Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:28

"Чоң жети" азык-түлүк жана энергетикалык кризис тууралуу эскертти


"Чоң жетиге" кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Германияда өткөн жыйында.
"Чоң жетиге" кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Германияда өткөн жыйында.

Дүйнөдөгү чоң экономикасы бар өлкөлөр кирген "Чоң жети" бирикмеси Кытайды Украинанын эгемендигин коргоону колдоого үндөп, Орусияга жардам бербөөгө чакырды. 14-майда жарыяланган билдирүүдө Орусиянын Украинага кол салганы глобалдык азык-түлүк жана энергетикалык кризис жаратары белгиленет.

Германияда өткөн үч күндүк жыйын соңундагы билдирүү Бээжинди “Орусиянын Украинага жасаган баскынчылыгын актаган бурмаланган маалыматтан жана башка ушул сыяктуу каражаттардан оолак болууга” үндөйт.

“Чоң жети” Москванын өнөктөшү Беларусту орус армиясынын аскердик аракеттерин “колдоону” токтотууга жана “эл аралык милдеттемелерин аткарууга” чакырды.

Бирикме Орусиянын Украинага февралда согуш ачканы “соңку жаңы тарыхта өтө олуттуу азык-түлүк жана энергетикалык кризисти жаратып, анын кесепети дүйнөдөгү бардык аялуу топторго тиерин” эскертти.

АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия, Италия жана Жапония кирген топ Орусия бөгөт койгон Украинанын буудайын экспорттоого тезинен жол ачылбаса, азык-түлүк кризиси жараларын эскертти.

"Чоң жетиге" кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери санкцияларды киргизүү менен Орусияга экономикалык жана саясий басым күчөй турганын белгилешти. Ал эми Киевге “канча зарыл болсо ошончо” аскердий жардам берүү улантылмакчы. Ошондой эле бирикмеге кирген мамлекеттер Орусиянын Укрианага жасаган аскердик агрессиясын эч качан актабай турганы айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG