Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:07

Кытайдын кемелери Жапониянын талаштуу аралдарынын аймагына кирди


 Сенкаку архипелагы.
Сенкаку архипелагы.

Кытайдын жээгин кайтарган төрт кеме Жапония көзөмөлдөгөн Сенкаку аралдарынын аймагына кирди. Бул тууралуу жапониялык басылмалар жазып чыгышты. Жапониянын жээк кайтаруучулары Кытай кемелерине аймактан чыгып кетүүгө бир нече эскертүү берди. Болжол менен бир жарым сааттан кийин кемелер биринин артынан бири Токионуку деп эсептеген аймактан чыгып кетишти.

Сенкаку – Тайвандан 170 чакырым түндүк-чыгышта, Чыгыш-Кытай деңизиндеги адам жашабаган архипелаг. Арал 19-кылымдын аягында Кытай менен согушта жеңишке жеткенден кийин Жапонияга өткөн. Экинчи Дүйнөлүк согуштан соң аны Америка оккупациялап, кийинчерээк Жапонияга кайтарган. Бээжин болсо арал зомбулук менен тартып алынганын айтып, аны өзүнө кайтарууну талап кылып келет.

Орусия Украинага басып киргенден кийин АКШ, Батыш өлкөлөрү жана Жапония "Кытай Тайвань менен болгон талаш-тартыштарды чечүүдө орус сценарийин колдонот" деп чочулай башташты. Арал 1949-жылы жарандык согуш маалында Кытайдан бөлүнгөнүн жарыялаган. Бээжин аралдын көз карандысыздыгын тааныбайт жана аны өзүнүн провинциясы деп эсептейт. Райондун административдик макамы чечиле элек.

Жапониянын Окинава префектурасы Кытай менен Тайвандын ортосундагы күтүлгөн аймактык чыр-чатакка аралашып калуудан кооптонуп жатканын маалымдады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG