Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:03

Бейөкмөт уюмдарды каржылоо токтому талкууга түштү


Бишкек. Украинага каршы согушка каршы чыккан активисттер. 2022-жыл.
Бишкек. Украинага каршы согушка каршы чыккан активисттер. 2022-жыл.

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарга мамлекеттик бюджеттен грант бөлүү жобосунун долбоору кызуу талкууланууда.

Юристтер өкмөттүн жарандык коом менен мамлекеттик-социалдык буюртмалар боюнча кызматташуу демилгесин колдоп, бирок ошол эле кезде анын негиздемесинде бейөкмөт уюмдарды бийликке карата мамилесине жараша "кара ниет" жана "ак ниет" деген мүнөздөмө берген учурларды коомду ажырымга алып келчү коркунуч катары баалашты. Өкмөт мүчөсү Эдил Байсалов бейөкмөт уюмдарды мамлекеттик каржылоо жобосунда баштапкы багыттан четтеген так эместиктер кеткенин айтып, анын бардыгы коомдук талкуудан кийин оңдолорун убада кылды.

Кыргызстандагы кырктан ашуун коммерциялык эмес уюм өкмөткө кайрылып, бейөкмөт уюмдар арасында бөлүштүрүлүүчү чакан гранттар боюнча токтом долбоорун азыркыдай редакцияда сунуштоону токтотуп, жарандык коомдун катышуусу менен кызматташуу боюнча кеңири талкуу уюштурууга чакырууда.

Мамлекет жарандык секторду каржылайт

Буга чейин Министрлер кабинетинин мамлекеттик-социалдык буюртмаларды аткаруу үчүн чакан гранттарды бөлүү жобосунун долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлган болчу. Кыргызстандын эгемен тарыхында биринчи жолу бейөкмөт уюмдарды каржылоону караган токтом долбоору жана анын негиздемеси өкмөттүн сайтына жарыяланып, анын демилгечиси Юстиция министрлиги экени көрсөтүлгөн.

Өкмөттүк жобонун аталган долбооруна “Медиа полиси” институту өз тыянагын берип, социалдык буюртмаларды аткаруу үчүн бейөкмөт уюмдарды каржылоо демилгесин кубаттады.

Уюмдун юристи Нурбек Сыдыков бирок анын негиздемесинде укуктук чалкештик бар экенин белгиледи:

"Бул долбоордун башында чынында эле жакшы эле максаттар коюлган. Анткени мамлекет биринчи жолу жарандык демилгелерге көңүл буруп жатат. Негизи бир катар өлкөлөрдө мамлекет бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын жеке демилгелерин колдоп, коомдогу көйгөйлөрдү алар менен биргеликте чечүү үчүн тиешелүү долбоорлорун гранттык негизде каржылап турат. Бирок, биз байкаган бир жагдай. Бул токтом долбоорунун негиздеме катында башкача бир максаттарды көздөгөн сөздөр бар экен. Негизи, каржылоо маселеси мамлекеттин бейөкмөт уюмдары же сырттан грант алган бейөкмөт уюмдар деп экиге бөлүнбөшү керек. Башкача көз караш коомду ажырымга алып келип, карама-каршылыкты гана күчөтөт. Жарандык демилгелердин бардыгы мамлекет менен коомдун эриш-аркак өнүгүүсүн камсыздоого багытталышы шарт".


Ошол эле кезде өкмөттүн бул токтом долбооруна карата “Адилет” укуктук клиникасы да корутунду чыгарды. Анда бейөкмөт уюмдарды бийликке карата мамилесине жараша бөлүп-жаруу элементи бар экени көрсөтүлгөн.

Анын тыянагында документтин жобосунда Баш мыйзамдагы жарандардын тандоо укугуна каршы келген жана анын өзүндө укуктук эмес текст камтылганы белгиленди.

"Чөнтөк" бейөкмөт уюмдар керекпи?

Ал эми Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү Клара Сооронкулова жарандык коомдун сынынан чочулаган бийлик “чөнтөк” бейөкмөт уюмдарды түзүүгө кызыкдар экенин көргөзүп койду дейт:

Клара Сооронкулова, юрист, Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү
Клара Сооронкулова, юрист, Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү

"Негиздемесинде өздөрү ачык эле жазып салышыптыр. "Кара ниет" бейөкмөт уюмдар президент менен өкмөттү сындап жатышат, ошондуктан аларга каршы мамлекеттин кызыкчылыгын жана бийликти коргоо үчүн мамлекеттик гранттарды берүү зарыл" деп расмий түшүндүрмөсүндө жазышыптыр. Ошону менен булардын чыныгы ниети байкалып калды. Демек, булардын максаты Орусиядагыдай кылып, жарандык коомду ага карата лоялдуу же лоялдуу эмес экенине байланыштуу экиге бөлүп-жаруу болушу мүмкүн. Азыр Орусияда да бийликке дайыма кызмат кылган бейөкмөт уюмдарга олчойгон гранттар бөлүнүп жатканы боюнча нааразылык бар экен. бизде деле ошондой болбойт деп, ким кепилдик бере алат".

Министрлер кабинетинин жобосунда мамлекеттик бюджеттин эсебинен билим берүү, илимий-изилдөө, социалдык, маданий-маалыматтык, укуктук жана улуттук каада-салттарды колдоого байланыштуу жарандык демилгелерди колдоо үчүн чакан гранттарга сынактарды жарыялоо демилгеси көтөрүлгөн. Бул үчүн өкмөт ар жыл сайын 100 млн. сомго чейин каражат бөлүп, гранттык сынактарды көз карандысыз комиссия аныктай турганы көрсөтүлгөн.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов иштелип чыккан жободо баштапкы багыттан четтеп кеткен катачылыктар бар экенин, бирок анын негизги максаты улуттук коопсуздукту камсыздоого багытталганын айтты:

Эдил Байсалов, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.
Эдил Байсалов, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

"Биз башында эле айтып келгенбиз. Бейөкмөт уюмдардын арасынан бизге реалдуу сын айтып, иштиктүү сунуш бергендерине гранттарды бөлөлү деген демилге чыккан. Кандай гана коомдук уюм болбосун, анын демилгеси элге пайдалуу болсо, мамлекеттин жүгүн жеңилдетсе, анда аларды албетте, колдоо керек. Алар акча каражатын чет элдик донор уюмдардан, элчиликтерден же башка бир эл аралык уюмдардан эмес мамлекеттин эсебинен алсын деген сунуш болгон. Төрага Акылбек Жапаров тарабынан жобонун долбоорун даярдоо боюнча мына ушундай туура багыт берилген. Бирок аткаруучулар аны өз түшүнүгүнө жараша иштеп чыгышыптыр. Биз аны кечээ күнү көрүп, өзүбүз дагы таң калдык. Бирок талкуудан соң сын-пикирлер эске алынып, анын баары оңдолот. Коомдук талкуунун максаты ошондо да. Канчалык сын болсо, бизге ошончолук пайдалуу".

Орусиядан көчүрүлгөн документ

Бирок ошол эле кезде юрист Клара Сооронкулова өкмөттүн аталган жобосун анализдеп жатып, бул долбоор орусиялык укуктук ченемдерден көчүрүлгөнүн байкап калганын айтты.

Клара Сооронкулова түп-орду менен көчүрүлгөн жобонун долбоору бекитилсе, анда ал бийликти коргоп, тар саясий кызыкчылыкты гана көздөгөн документ болорун белгиледи:

"Орусиянын өкмөтү 2006-жылдан бери бейөкмөт уюмдарга мамлекеттик гранттарды берип келе жатат. Анын өзүнүн тартиби бекитилген. Ал эми биздикилер болсо орус бийлигинин ошол жобосун түздөн-түз көчүрүп салышыптыр. Муну биз кантип байкап калдык. Анткени Орусиянын бейөкмөт уюмдарынын тармагында өзүнчө бир түзүмдөр бар да. Бизде болсо андайлар жок. Биздикилер аны эске албай эле, түптүз көчүрүп алышыптыр. Мисалы, Орусияда эксперттердин Бириккен кеңеши деген бар. Бизде болсо, андай бирикме жок. Ошондуктан башка бирөөнүн документин көчүргөндө дагы байкап туруп көчүрүшсө болмок. Анан эң негизги нерсе - Орусияда мамлекет бейөкмөт уюмдарды каржылаганы менен анын ишмердигин толук чектеп салган".

Кыргызстандагы “Адилет” укуктук клиникасы менен “Медиа полиси” институту Министрлер кабинетинин “Коммерциялык эмес уюмдарга жана жарандык коомдун башка институттарына мамлекеттик чакан гранттар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоорун кайрадан иштеп чыгууну сунуштап, тыянак чыгарышты.

Кыргызстандагы кырктан ашуун коммерциялык эмес уюм өкмөткө кайрылып, бейөкмөт уюмдар арасында бөлүштүрүлүүчү чакан гранттар боюнча токтом долбоорун азыркыдай редакцияда сунуштоону токтотуп, жарандык коомдун катышуусу менен кызматташуу боюнча кеңири талкуу уюштурууга чакырып жатышат. Алардын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго жолдонгон кайрылуусу 11-майда жарыяланды.

Кайрылуунун авторлору эгер токтом азыркыдай редакцияда кабыл алына турган болсо бейөкмөт уюмдарды бийликке ыктаган, келечекте анын колдоосуна ээ боло тургандар жана бийликтин кемчиликтерин ачык айтканы үчүн кысымга кабылышы мүмкүн болгондор деп бөлө турган жагдайга алып келиши ыктымалдыгын белгилешкен.

Ошондой эле анда бир катар юридикалык дал келбестиктер бар экени, укук коргоо жана антикоррупциялык экспертиза жүргүзүү зарылдыгы айтылды.

Аны иштеп чыгып, коомдук талкууга койгон тарап Юстиция министрлиги катары көрсөтүлгөн. Бирок анын расмий сайтында министрлик бул долбоорду иштеп чыкпаганы жана ага демилгечи эмес экени жазылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG