Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

Бишкектеги акция. "Медиа Полиси" уюмунун кайрылуусу


"Кактус медиа" жана “Клооп” басылмаларынын алдында өткөн митинг
"Кактус медиа" жана “Клооп” басылмаларынын алдында өткөн митинг

9-февралда "Кактус медиа" жана “Клооп” басылмаларынын алдында акция өттү. Чогулгандар Тажикстандын Asia Plus интернет порталындагы жаңылыкты жарыялаганы үчүн "Кактус медианы" жоопко тартууну талап кылышты.

"Медиа Полиси" институту көз карандысыз маалымат каражаттарын медиа мейкиндиктен сүрүп чыгуу аракети болуп жатканын билдирип, бийликке кайрылды.

"Кактус медиа" менен “Клооп” басылмасынын алдында өткөн акцияга он чакты адам катышты. Буга чейин 28-январда дагы басылманын алдында акция өткөн.

Акция катышуучусу, өзүн пенсиядагы милиция кызматкери деп тааныштырган Канжарбек Шералиев “Кактус медиага” карата козголгон кылмыш иши аягына чыгыш керек деп эсептейт.

“Прокуратура “Кактус медианын” ишин аягына чейин алып барсын. Биз аларды камап бергиле деген жокпуз. Медианын кожоюну прокуратура, сот кандай чечим кабыл алса, ошол жазасын алсын деп талап кылып чыктык”.

27-январда Kaktus.media порталы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чырга байланыштуу Тажикстандын Asia Plus сайтынын маалыматын көчүрүп жарыялаган (перепечатка). Kaktus.media басылманын максаты – тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын кыргыз коомчулугуна көрсөтүү болгонун, жарыяланган материалда маалымат булагына шилтеме берилгенин белгилеген. Ошондой эле портал башка басылмадан алынган (перепечатка) маалымат боюнча оюн так жеткире албагандыгы тууралуу түшүндүрмө берип, бул үчүн бардык кыргызстандыктардан кечирим сураган.

Бул окуяга байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (“Согушту пропагандалоо, башкача айтканда, бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу”) менен кылмыш ишин козгогон.

Мындан улам "Медиа Полиси" институту Kaktus.media жана Temirov Live каналынын айланасындагы соңку жагдайлар боюнча кайрылуу жасады. "Медиа Полиси" бул көрүнүштөрдү эркин медиага басым деп атап, Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат каражаттарын медиа мейкиндиктен кууп чыгуу аракети болуп жатканын билдирди.

"Kaktus.media басылмасына каршы акциялар Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат каражаттарын медиа мейкиндиктен жок кылууга коомду үндөө аракети болуп саналат. Бул тыянакты азыркы бийлик өзүнө карата айтылган сынга чыдабай, тескерисинче, сын айткандарга карата кылмыш ишин ачканынан улам чыгардык. Буга акыркы күндөрү Болот Темировго козголгон кылмыш ишин негиз келтирсек болот. Медиага эркиндик берүү - демократиялык коомдо атуулдардын укугунун эң негизги таянычы. Анын арты менен журналисттер коррупциянын бетин ачат, аткаминерлерге суроо берип, бийликти коомдун алдында отчеттуулукка чакырат", - деген билдирүүдө.

Акцияга чыккандарга бул жолу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу кошулган. Ал 2012-жылы "чет элдик тыңчылар" жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштап, бирок ал кабыл алынбай калганын айтты. Азыркы парламентти сөз болуп жаткан мыйзамды кабыл алууга чакырды.

Турсунбай Бакир уулу
Турсунбай Бакир уулу

"Жогорку Кеңеш чукул арада “чет өлкөлүк тыңчы” деген макамды мыйзамга киргизиш керек. Кыргызстанда жайгашып, чет өлкөдөн каржыланып, жобосунан чыгып, өлкөнүн саясатына аралашып, туруксуздаштырууга аракет кылгандарга макам колдонуш керек".

2020-жылы Октябрь окуяларында бийлик алмашкандан кийин мурдагы бийликтердин тушунда кабыл алынбай келген бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам кабыл алынып, президент кол койгон.

Жергиликтүү активисттер жана бир катар эл аралык уюмдар бул мыйзам жарандык коомду, бийликти сындагандарды кысымга алуу амалы экенин айтышкан.

Президент Садыр Жапаров буга чейин "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү" талаштуу мыйзамга да кол койгон.

“Кактус медиа” менен “Клооптун” кеңсесинин алдында өткөн акцияга байкоо салуу үчүн келген укук коргоочу Динара Ошурахунова буларды билдирди:

Динара Ошурахунова
Динара Ошурахунова

“Бул буйрутма. Булар батыш, АКШ деп эле бирдемелерди айтып атканын өздөрүнүн да түшүнбөгөнүнөн улам буйрутма экенин билүүгө болот. Бизде бийликке жакпагандарга каршы ушундай эмоцианалдуу, агрессивдүү акция уюштурган топтор пайда болду. Акцияга чыккан жигиттер айтып жатпайбы, ушул медиаларды жабыш керек деп... Эртең бирөөлөр булардын оозун жаап чыкса туура болобу? Жарандарды бири-бирине каршы коюп, манипуляция кылып жатканы кооптуу. Артында турган адамдар кесепетин түшүнүп жатабы?”.

“Кактус медиага” козголгон кылмыш иши боюнча башкы прокурор Курманкул Зулушев дагы пикирин билдирди. Ал сайтка жарыяланган маалымат боюнча экспертиза дайындалганын, коюлган айып далилденсе, тиешелүү адамдарга юридикалык баа берилип жоопко тартыларын, эгерде кылмыштын курамы жок болсо иш кыскартыларын маалымдады.

“Биринчи май райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Ушул тапта Бишкек шаардык прокуратурасы тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Экспертиза чыгаруу үчүн токтом даярдалган. Жообу чыга элек. Ал жерде “Кыргыз мамлекети биринчи ок атты” деген маалымат болгон. Эки мамлекеттин ортосунда чек ара боюнча олуттуу маселе бар. Журналист, жөнөкөй жаран, мамлекеттик кызматкер болобу мыйзам бузса, бирдей жооп бериши керек”.

Зулушев ошондой эле, Temirov Live редакциясынын кызматкеринин жарыяланып кеткен интимдик видеосу боюнча Бишкек прокуратурасы текшерүү жүргүзүп жатканын билдирди. Андан сырткары иликтөөчү журналист Болот Темировду Республикалык наркология борборуна тест тапшыруу үчүн коштоп келген эки милиционер тийиштүү жаза алганын айтты.

“Жарандардын жеке жашоосун аңдуу туура эмес деп эсептейм. Күнөөлүүлөр жоопко тартылат деп ойлойм”, - деди Зулушев.

Жарандык активист Нурсултан Акылбек “Кактус медиа” басылмасына кылмыш ишин козгоого негиз жок деген пикирде.

Нурсултан Акылбек
Нурсултан Акылбек

“Сөз эркиндигине карата бийликтин басымы эле болуп жатат. Кээ бири чын ниети менен чыгып жаткандыр, бирок "дүжүр" адамдардын жүргөнүнө караганда буйрутма технология. Бизди агрессор көрсөтпөгүлө деп элчиликке деле чыкса болот эле да. Болот Темировдун митингинде чагым кылган адам “Кактус медиага” каршы акцияда жүрөт. Майда себепти кармап, иликтөө кылган журналисттерге, эркин медиага жасалган басым катары кабыл алам”.

“Кактус медиа” жана “Клооп” басылмаларына каршы Бишкекте өткөн акция сөз эркиндигине, демократияга терс таасир тийгизе турганын Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Иманалиев "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.

"Кыргызстандын 30 жылдык эгемен тарыхында басма сөзгө болгон кысым, басылмаларды сотко берүү, журналисттерди коркутуу дайыма тескери натыйжа берип, бийликтин дарегине сынды күчөткөн. Бирок бийлик төбөлдөрү тарыхтан эч сабак албай койду", - деди Иманалиев.

"Басма сөзгө кысым көрсөтүү дайыма терс натыйжа берет"
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:38 0:00

Буга чейин жергиликтүү медиа эксперттер, укук коргоочулар басылманы коргоп билдирүү таратышкан. "Медиа Полиси" институту ички иштер министри Уланбек Ниязбеков менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына жалпыга маалымдоо каражаттарында иштегендердин коопсуздугун камсыз кылууну суранып, кайрылуу жолдогон.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

  • 16x9 Image

    Санжар Эралиев

    "Азаттык" радиосунун журналисти жана алып баруучусу. Сезимтал журналистика, кесиптик этика боюнча адис. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG