Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

Казакстанда аялдар пенсия курагын төмөндөтүүнү талап кылды


Пенсия курагын төмөндөтүүнү талап кылган митинг. Актөбө, 14-май. 2022-жыл
Пенсия курагын төмөндөтүүнү талап кылган митинг. Актөбө, 14-май. 2022-жыл

14-майда Казакстандын төрт шаарында – Нур-Султан, Алматы, Актөбө жана Костанайда аялдардын пенсия курагын төмөндөтүүнү талап кылган митингдер өттү. Бийлик менен макулдашылган акцияны “Казакстан аялдарынын пенсия жашын 58 жашка чейин төмөндөтүү кыймылынын” өкүлдөрү уюштурган. Каттоодон өтпөгөн бирикме былтыртан бери ар кандай иш-чараларды өткөрүп, 2018-жылы башталган аялдардын пенсия курагын көтөргөн реформадан баш тартууга чакырып келет.

Актөбөдөгү митингди активист Ольга Смирнова уюштурган. Акциянын алдында ал башка аймактардан келген пикирлештери менен бирге борбор калаага барып, Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министри Тамара Дүйсенова менен жолугушту.

"Биздин кыймыл аялдар кааласа 63 жашка чейин иштөөгө каршы эмес. Бирок ар бир аялдын тандоосу болушу керек. Мисалы, быйыл сентябрда 58ге чыгам, эгер тандоом болсо пенсияга чыкмакмын. Казакстанда мен сыяктуу миңдеген адамдар бар. Аялдарга ден соолугуна же башка себептерге байланыштуу 58 жаштан пенсияга чыгууга уруксат берген бардык форматты колдоого даярбыз", - дейт Ольга Смирнова.

Актөбөдөгү акцияга 60тай аял катышты. Алардын бир бөлүгү "энелердин символу" катары ак жоолук салынып чыгышты. Алар колдоруна "Жумушта өлүп калбай, пенсия алып дагы жашагым келет", "Бизге иштин эмес, жакырчылыктын жылдарын кошуп беришти", "Пенсияга чыгуунун мурдагы 58 жаш курагын талап кылабыз" деген плакаттарды көтөрүп чыгышты.

"Биз кыйын мезгилде жашап жатабыз. Климат жагымсыз. Эмгек шарты талапка жооп бербейт. Бийлик пенсия курагын төмөндөтпөсө, анда элдин жашоо деңгээлин көтөрүшсүн", - деди митингде сүйлөгөн сөзүндө жеке ишканада эсепчи болуп иштеген актөбөлүк Салтанат Абдуллина.

Алматыда ушундай эле мазмундагы митинг Махатма Ганди гүлбагында өттү. Ага катышкан 20дай аял 58 курактан баштап пенсияга чыгууну каалай турганын айткан өз кыймылдарынын гимнин ырдашты.

Казакстан 2018-жылдын 1-январынан тарта аялдардын пенсияга чыгуу курагын жыл сайын алты айга акырындык менен көтөрүүдө. 2027-жылга чейин ал эркектер үчүн 63 жашты түзгөн босогого барабар болушу керек. 2022-жылдын башынан бери аялдардын пенсияга чыгуу курагы 60 жарым жашка жетти.

Мамлекет мындай реформаны аялдардын "карыганда өзүн багуу үчүн жетиштүү пенсия топтоосу" менен түшүндүрүүдө.

12-майда өлкөнүн вице-премьери Ералы Тугжанов өкмөт айрым бир категорияларга пенсия курагын төмөндөтүү маселесин талкуулоону пландап жатканын билдирген. Бирок толук маалымат айтылган эмес. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG