Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрда башталары кабарланды


III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи. Ысык-Көл облусу, 3-сентябрь, 2018-жыл.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи. Ысык-Көл облусу, 3-сентябрь, 2018-жыл.

Түркиянын Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухарем Касапоглу IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Изник шаарында өтөрүн билдирди.

13-майда өткөн басма сөз жыйынында Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын жетекчиси Билал Эрдоган бул иш-чарага жүздөн ашуун өлкөдөн үч миңдей спортчу катышарын айтты.


2020-жылы Түркияда өтөрү пландаштырылган Көчмөндөр оюндары коронавирус пандемиясынан улам 2022-жылга жылган.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин дүйнөлүк оюн Кыргызстанда үч жолу өткөн. 2018-жылы ага 300 миллион сомдон ашуун каражат жумшалган.

Ал эми Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы 2015-жылы Кыргызстанда түптөлгөн. Курамына сегиз өлкөдө салттуу спорттук оюндарды уюштурган федерацияларды камтыйт. Конфедерацияны Түркиянын президентинин уулу Билал Эрдоган жетектейт.(ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG