Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:57

Тлеуберди: Казакстан Украинадагы жикчил аймактарды тааныбайт


Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди. 19-октябрь 2019-жыл
Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди. 19-октябрь 2019-жыл

Нур-Султан Украинанын чыгышындагы жикчил аймактарды тааныбайт. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди “Азаттыкка” билдирди.

5-апрелде өкмөттүн жыйынынан кийин казак президентинин администрация башчысынын орун басары Тимур Сулейменовдун билдирүүсүнө комментарий берген министр “Луганск жана Донецк элдик жумурияттарын тааныбайбыз” деп айтты.

Сулейменов 29-мартта EURACTIV news медиа түйүнүнө курган интервьюсунда Нур-Султан “Украинанын аймактык бүтүндүгүн урматтай турганын, өлкө Крымдын аннексиясын, Украинанын чыгышындагы өздөрүн “ДЭР” жана “ЛЭР” деп атаган жикчил аймактардын көз карандысыздыгын “тааныбаганын жана мындан ары да тааныбай турганын” айткан.

Ал Казакстан Москвага санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам бербей турганын, бирок Евразия экономикалык биримдигинин алкагында Орусия менен экономикалык кызматташтыгын уланта берерин кошумчалаган.

Тлеуберди Батыштын санкциялары "Москвага каршы багытталганын, Казакстан аларга кошулбаганын" белгиледи.

“Ошол санкциялардын экономикабыздын өнүгүшүнө залакасын тийгизбей, аймагыбыздын жазалоочу чараларды кыйгап өтүүгө колдонулбашы биз үчүн маанилүү”, – деп айтты министр.

Ал эми Казакстан БУУдагы добуш берүүдө эмне себептен "карманганын" түшүндүрүп: "Бул дагы позиция, аны улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен иштеп чыгабыз”, - деген жообун узатты. Сөз болгон документтер Орусияны Украинадан аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылган.

Москванын ири соода өнөктөшү болгон Нур-Султан нейтралдуулугун билдирип келгени менен Орусиянын кошуна өлкөгө кол салуусун ачык айыптоодон карманууда. Казакстан украин жергесине гуманитардык жардам жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG