Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:56

УКМК Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

16-майда Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) чет элдик ишкерден 70 миң АКШ доллар алууга шектелип Ы.Т.К. аттуу жаран кармалганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, шектүү 2016-жылы өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны жетектеген. Ал эшектерди Кытайга алып чыгууга уруксат алып берүүнү убада кылып, 70 миң АКШ доллар алган. Бирок чет элдик С.С. аттуу ишкерге уруксат документтерин да, акчасын да кайтарып берген эмес.

14-майда шектүү жаран акчанын бир бөлүгүн ишкерге кайра берип жатканда кармалды.

Маалыматта кармалган жаран Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси экендиги айтылат. Бул кылмышка катыштыгы барларды аныктоо үчүн тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

2017-жылы Улуттук статистика комитети тийиштүү органдар менен Кыргызстандын бүт аймактарындагы мал-жандык жана канаттуулардын санын тактаган. Анда эшектердин саны 2016-жылга салыштырмалуу 10 миңге азайганы белгилүү болгон. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG