Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Арменияда нааразылыкка чыккандар кайрадан көчөлөрдү жабууга аракет кылды


Армениянын борбору Еревандагы нааразылыктар.
Армениянын борбору Еревандагы нааразылыктар.

Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган миңдеген адам 13-майда кайрадан Еревандын көчөлөрүн жабууга аракет кылышты. Алар ошондой эле медициналык окуу жайдын кире беришин тосушту.

Полиция алардын бир нечесин кармап, чогулгандарды атайын аянттарга сүрүп чыгарды. Бир сыйра түртүшүү орун алды.

Армениядагы нааразылыктар апрелдин аягында башталды. 2-майда акциялар күчөп, “баш ийбөө” формасына өткөн. Алар көчөлөрдөгү кесилиштерде отургучтарды, таштанды челектерин пайдаланып, баррикада жасап, жолдорду бууганга аракет кылып жатат. Тышкы иштер министрлигинин жана парламенттин имаратына да кирүүгө бир нече жолу аракет кылышты. Полиция менен кагылышуу орун алды.

Нааразылык акциясы премьер-министр Никол Пашиняндын “эл аралык коомчулук армян тараптан Тоолуу Карабактын макамы боюнча талаптарын жумшартууну күтүп жатат” деген сөзүнөн кийин башталган. Оппозиция муну менен армян өкмөтү Тоолуу Карабак боюнча Азербайжандын шарттарына көндү деп жатат. Чогулгандар Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылууда.

Эки өлкө ортосундагы Тоолуу Карабак аймагында мартта кайрадан тиреш катталган. Апрелде эки тарап Тоолуу Карабактагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча тынчтык келишимин иштеп чыгууну жана эки өлкөнүн ортосундагы чек араны демаркациялоо боюнча комиссия түзүүнү макулдашкан.

Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгон. Бул жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG