Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Украинанын чалгын кызматы Путин катуу ооруп жатканын билдирди


Владимир Путин 9-майда өткөн парадда. Москва, 2022
Владимир Путин 9-майда өткөн парадда. Москва, 2022

Украинанын аскердик чалгын кызматынын башчысы, генерал Кирилл Будановдун ырасташынча, орус президенти Владимир Путин катуу ооруп жатат. Анын айтымында, Путиндин саясатына нааразы болгон орус бийлигинин жогорку эшелонундагы адамдар аны бийликтен кетирүүгө азыртадан камынып жатышат. Бул тууралуу Буданов британиялык Sky News телеканалына берген маегинде билдирди. Чалгын кызматынын башчысы Путин онкологиялык ооруга чалдыкканын айтып, маалыматтын булактарын ачыктаган эмес.

Буданов Орусия менен Украинанын ортосундагы активдүү согуштук аракеттер жылдын аягына чейин созулат, бурулуш августта болот деп болжолдоду. Анын айтымында, согуштан кийин Украина учурда көзөмөлдү жоготкон бардык аймактарды, анын ичинде Донбассты жана Крымды өз көзөмөлүнө алат.

Ишемби күнкү The Times гезити Владимир Путиндин ден соолугуна байланыштуу материалды жарыялады. Ал америкалык New Lines журналынын карамагындагы орус олигархы менен батыштык инвестордун сүйлөшүүсү делген аудиого шилтеме кылып жазган. Март айында болгону айтылган бул сүйлөшүүдө орусиялык бизнесмен Путин ак кан оорусуна чалдыкканын билдирген. Анын баамында, Путин Украинага чабуул коюну буюруп, "акылынан адашкан". Бул аракети орус экономикасына чоң залака тийгизди. Олигархтын аты айтылган эмес.

Мурдараак Орусиядан чыгып кеткен миллиардер Олег Тиньков журналист Юрий Дудга интервью берип, орусиялык байлардын көбү Украинадагы согушка каршы экенин айткан.

Кремл Путиндин ден соолугу тууралуу маалыматтарга комментарий бере элек жана президенттин саламаттыгы жайында экенин ырастап келүүдө. Путин эл алдына көп чыкпай жатат, бирок ушул аптада Москвада 9-майда өткөн парадга жана бир катар жолугушууларга катышты.

Владимир Путин 69 жашта. Анын демилгеси менен кабыл алынган Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, ал кайра шайланса, 2036-жылга чейин бийликте кала алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG