Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:07

Казакстан Орусияга “дос болбой” калышы мүмкүнбү?


Акордо, Нур-Султан. 2022-жылдын 5-январы.
Акордо, Нур-Султан. 2022-жылдын 5-январы.

Саясат таануучу Димаш Алжанов Казакстан эмне үчүн Орусия менен “дос болбой” калышы мүмкүн экенин жана Токаевге кол салууну даярдаган имиш делген “чет элдик чалгын агентинин” кармалышы кандай мааниге ээ болорун, ошондой эле бул окуялар коомдогу “орустардан чочулоо” маанайын калыптандырганын чечмелеп берет.

Батыштын EURACTIV news басылмасына жакында курган маегинде, президенттин администрация башчысынын биринчи орун басары Тимур Сулейменов Украинага кол салуусуна байланыштуу Орусияга Батыштын салган санкцияларына карабастан, Казакстан Кремлге жардам бербей турганын билдирди.

Ал ошондой эле “Казакстан Украинанын аймактык бүтүндүгүн сыйлайт”, “Крымга да, Донбасcка да тиешелүү кырдаалды тааныган эмес, тааныбайт дагы, анткени, аларды БУУ тааныбайт” деди.

“Биз Бириккен Улуттар Уюмунун деңгээлинде кабыл алынган чечимдерди гана аткарабыз”, - деди Казакстандын жогорку даражадагы кызмат адамы.

Нур-Султан Украинанын чыгышындагы жикчил аймактарды тааныбай турганын Казакстандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди дагы билдирди. Ал 5-апрелдеги өкмөттүн жыйынынан кийин Тимур Сулейменовдун билдирүүсүнө комментарий берип, “Луганск жана Донецк элдик жумурияттарын тааныбайбыз” деп айтты.

2014-жылы Крым тартып алынган кезден, Украинанын түштүк-чыгышындагы согуш башталгандан бери Казакстан бейтарап турууга аракеттенип, расмий мамилесин айтпай келген эле.

Саясат таануучу Димаш Алжанов Сулейменовдун сөзү эмнени билдирерин чечмелеп, Орусиядан көз каранды болбой калуу үчүн Казакстан эмне кылышы керектигин айтат.

"Токаев эки жактын тең көңүлүн алууну чечти"

Димаш Алжанов, саясат таануучу.
Димаш Алжанов, саясат таануучу.

- Эмне үчүн Украинанын аймактык бүтүндүгү жөнүндөгү сөздү дал ушул Тимур Сулейменов билдирди? Эмне үчүн андан өйдөрөөк даражадагы бирөө же президент Токаев өзү, же болбосо премьер-министр Смаилов унчуккан жок?

Димаш Алжанов: Сулейменов кантсе да президенттин кеңсесинде иштейт эмеспи. Биринчи болбосо да, ал кайсы бир деңгээлде расмий киши болуп саналат. Токаев өзү жоопкерчилик албай, ийкемдүү иш-аракеттерине кедерги болгудай сөздөрдү айтпай жаткан соң, бул милдет администрация башчысынын орун басарына жүктөлүп калды.

- Бул кеп кимге даректелип айтылган эле?

Димаш Алжанов: Европанын көзүнчө Казакстандын баркын көтөрүп коюш үчүн. Тикелей болбосо да, экинчи деңгээлдеги кыйыр санкциялардан жана Казакстандын чырга аралашып калуусунан чочулап, Токаев эки жактын тең көңүлүн алууну чечти.

Мунун дагы бир максаты – Казакстандын саясий жетекчилерин ыктымал зыяндан калкалап калуу. Казакстан санкцияларды буйтап, Орусияга жардам берип жаткан өлкөлөрдүн тизмесинде жок экенин көрсөтүп, алдын ала актануу керек эле. Мунун кандайча ишке ашырылганы этияттанганын да билдирип турат. Эгер саясий жетекчилер чындап эле Казакстандын турумун көрсөткүсү келсе, анда Токаев бул жоопкерчиликти өзүнө алып, ачык айтып, бул сөздөн кийин Орусия менен болгон мамилесин кайра карап чыгышы керек эле. Бирок биз мындай болбой жатканын көрүп турабыз: белгилүү каналдар аркылуу батыш өлкөлөрүнө бир сөз, Токаев менен Путиндин жекече кездешүүсүнө байланыштуу такыр башкасы айтылды.

- Сулейменовдун билдирүүсү Казакстан менен Орусиянын мамилесин начарлатпайбы?

Димаш Алжанов: Менимче, мамиле мурдагы даражада эле кала берет. Ырас, эми алака-катышты буга чейинкидей жүргүзө берүү да мүмкүн эмес. Ал эми Бучадагы кан төгүүдөн кийин Орусиянын саясий бийлигинин абийири биротоло төгүлдү. Бул жерде биз Токаевдин улуттук лидер катары жоопкерчиликти көтөрө албастыгын жана өзүнүн саясий туруму менен өлкөнүн багытын аныктоого жөндөмдүү эместигин көрүп турабыз.

Орусия менен болгон мамилесин түп тамырынан өзгөртүү үчүн адегенде ал кантип экономиканы өнүктүрүүнү, товар жеткирүү жолдорун билиш керек. Эгер Орусия жакынкы он-жыйырма жылда обочолонуп калса, анда мунайды жеткирүүнүн башка каналдарын эле издебестен, Казакстандын өзүндө товар өндүрүү жөнүндө да ойлонуу кажет. Азыр жөн гана сөздөр айтылды, бирок, жогоруда белгиленгендей, аны президенттин администрация башчысынын орун басары эмес, бүтүндөй бийликти колунда кармап турган киши айтышы керек эле. Токаевдин колунан келеби бул? Менимче, жок. Ошондуктан Казакстан өз турумун так аныктабай арасат абалда калат, жоопкерчиликтен качып, тийиштүү чечимдерди кабыл алуудан тартына берет.

"Бул мамилелерди кайра карап чыгуу ниетин да билдирбейт"

- Казакстандын бийлик башындагылар Орусия менен болгон мамилени мүмкүн болушунча тезирээк өзгөртүү керектигин түшүнөбү?

Димаш Алжанов: Бул зарыл кадам, бирок Токаев менен Путиндин телефон аркылуу соңку сүйлөшүүсүн жана президенттин басма сөз кызматы даярдаган маалыматты караңызчы. Бул эч кандай мааниси жок сөз, Казакстандын турумун да чагылдырбайт, бул мамилелерди кайра карап чыгуу ниетин да билдирбейт. Менимче, жогору жактагылар эмне кылуу, кантип иштөө керектигин бирдей түшүнбөйт. Казакстандын азыркы саясий бийлиги өлкөнүн улуттук кызыкчылыктары менен байланышы жок. Айрым адамдардын, тактап айтканда, Токаевдин жеке кызыкчылыгы улуттук мүдөөдөн өйдө коюлуп калган. Бул олуттуу маселе.

- Ушул жагдайда Токаевге кол салууну мерчемдеди деп “чет элдик чалгын кызматчысынын” кармалгандыгы жөнүндөгү сөз кандай мааниге ээ болот?

Димаш Алжанов: Биздин оюбузча, бул баарын көрсөтүп турат: Казакстан кыраакылык кылып, батыш же башка өлкөлөрдүн Акордо менен Кремлдин мамилесин бузууга багытталган деген иш-аракеттерине бөгөт коюп жатканын билдирүүчү ишарат. Бирок азыркы учурда бул Токаевдин кадыр-баркына доо кетирип, Казакстан Орусиянын кызыкчылыгына туура келгидей иш-аракет кыларын көрсөтүү ниетин да жокко чыгарат. Бул жагдай Токаевдин өлкөнү саясий каатчылыктан алып чыгарына шек туудуруп, бийликке болгон ишенимди начарлатат.

- Казакстан эки жакты тең ыраазы кылып тура алабы? Тышкы жана ички саясий майдандагы кадыр-баркын сактоо мүмкүнбү?

Димаш Алжанов: Мындай турум Токаев үчүн коопсуз, бирок Казакстанга зыяндуу. Мындан ары экинчи жаат болбой калышы ыктымал: Путиндин бийлиги алыс бара албай калышы мүмкүн. Бирок ошондо деле Казакстан эл аралык турумун улуттук кызыкчылыкка ылайык тактап алышы керек. Улуттук кызыкчылыктар мамлекеттик саясаттын өзөгүн түзүшү үчүн Казакстандын ички институттары кандай иштеп жатканын кайра карап чыгуу керек. Бул бийликти бир ууч топ ээлеп албашы, өлкөнүн тышкы саясатын калыптандыруучу демократиялык институттар иштеши үчүн зарыл.

7-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын көпчүлүк мүчөлөрү Орусияны уюмдун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыгарууга макулдугун берген. Тиешелүү резолюцияны Башкы ассамблеяга мүчө 193 мамлекеттин 93ү колдогон.

Орусиядан тышкары Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу 24 өлкө каршы болгон. 51 мамлекет добуш берүүдөн карманып, калыс калды.

БУУнун баш кеңсеси Женевада жайгашкан Адам укуктары боюнча кеңешине 47 мамлекет мүчө. Уюмдун сайтындагы маалыматка ылайык, Орусиянын бул кеңештеги мүчөлүгү 2023-жылы аяктамак. Кайсы бир мамлекетти бул кеңештен чыгаруу үчүн тиешелүү резолюцияны добуш берүүгө катышкан мамлекеттердин үчтөн экиси колдошу керек. Калыс калган мамлекеттердин добушу саналбайт.

Буга чейин БУУнун Башкы ассамблеясынын көпчүлүк мүчөлөрү Орусиянын Украинадагы аракеттерин айыптаган жана согушту токтотууга чакырган эки резолюция кабыл алган. Ал резолюцияларда Кыргызстан да, Кзакстандобуш берүүдөн карманган.

"Азаттыктын" казак кызматынын сайтына жарыяланган Пётр Троценконун маегин орус тилинде бул жерден окуңуз.

XS
SM
MD
LG