекмин. Аны которушту бекен, же жокпу, азырынча андан кабарым жок” (“...как вы думаете можно верить этой статье? я эту книгу еще не видел и перевели ее или нет пока не знаю.”. — 30.3.2018), — деп жазды.

Султан Раевдин ханзу жазмаларында кыргыздар б.з.ч. 525-ж. карата эскерилген деген жоромолун талкууга сунуштаган пикир. Улугбек Карымшаков. 30.3.2018.
Султан Раевдин ханзу жазмаларында кыргыздар б.з.ч. 525-ж. карата эскерилген деген жоромолун талкууга сунуштаган пикир. Улугбек Карымшаков. 30.3.2018.

Улугбек Карымшаковдун "Фейсбук" коомдук тармагындагы "Кыргыздар жана Теңир-Тоолуктардын тарыхы" барагына чыккан бул жарыясы окурмандар чөйрөсүндө талкуу жаратып, ага ар кыл пикирлер жазыла баштады.

Маселен, Айнура Ишеналиева бул китепти Кыргызстанда тезирээк эле жарыялашса экен, - деген мыйзамдуу каалоосун билдирген.

"Фейсбуктагы" ар кыл пикир-сунуштар. 30.3.2018 жана андан кийин.
"Фейсбуктагы" ар кыл пикир-сунуштар. 30.3.2018 жана андан кийин.

Тарыхчынын тактоосу

Эми бул “сенсацияны” четке каккан жагдайларга толугураак кайрылалык.

Ошол эле 2016-жылы жазында мен Султакеге жолугуп, ал Кытайдан ала келген китепке кызыктым.

Аны колго алып, караар замат Султакеге Кытайдагы котормочулар жаңы китепти ага берээрде бул китептин мазмунун туура эмес которуп койгон го деп айттым, себеби ошол эле китептин өзүндө текст эки тилде жарыяланган.

Аны сол жагынан (азыркы кирил жана латын жазмаларындагыдай кылып) ачсаңыз, кытай (ханзу) иероглифи менен текст кетет. Бул жагына “тишим өтпөйт”, ханзуча билбейм.

Мына бул сүрөттө китептин ханзуча мукабасы берилген:

Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар / Башкы түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун уулу. — Үрүмчү, 2014. — Китептин ханзуча мукабасы.
Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар / Башкы түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун уулу. — Үрүмчү, 2014. — Китептин ханзуча мукабасы.

Бирок китепти аңтара калсам эле, оң жагынан ушул эле тексттин кыргызча котормосу реформаланган кыргыз арап алфавитинде жарыяланган экен. Кубанганымды жашырбайм.

Кытайлык кыргыздардын дал ушул реформаланган арап алфавити жаатында кыйла жылдар дарс окуган жана көмөкчү окуу куралын жарыялаган адис катары мен китепти оң жагынан барактай баштадым.

Мына, китептин кыргызча (арап алфавитинде) жазылган мукабасы.

Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар / Башкы түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун уулу. — Үрүмчү, 2014. — Китептин кыргызча мукабасы.
Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар / Башкы түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун уулу. — Үрүмчү, 2014. — Китептин кыргызча мукабасы.

Талкууга алынган китептин библиографиялык сыпаттамасы төмөнкүдөй:

Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар / Башкы түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун уулу; Жооптуу редактору Маметкары Абдыкерим уулу, Ойингова. — Үрүмчү: Шинжаң эл баш басмасы; Шинжаң эл басмасы, 2014. — Улуттук жазуудагы басылмаларды атайын колдоо корунун көмөк түрү. — 670 бет (кыргызча арап алфавитинде) +349 бет (ханзуча, иероглифте). — ISBN 978-7-228-18127-8.

Бул китепте көөнө кыргыздар тууралуу эң байыркы маалымат камтылган жазма булак — бул айтылуу “кытай тарыхынын атасы” Сыма Чийандын (орусча Сыма Цян) “Тарыхый жазмалар” (“Ши цзи”) чыгармасы экен.

Анын 110-орому “Хондор (Хундар) санжырасы” деп аталат (сөз кылынып жаткан китептин кыргызча бөлүмүндө 6-44-беттерде жайгаштырылган).

Китептин мазмунун караңыз.

Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар / Башкы түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун уулу. — Үрүмчү, 2014. — Китептин кыргызча мазмуну.
Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар / Башкы түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун уулу. — Үрүмчү, 2014. — Китептин кыргызча мазмуну.

Бул кытайлык текстти кыргыз тилине белгилүү кытайлык кыргыз илимпозу, профессор Мамбеттурду Мамбетакун уулу которгон.

Мамбеттурду Мамбетакун уулу мырза Шинжаң педагогикалык университетинин профессору жана "Шинжаң "Манас" изилдөө борборунун жетекчиси катары жалпыга маалым. Бул жыйнакка ал илимий редактор катары кылдат мамиле кылган.

Профессор Мамбеттурду Мамбетакун уулу. 24.10.2015.
Профессор Мамбеттурду Мамбетакун уулу. 24.10.2015.

Талкууланып жаткан баалуу китептин кыргызча бөлүмүнүн 10-бетинде жарыяланган Сыма Чийандын маалыматына толук шилтеме кылалык:

“0012 – Кийин Багтуг түндүктө гунро, кутча кычак, деңлең, кыргыз, сенле элдерин багындырган. Ошону менен хон ак сөөктөрү жана улуктары Багтуг теңиркутка өзгөчө баш ийип, аны билги деп эсептешкен”.

(Котормо өзгөртүүсүз берилди. — ТЧ).

Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар / Башкы түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун уулу. — Үрүмчү, 2014. — Б. 10. Сыма Чийан кыргыздар тууралуу.
Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар / Башкы түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун уулу. — Үрүмчү, 2014. — Б. 10. Сыма Чийан кыргыздар тууралуу.

Мындагы Багтуг теңиркут – бул хундардын өкүмдары, анын ысымын орусча адабиятта Модэ (Маодунь) шаньюй деп жазып келишет.

Ал б.з.ч. 234-174-жж. аралыгында жашаган жана б.з.ч. 209-жылдан өмүрүнүн соңуна чейин көчмөн Хун дөөлөтүнүн теңир-куту (падышасы) болгон. Анын атасы — Түмөн (орусча Тоумань) теңиркут.

Кыскача жыйынтыктасак, байыркы ханзу жазма адабиятында байыркы кыргыздар тууралуу эң эски маалымат — бул Сыма Чийанга таандык маалымат.

Мындан 16 жыл илгери (2002-жылы) кыргыз этнониминин жана кыргыз мамлекетинин 2200 жылдыгын расмий белгилеген учурда, кыргыз илимий жамааты Сыма Чийандын дал ушул маалыматына негизделген.

Ал эми Сыма Чийандан кийинки ханзу тарыхчысы Бан Гу калтырган маалыматка таянып, азыркы изилдөөчүлөр көөнө кыргыздар Чыгыш Теңир-Тоодо, Манас дарыясынын аймагында байырлашкан деп бүтүм чыгарышкан.

Биз да ушул бүтүмдү колдоп келебиз (кыргыздардын көпчүлүгү Теңир-Тоодон Энесайга б.з. V кылымда гана жуан-жуандардын кысымы менен журт которууга аргасыз болгон. Алар VI кылымда - XIII кылымдын башында Эне-Сайда жана Ички Азиянын айрым аймактарында Кыргыз каганатын курган).

Жаркын Турсун Бээжин ш. 21.10.2015.
Жаркын Турсун Бээжин ш. 21.10.2015.

Биз да көөнө доордун ханзуча жазма булактары жаатында эч кандай күдүк болбосун деп Бээжинде жашап жаткан кытайлык кыргыздардын мыкты окумуштуусу, ханзу таануучу, булак таануучу, эски кытай жазмаларын мыкты окуй алган Жаркын Турсун айымга кайрылганбыз. Үрүмчүлүк профессор, адабиятчы, фолклор таануучу, котормочу Мамбеттурду Мамбетакун мырза дагы, Жаркын Турсун дагы Сыма Чийандан эрте жашаган жана кыргыздарды эскерген эч бир кытай автору азырынча табылбагандыгын дагы бир ирет тастыкташты.

Тек гана кошумчалааарыбыз, Сыма Чийандын маалыматтары теги башкыр Иакинф Бичуриндин эмгектеринен тартып эле европалык илим чөйрөсүнө дайын болгон. Демек, анын маалыматы жаатында бүгүн эч кандай сенсация жок.

Албетте, кытайлык илимпоздор жарыялаган жаңы жыйнакты Кыргызстанда кирил жазмасында кайра жарыялоого биз да тилектешпиз. Тек гана бул жыйнакка терминдик түшүндүрмө жазган илимий тиркеме кошуу абзел.

Султакеге мындан аркы албан чыгармачыл ийгиликтерди, тарыхчылар менен кызматташа берүүсүн каалайбыз.

P.S.

Теманы “Кыргыз этноними эскерилген окуяларга 2219 жылдай болду” деп атаган себебибиз: азыркы 2018 жылга б.з.ч. 201-жылды кошсок, 2219 жыл болот эмеспи.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG