Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

Президент Жапаров гендердик теңчилик боюнча стратегия кабыл алынарын айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады. Мамлекет башчы бул майрам энелердин үй-бүлө бакубаттуулугуна, коомдун өнүгүшүнө жана улуттун улут болуп сакталып калышына кошкон зор салымын даңазалай турган өзгөчө күн экенин белгилеген. 2030-жылга чейин Гендердик теңчилик боюнча стратегия кабыл алына турганын айткан.

"Ар бир коомдун, мамлекеттин теңчилиги менен калыстыгынын чен-өлчөмү биринчи кезекте аялзатына болгон мамилесинен, көңүл буруусунан байкалат. Ошол үчүн «Аялзат — турмуш туткасы, коом күзгүсү» деп бекеринен айтылбаган чыгар. Жакын арада, 2030-жылга чейин гендердик теңчилик боюнча стратегия кабыл алынат. Анда аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, алардын саясий турмушка жана чечимдерди кабыл алууга катышуусуна өзгөчө көңүл бурулат. Аялдарды жана үй-бүлөнү колдоо, энелерди урматтап-сыйлоо — бүгүнкү күнүбүздү эле эмес, эртеңки келечегибизди да аныктай турган негизги милдет", - деп жазылган президенттин куттуктоосунда.

Майрам алдында, 14-майда президент Садыр Жапаров көп балалуу энелерге кезектеги мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу тууралуу жарлыктарга кол койгон.

Ага ылайык, жети жана андан көп баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан 921 эне “Баатыр эне” ордени, алты баласы бар жана аларды тарбиялап жаткан 665 эне “Эне даңкы” медалы менен сыйланышты.

Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG