Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:38

Инанды сотто катуу басым алдында көрсөтмө бергенин айтты


Орхан Инандыны табуу талабы менен Бишкекте өткөн акция. Июнь, 2021-жыл.
Орхан Инандыны табуу талабы менен Бишкекте өткөн акция. Июнь, 2021-жыл.

23-ноябрда Түркиянын баш калаасы Анкарада Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Орхан Инандынын соту өттү. Бул тууралуу оппозициячыл "Жумхуриет" басылмасы билдирди.

Инандынын ишин Анкара шаарынын Жогорку соту карап жатат. Айыпталуучу соттук отурумга Түркиядагы адвокаты Халил Ибрагим Йылмаз менен катышканы жазылат.

"Мен катуу басым алдында көрсөтмө бергем. Өзүмдү толук коргой алган жокмун, анткени мен катуу депрессияга түшүп, колум сынган болчу. Кошумча убакыт сурайм", - деп айткан Инанды сотто.

Сотто ал 2016-жылы Түркиядагы төңкөрүш аракетине Фетхуллах Гүлендин кыймылынын тиешеси бар экенине ишенбей турганын билдирген.

Сотто көрсөтмө берген беш түркиялык күбө Инандыны Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемесинин мүдүрү катары тааныганын айтып беришкен.

Сот Инандыны камакта калтыруу боюнча чечим чыгарып, анын коргонууга даярдануу үчүн убакыт сураганын эске алуу менен отурумду 3-февралга жылдырды.

Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген Инанды 1-июнда жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып барганын айткан. Түркиядагы жактоочусунун айтымында, Инандынын колун Бишкектен уурдоо учурунда сындырышкан, прокуратура аны 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылган. Анкаранын прокуратурасы Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкарууга" айыптап жатканын "Анадолу" агенттиги кабарлаган.

Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстанда милиция Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон.

Президент Садыр Жапаров Инандыны Кыргызстанга кайтарууну Анкарадан талап кыларын айткан. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ал кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук коргоо органдарынын аны жоопко тартуусу мыйзамдуу экенин билдирген.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыйноолорго каршы комитети Орхан Инандынын уурдалып, кыйноого кабылып, Түркияга жеткирилишине Кыргызстандын күнөөсү бар экенин билдирген. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG