Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:01

Мамлекет бейөкмөт уюмдарды каржылай баштайт 


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Юстиция министрлиги бейөкмөт уюмдарды мамлекеттен каржылоого байланыштуу Министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда бул багытта 100 миллион сом бөлүп берүү, долбоорлорду атайын сынактын негизинде тандоо өңдүү чаралар каралган.

"Адилет" укуктук клиникасынын талдоосуна ылайык, долбоор чийки жазылган жана мамлекеттен чакан грант алган бейөкмөт уюмдарды тандоодо ачыктык жок, ошондой эле коррупцияга, бөлүп-жарууга жол ачкан жагдайлар бар.

Токтом долбооруна ылайык, бейөкмөт уюмдарга чакан гранттарды берүү үчүн жылына сынак уюштурулат. Сынакты Министрлер кабинетинин төрагасы түзгөн комиссия жүргүзөт. Ага президенттин администрациясынын, министрлик-мекемелердин, Башкы прокуратуранын, Эсеп палатасынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет.

Чакан гранттарды билим берүү, агартуу, тархый мурастарды сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо, улут жана дин аралык ынтымакты бекемдөө, мекендештерди колдоо жана жарандык коомдун институттарын өнүктүрүү максатында берилет жана бир долбоордун баасы 3 миллион сомдон ашпашы керек.

Президентке караштуу Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиевдин пикиринде, бейөкмөт уюмдарды мамлекеттен каржылоо демилгеси заман талабы.

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

"Бул абдан жакшы демилге. Себеби бейөкмөт уюмдардын коомдо өзүнүн ролу, орду жана таасири бар. Бул өкмөттүн программаларын эл арасына жеткирип, түшүндүрүү үчүн дагы маанилүү. Бейөкмөт уюмдары чет өлкөдөн каржыланат деп жатабыз. Бирок кеп анда деле эмес. Чет өлкөдөн каржыланган бейөкмөт уюмдардын социалдык тармактарда, билим берүүдө жасап жаткан иштери абдан жакшы. Өкмөт дагы ошондой иштерге колдоо көрсөтсө, аны мен толугу менен колдойм. Бул абдан керек. Анткени азыр доор өзгөрдү, тышкы каржылоонун эсебинен бейөкмөт уюмдар дагы өнүктү. Бийлик ошол күчтү, таасирди өлкөнүн өнүгүшү үчүн ирээттүү колдонууга мезгил жетти".

"Адилет" укуктук клникасы бул долбоорду талдап чыккан. Анда документ жалпысынан чийки экени, сынакка катышкан бейөкмөт уюмдарды тандоодо ачык-айкындуулуктун жоктугу белгиленген.

Мындан улам укуктук негиздерди, коррупцияга жол ачкан жагдайларды тактоо үчүн атайын экспертизалар жүргүзүлүшү керектиги жазылган. Бейөкмөт уюмдарды бөлүп-жарууга жол ачылышы ыктымалдыгын эскерткен. Мындан улам долбоорду кеңири талкуулоо тууралуу сунуш берилген.

“Интербилим” эл аралык борборунун Оштогу филиалынын жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева долбоор кайра кайтарылып алынышы керек деп эсептейт.

Гүлгаакы Мамасалиева.
Гүлгаакы Мамасалиева.

"Ал долбоордо "Мамлекеттик социалдык буюртма" деген мыйзамга шилтеме берилиптир. Ошол мыйзамды ишке ашырууга ылайыкташкан токтом деп жазылыптыр. Ошону менен бирге Бюджет кодексине дагы шилтеме беришиптир. Ошол муниципалдык жана социалдык буюртма мыйзамына ылайык, социалдык долбоорлор республикалык бюджеттен каржыланышы керек. Токтомдо каржы булагы так жазылган эмес. Республикалык бюджеттен каржыланабы же президенттин жеке фондунан каржыланабы, ал көрсөтүлгөн эмес. Токтом долбоорунда дагы "абийирсиз коомдук уюмдар туура эмес маалыматтарды бербеши үчүн, же туура эмес иштерди жасабашы үчүн" дегендей жазылып турат. Бул коомдук уюмдарды жакшы же жаман деп бөлүүгө жатат. Биз Юстиция министрлигинен бул долбоордун автору тууралуу сурасак, алар авторлору ким экенин айтпай жатат. Бөлүп-жаруу Конституцияга да туура келбейт. Бул коомдук уюмдарды дискриминациялоо болуп эсептелет. Бул жерде бейөкмөт уюмдарына бийлик баа берет экен. Эгер сени "абийирсиз бейөкмөт уюм" деп тапса, демек сен ошол жерден грант ала албайсың. Андай бааны ким берет деген нерсе жазылган эмес. Көз карандысыз комиссия дегени менен деле ал жерде комиссия эркин болбойт, себеби анын курамынынын дээрлик 80% мамлекеттик органдардын өкүлдөрү болот экен. Демек, ал бийликтен көз каранды комиссия болот. Биз өзүбүзгө тиешелүү долбоорду өзүбүз талкуулашыбыз керек эле. Биз буга байланыштуу өз сунуштарыбызды беребиз. Биз анда долбоорду кайтарып алуу сунушун беребиз".

"Коомдук анализ институту" уюмунун башчысы Рита Карасартова болсо бул жаатта президенттин администрациясынын кийлигишүүсүн сынга алды.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

"Социалдык буюртма деген нерсе бар. Анын жөн гана мамлекеттик буюртма деп эле атап койсо болот. Ошондой куралдарды, аспаптарды булар бүтүндөй институтка айлантып жатканы туура эмес. Ал мамлекеттик буюртманы ишке ашырган жөн гана курал, ыкма гана болушу керек эле. Кааласаң өзүң жаса, болбосо ушул жаатта алектенип жүргөн бейөкмөт уюмдарга бер. Булар болсо бир орган, көз карандысыз деген комиссия түзүп, акырында "президенттин жасап аткан иши сонун" деп айтып турган топ пайда болот. Эгер биз сындап чыксак, "булар сырттан акча алганы үчүн сындап жатат" деген жагдай жаралат. Долбоордо бардык нерсени президенттин администрациясы алып алыптыр. Каражатты ошолор бөлүштүрөт экен. Бейөкмөт уюмдарынын аркасынан президенттин администрациясынын ишин даңазалоо сыяктуудай болот экен. Долбоордун маалымдама-негиздемесинде ачык эле жазып, бейөкмөт уюмдарды "өзүбүздүкү жана Батыштан акча алгандар" деп бөлгөнү жатышат. Мисалы, мен сырттан акча алганым менен сот системасындагы алешемдиктерди айтып жатам. "Рита биздин сотторубузду урушуп жатат" деп чыгышканы туура эмес да".

Юстиция министрлиги мындай сын-дооматтарга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин келген бийлик жарандык коомго байланыштуу саясатын былтыр ноябрь айында ачыкка чыгарган. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өкмөттүн бейөкмөт уюмдарды бюджеттен каржылоо ниети бар экенин билдирген. Байсалов мыйзам жарандык уюмду түз каржылаганга жол бербегендиктен ар кандай кызмат көрсөтүү үчүн сынак жарыяланарын айткан.

"Албетте, мамлекеттен көз каранды болгубуз келбейт деген адамдар менен уюмдар чыгары алдын ала белгилүү. Аларга бөлөк мамлекеттен көз каранды болгон кызыктуу. Анткени ал мамлекеттердин акчасы кантип короп жатканы менен иши жок. Бирок эгемендүүлүктүн отузунчу жылында сырткы күчтөрдүн биздин жарандык жана коомдук уюмдарды көзөмөлсүз каржылоосуна чекит койчу мезгил келгенин эскертким келет. Ал алыскы Америкабы же Жакынкы Чыгышпы, анын ортосубу же айланасыбы айырмасы жок. Кыргызда "жамандын үйүн коногу бийлейт" дейт. Мындан ары коноктор бирөөлөрдү бузуп-бурмалап, башкаларга тымызын тукурган абал болбойт. Бардык бейөкмөт уюмдарды тыштан каржылоо мамлекеттик органдарга ачык жана көзөмөлдө болуш керек", - деген Байсалов.

Деген менен укук коргоочу Азиза Абдирасулова бул жааттагы айрым бир мамлекеттердин тажрыйбаларына токтолду.

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

"Бул жаатта бизге Польшанын системасы кирип калса абдан жакшы болмок. Ал жакта акча бөлүнөт, бирок анын бөлүштүрүлүшүнө мамлекет киришпейт. Мен мамлекеттин бейөкмөт уюмдарды каржылаганы жатканын колдойм. Польшада мисалы каражат бизнестен, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен бөлүнөт. Салык төлөөчүлөр кирешесинен 10% салыкка төлөсө, ошонун 2% бейөкмөт уюмдарын каржылоого кетет. Салык төлөөчүлөр бул акча кайсы тармакка, алтургай кайсы бейөкмөт уюмдарына берилиши керектигин өздөрү аныктайт. Польшада мисалы адам укугунун корголушуна абдан чоң маани беришет экен".

Кыргызстанда канча бейөкмөт уюм бар экени тууралуу расмий маалымат жок, алар 10 миңдин тегерегинде экени айтылып жүрөт. Азыркы бийлик мурдагы президенттин тушунда кабыл алынбай келген бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөткөн мыйзамды кабыл алып, ага кол коюлган.

Жергиликтүү активисттер жана бир катар эл аралык уюмдар бул мыйзам эскертишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG