Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Зеленский: Макрон Путиндин “жүзүн сактап калууну” сунуштады


Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Орусиянын президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Орусиянын президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Орусиянын президенти Владимир Путинге эл аралык коомчулукта “жүзүн сактап калууга” жардам берүү үчүн Украинаны “суверенитетке байланыштуу кайсы бир маселелерге макул болууну” сунуштады. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский италиялык Rai 1 телеканалына курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул “таптакыр орунсуз” кадам болду. Зеленский “кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн өз аймагынан айрылууга даяр эмес” экенин белгиледи. Ал андан соң француз президентине мындай нерсе жарашпай турганын айтып, Путинге “жүзүн сактоонун ордуна” Орусияны сактап калууну сунуштады.

Макрондун сунушунун мазмуну эмне болгону жана ал кайсы жерде кеп кылганын украин президенти тактаган жок. Француз лидери акыркы жолу Орусия Украинага кол салганга чейин, февралдын башында Москвага жана Киевге келип кеткен. Айрым басылмалар ошол учурда Макрон Путиндин сунуштарын Зеленскийге айтуу үчүн ортомчу түшкөнүн жазышкан. Согуш ошондон эки аптача убакыттан кийин башталган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Путин менен сүйлөшүүгө дале даяр экенин, бирок кездешүү алдын ала шарттары жок жана жекече өтүшү керектигин кайрадан билдирди. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жума күнү мурдагы билдирүүлөрүн дагы кайталап, мындай жолугушуу кайсы бир маселелерди талкуулоо үчүн эмес, кайсы бир документке кол коюу үчүн гана уюштурулса болорун айтты.

Франциянын президентинин кеңсеси Зеленскийдин сөзүнө комментарий бере элек. Эммануэл Макрон апрелдеги шайлоодо экинчи мөөнөткө шайлангандан кийин Путин менен телефондон дагы сүйлөшкөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG