Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 00:09

HRW демократ лидерлер көңүл бурчу жагдайларды санады


Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен, АКШ президенти Жо Байден, Франциянын лидери Эммануэл Макрон, Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдо жана башкалар.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму билдиргендей, дүйнөдөгү демократиялык лидерлер автократтарды жеңүү үчүн глобалдык маселелерди чечүүдө үлгү көрсөтүп, алдыда болушу шарт.

Уюмдун 13-январда жарык көргөн "Дүйнөлүк баяндама-2022" деп аталган документинде былтыр дүйнөдөгү авторитардык лидерлер демократиялык күчтөрдүн олуттуу каршылыгына туш болгону да белгиленет.

Баяндамда HRW жүздөй мамлекетте, анын ичинде Кыргызстандагы адам укуктары жаатындагы абалга байкоо жүргүзгөн.

"Бүгүнкү көйгөйлөрдү чечүү үчүн демократиялык лидерлер алдыдагы окуяларды көрө билүү сапатына ээ болуп, азыркы заман талабына ылайык кыйындыгын көрсөтө албаса, элдин көңүлү калышы мүмкүн. Бул автократтарга эле пайдалуу болот", - дейт уюмдун аткаруучу директору Кеннет Рот.

Баяндамада авторитардык көз караштагы лидерлер коомчулуктун муктаждыгын эмес, өз кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик каражатты колдонушары жазылган.

Уюмдун аткаруучу директору Кеннет Рот белгилегендей, Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан Евробиримдиктин субсидияларын кулайын деп калган ооруканаларды оңдоого эмес, футболдук стадиондорго короткон.

Документте Орусияда 2020-жылдын ноябрь айында башталган куугунтуктар былтыр "чет элдик агенттер" жана "ылайыксыз чет элдик уюмдар" тууралуу мыйзамдарды катаалдаштыруунун алкагында күчөгөнү белгиленет.

"Бийлик ушул жана башка мыйзамдарды укук коргоочуларды, журналисттерди, көз карандысыз топторду, саясий каршылаштарын, атүгүл окумуштууларды каралоо, коркутуу, жазалоо үчүн колдонду", - деп жазылат баяндамада.

Орусияда камакка алынган оппозиция лидери Алексей Навальныйдын санаалаштары, ага жан тарткан активисттер куугунтуктоолордон улам өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Ошондой эле документте Кытайдын лидери Си Цзинпин "2021-жылы өлкөнүн ичинде жана сыртында куугунтуктоолорду эки эсе күчөтүү" менен өз бийлигин дагы бекемдегенине көңүл бурулган.

"Кытай бийлиги Олимп оюндарын өзүн актоо үчүн колдонгусу келет. Шинжаңдагы адамзатка каршы кылмыштарын, уйгурларды жана башка мусулмандарды куугунтуктоону, Гонконгдогу эркиндикти басмырлоону жууп кеткиси келет. Эл аралык коомчулук көрмөксөн болбой, Олимпиадага өз аткаминерлерин жибербей дипломатиялык бойкот жарыялоого кошулушу керек. Биз спортчуларды бойкоттоого чакырган жокпуз. Шинжаңдагы кырдаалга көңүл буруш үчүн баарын жасоо керек деп эсептейбиз", - дейт укук коргоо уюмунун аткаруучу директору Кеннет Рот.

Буга чейин АКШ баш болгон бир нече мамлекет Бээжинде өтө турган Олимпиада оюндарына дипломатиялык бойкот жарыялаган.

Мындай мисалдар көп болгонуна карабастан, дүйнөнүн ар кайсы булуңунда демократия тутанат деген үмүт бар. Маселен, Венгрия менен Түркияда алдыдагы шайлоолорду утурлай "Оппозициячыл партиялардын бирикмеси" түзүлгөнү белгиленет.

Кыргызстандагы абал

Ал эми Кыргызстан тууралуу бөлүгүндө былтыркы саясий жараяндарга, анын ичинде президенттик шайлоонун өтүшүнө, "айрым беренелери адам укуктарына каршы жаңы Конституциянын кабыл алынышына" жана Тажикстан менен чек арада болгон куралдуу жаңжалга көңүл бурулган.

Өткөн жылы парламент "жалган маалымат" жана бейөкмөт уюмдар тууралуу талаштуу мыйзамдарды кабыл алганы да белгиленген.

Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук кыскарбаганы, кыз-келиндерди коргоо механизмдери жакшы иштебей жатканына көңүл бурулган. "Айзада Канатбекованын өлүмү өлкөнү нес кылды", - деп жазылат баяндамада.

Андан тышкары түрмөдө каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмү тууралуу иш негизсиз кыскартылып, кайра соттун чечими менен жанданганы жазылат. Дагы бир укук коргоочу Камил Рузиевге каршы кылмыш иши козголуп, соттук жараян ушул күнгө чейин уланып жатканы белгиленет.

Андан тышкары баяндамада былтыр "Сапат" билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инандынын Бишкектен уурдалып, Түркияга өткөрүлүп берилгени жазылат. Ал окуя эл аралык жана жергиликтүү мыйзамдардын баарын одоно бузуу менен ишке ашканы белгиленген.

Ошондой эле жабык жайлардагы кыйноолор боюнча жетиштүү чара көрүлбөй, сексуалдык азчылыктардын укуктары бузулуп жатканы жазылат.

Кеннет Роттун айтымында, демократиялык лидерлер каршылаштарынын гана каталарын айтып отуруп албастан, улуттук жана глобалдык маселелерди чечүү үстүндө олуттуу иштөөгө тийиш.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG