Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:38

Пхеньян Сеул чабуул койсо, өзөктүк курал менен жооп берерин билдирди


Ким Чен Ын Пхеньян "жаңы баллистикалык ракета" деп атаган жабдуунун фонунда. 29-март, 2022-жыл.
Ким Чен Ын Пхеньян "жаңы баллистикалык ракета" деп атаган жабдуунун фонунда. 29-март, 2022-жыл.

Пхеньян согушка каршы, бирок Түштүк Корея чабуул койсо, алардын армиясын “жок кылуу” үчүн өзөктүк куралды колдонушу мүмкүн. Бул тууралуу Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын өлкөдө таасирдүү саналган карындашы 5-апрелде билдирди. Ким Ё Чжондун бул сөздөрүн мамлекеттик медиа мисал келтирген.

Үч күндүн ичинде ал ушуну менен экинчи жолу Түштүк Кореянын коргоо министринин комментарийине каардуу эскертүү жасап жатат.

Со Ук 1-апрелде алардын армиясында “Түндүк Кореядагы буталарга тез жана таамай тийүүгө кудуреттүү кубаттуу ракеталар бар” деп билдирген.

Негизги саясий кеңешчи Ким Ё Чжон өзөктү державага каршы алдын алуучу сокку урууну талкуулоо “абдан чоң ката” экенин айткан.

Пхеньян жыл башынан бери ракеталарын сыноону жандаткан.

Сеул жана Вашингтон Түндүк Корея 2017-жылдан бери биринчи жолу өзөктүк куралды сыноого даярданып жатышы мүмкүн деп чочулашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG