Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Зулушев: Прокуратура диплом текшерүү менен алектенген жок


Курманкул Зулушев
Курманкул Зулушев

Башкы прокурор Курманкул Зулушев прокуратура мугалимдердин дипломун текшерүү менен алектенбегенин билдирди.

Бул тууралуу 5-апрелде парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин жыйынына катышкан учурда айтты.

Анын алдында депутат Жанарбек Акаев айылдарда мектеп мугалимдери диплом текшерүү шылтоосу менен район борборуна - прокуратурага чакыртылып жатканын айтып, мындай жорукту токтотуу керектигин белгилеген.

"Кочкордо болгон окуядан башка бир да мугалимди чакырып, прокуратура текшерген жок. Факты болсо берсеңиз, чара колдонобуз. Диплом текшерүү менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) алектенүүдө", - деди Зулушев.

Марттын башында Нарындын Кочкор районунда дипломуна байланыштуу суракта жүргөн мугалим өз өмүрүнө кол салып, жанын кыйган. Окуяны милиция териштирүүдө. Маркумдун жакындары буга прокуратураны, райондук билим берүү бөлүмүн күнөөлөп жатат.

УКМК президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мамлекеттик мекеме-органдарда иштеген кызматкерлердин дипломдорун жапырт текшерүүнү январдын аягында баштаган жана бул өнөктүк үч айга созуларын айткан. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG