Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:40

Балалуу болбогону үчүн уулун сотко берген ата


Мумбайлык балдар, 2010-жыл.
Мумбайлык балдар, 2010-жыл.

Апта ичинде жарык көргөн эл аралык басылмаларга сереп.

Талибдерге каршы алты топ

Ооганстан дүйнө коомчулугунун жана прессанын назарынан алыстаганы менен, өлкөдө зомбулук көбөйүп жатат.

Кандагар шаары. 7-май 2022-жыл
Кандагар шаары. 7-май 2022-жыл

The Diplomat басылмасы 11-майда ушул маселени талдаган материалга орун берген.

Макалада Afghan Peace Watch (APW) уюмунун жетекчилери Хабиб Хан Тотахил жана Жюстин Флайшнер “Талибан” бийлеп турган учурдагы мыйзам бузууларды изилдеген баяндаманын мазмунуна кайрылган. Алар дагы бир уюм менен бирге былтыркы сентябрдан үстүбүздөгү жылдын март айына чейин Ооганстандын 34 аймагында 238 булакты сурамжылоого алган.

Мурдагы өкмөттүк күчтөр менен талибдер ортосундагы куралдуу кармаш басаңдаганы менен аялдарга, журналисттерге, мугалимдерге каршы зордук-зомбулук көбөйгөн экен. Аялдар бети-башын чүмкөп жүрүүгө, коомдук жайлардан оолак болууга милдеттендирилди.

"Террорчулардан куралган “Ислам мамлекети” уюмунун Ооганстандагы канаты бир нече жерде теракт уюштуруп, улуттар, масхаб аралык тирешти козутуп келет. Мурда өкмөттүк армияда кызмат өтөгөн жоокерлерди бутага алуу учурлары көбөйгөнү өзгөчө камтама кылууда", - деп айтылат макалада.

Авторлор маалымат чогултуу менен “Талибандын” тушундагы зомбулукту, трансулуттук террордук топтордун баш көтөрүп жатканын, башка коркунучтарды баамдап турса болорун белгилешет.

Изилдөөдө айтылгандай, талибдер жана башка экстремисттик топтор ишке ашырган жүздөгөн бомбалоо, киши өлтүрүү, адам уурдоо фактылары катталган.

Былтыркы августтан быйылкы мартка чейин “Талибандын” согушкерлери өз ара араздашкан 33 учур тууралуу маалымдалды. Соңку бир нече айда эле талибдердин башкаруусуна каршы чыккан кеминде алты жаңы куралдуу топ пайда болду. Алардын өзөгүн ооган армиясынын мурдагы аскерлери түзөт.

"Ушул жагдайларды жана жайкысын ооган жергесинде куралдуу кармаштар адатта күчөгөнүн эске алуу менен зомбулук жакынкы айларда дагы өсүшү мүмкүн", - деп боолголошот Тотахил менен Флайшнер.

“Талибандын” мамлекеттик башкаруу жөндөмү чабал болгондуктан, бийликке келе электе күчтүү жана ынтымактуу деп көрүнгөн кыймыл аброюн жоготуп алышы мүмкүн.

Макалада Украинадагы согуш тутанганда дүйнөлүк коомчулуктун көңүл сыртында калган Ооганстанда зомбулук жана экстремизм дымып отуруп бир күнү эл аралык сахнада бомбадай жарылышы ыктымал экени кеп болгон.

Эрдоганга атаандаш мэр

Le Monde гезити 12-майда Түркиянын саясий айдыңындагы окуяларга кайрылып, Стамбул шаарынын мэри, харизмасы күчтүү жетекчи Экрем Имамоглу эмки жайда өтө турган президенттик шайлоодо Режеп Тайып Эрдоганга атаандаш болууну көздөп жатканын, сурамжылоолор ага артыкчылык бергенин жазды.

Экрем Имамоглу. Архивдик сүрөт
Экрем Имамоглу. Архивдик сүрөт

Басылманын Түркиядагы кабарчысы Мари Жего ансыз да 51 жаштагы мэр өткөн шайлоодо президенттин АК партиясынын Стамбулдагы үстөмдүгүнө чекит койгонун белгилеген.

Автор орозо айтта Имамоглу бир катар шаарларды, анын ичинде Эрдоган үй-бүлөсү узак жылдар жашаган, алардын кичи мекени болуп калган Ризени кыдырып чыкканын, аны жергиликтүү эл жылуу тосуп алганын баяндап, "мэр майрамга шылтоолоп саякаттаганы менен сапардын түпкү максаты айтпаса да белгилүү" деген ою менен бөлүшкөн.

Саясатчы буга чейин алты партиядан куралган оппозициялык коалициянын атынан президенттик шайлоого “ат салышууга эң кудуреттүү жоокер” деп өзүн атаган жайы бар.

"Ал партиялар “Эрдогандын автократиялык системасына чекит коюш үчүн ага каршы бир талапкерди алып чыгууну чечишкен", - дейт кабарчы.

Андан ары мэрдин өмүр баянына токтолуп, саясатчы лидерлердин агрессивдүү, карама-каршылыктуу билдирүүлөрүнөн иренжиген калкка үмүт тартуулоону жакшы билерин, “заар тилге” караганда “жылуу сөзгө” артыкчылык берерин жазган.

Ризеде болгон учурда мисалы, Имамоглу инфляция, жаштар арасындагы жумушсуздук маселелерин козгогон.

Гезиттеги маалыматка караганда, февралда Конрад Аденауэр фонду чыгарган сурамжылоо түрк улан-кыздарынын 73% чет өлкөгө кетүүнү кааларын көргөздү. Изилдөөгө тартылган 3 миң 243 кишинин 87,3% эмиграцияга негиз катары экономикалык кризисти атаган. Эмки жайда өтчү шайлоодо экономикалык көйгөйлөр биринчи планга чыкмакчы.

Журналист “Метрополл” уюму өткөргөн апрелдеги сурамжылоонун жыйынтыгын да мисал келтирген. Ага ылайык, президенттик шайлоо азыр өтсө, Имамоглу экинчи турда 49,7% добуш менен жеңмек. Эрдоганга добуштардын 40% тиймек.

Небере эңсеген ата-эне уул-келинин сотко берди

Индиянын Уттаракханд штатында жашаган улгайган жубайлар балалуу болбогону үчүн жалгыз уулу менен келинин сотко берди. Би-Би-Си Times of India гезитине таянып ушундай адаттан тыш окуянын чоо-жайын баяндаган.

Индиядагы баш кошуу аземи. Иллюстрациялык сүрөт
Индиядагы баш кошуу аземи. Иллюстрациялык сүрөт

61 жаштагы Санжив Прасад жана 57 жаштагы жубайы Садхана баласын чоңойтуп, Америкада учкучтардын курсунда окутуп, үйлөнүү тоюна чоң каражат сарптаганын, бирок алты жылдан бери алар неберелүү боло электигине нааразы экенин айтышкан. Ата-эне уул-келининен бир жыл ичинде балалуу болушпаса, 650 миңдей доллар компенсация талап кылууда. Жаштар эмне деп жооп бергени макалада айтылган эмес.

Прасаддар уулун 2016-жылы өздөрү тандаган кызга үйлөнтүп, пенсияга чыкканда “неберебиз менен ойнойбуз” деп үмүттөнгөнүн айтышкан.

Алар баласына канча акча жумшаганын санап чыгып, компенсациянын өлчөмүн ошого жараша белгилешкен экен. Мисалы беш жылдыздуу мейманканада өткөрүлгөн үйлөнүү үлпөтүнө жана "бал айындагы" чет өлкөгө саякатка 80 миң доллардай сарпталган.

Ата-эненин адвокаты аларга психологиялык жактан оор болуп жатканын, жылдар бою небере күтүшкөнүн айтат. Алардын арызы 17-майда каралмакчы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG