Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Социалдык комитеттин жыйыны кворумдун жоктугунан болбой калды


Социалдык саясат боюнча комитеттин 16-майдагы жыйыны болбой калды. 16-май, 2022-жыл.
Социалдык саясат боюнча комитеттин 16-майдагы жыйыны болбой калды. 16-май, 2022-жыл.

Парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин 16-майдагы жыйыны кворумдун жоктугунан болбой калды. Комитеттин жетекчиси Динара Ашимова танапис жарыялап, комитеттин бөлүмүнө депутаттарды чакыруу тапшырмасын берди. Бирок эл өкүлдөрү чогулбай, жыйын үзгүлтүккө учурады.

Жыйында беш мыйзам долбоору каралып, аягында ар кандай маселелер болмок. Долбоорлордун ичинде билим берүү тармагына байланыштуу төрт документ бар.

Жогорку Кеңеште баш-аягы сегиз тармактык комитет иштейт. Социалдык саясат боюнча комитеттин курамында алты депутат бар. Жыйын өтүш үчүн эл өкүлдөрүнүн көбү отурумга катышыш керек.

Мыйзам долбоорлору комитеттерде каралып, колдоо тапкандан кийин парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат. Жогорку Кеңеште 90 депутат бар. Парламентте кворумдун жоктугунан жыйындар жылып, үзгүлтүккө учураган окуялар буга чейинки чакырылышта да болгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG