Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Акылбек Жапаров: мугалимдин, дарыгердин айлыгына жыл сайын 20% кошулат


Акылбек Жапаров мугалимдер менен.
Акылбек Жапаров мугалимдер менен.

Педагогдордун жана дарыгерлердин маянасы жыл сайын 20%га көтөрүлүп турат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түп районунун Тогуз-Булак айылындагы мектептин мугалимдери жана жашоочулары менен жолугушууда билдирген.

Жапаров 1-июндан тартып аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына жөлөк пулдун көлөмүн 850 сомдон 1200 сомго чейин көтөрүлүп, пенсиянын көлөмүн октябрь айында жогорулатуу пландалып жатканын айткан.

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдердин айлык акысы сентябрь айынан тартып да көбөйгөн боюнча туруктуу сакталарын маалымдаган. Жаңы окуу жылында мугалимдерге 1,5 ставкадан ашык иштөөгө уруксат берилбейт. Ал эми 1-апрелден тартып көбөйтүлгөн айлык акы кемитилбей сакталат.

Бюджеттен каржыланган жалпы билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы 1-апрелден тартып 50-80% чейин көбөйтүлгөн. Анын ичинде педагогдуку 80%, административдик башкаруу кызматкерлериники 50%, техникалык жана кенже кызматкерлердин айлык акысы 80% көбөйдү.

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көбөйтүү максатында бюджеттен 26 млрд. сом кошумча бөлгөн. Анын 16 млрд. сому билим берүү тармагына кетти. Азыркы маалымат боюнча, дарыгердин айлыгына 50%, маданият чөйрөсүндө иштегендердин акчасына 80% кошулду.

11-майда интернеттеги социалдык түйүндөрдө күзүндө мугалимдин айлыгы кайра азайышы мүмкүн экенин, себеби акча иштин көлөмүнө жараша көбөйтүлүп жатканы тууралуу маалымат чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG