Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Алматы облусунда жер көчкүдөн беш жашар кыз каза тапты


Алматы облусу.
Алматы облусу.

Казакстандын Алматы облусундагы Текели шаарында 15-май күнү катуу жамгырдан кийин жүргөн жер көчкү беш жашар кыздын өмүрүн алды.

Шаардын бийлигинин маалыматына ылайык, ал күнү түшкө маал нөшөр жаандан кийин Конаев көчөсүндөгү эки үйдүн айланасын суу каптап, баткак аралаш жер көчкү түшкөн.

"15-майда саат 18:15те үйдөн 2016-жылы туулган беш жаштагы кыздын сөөгү табылды", - деп билдирди Алматы облусунун өзгөчө кырдаалдар кызматы.

Интернетте тараган видеолордон шаарда тоо боорунан түшкөн баткак аралаш көчкү бир нече үйдү каптап жатканын көрүүгө болот. Куткаруучулар жаратылыш кырсыгынан бир үй толугу менен кыйрап калганын билдиришти.

Соңку апталарда нөшөрлөгөн жамгырдан улам Борбор Азиянын бир катар аймактарында сел кырсыгы катталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG