Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:44

"Азаттык" радиосунун атынан Адахан Мадумаровго байланыштуу жалган маалымат таратылууда


Социалдык түйүндөргө чыгарылган жалган маалымат.
Социалдык түйүндөргө чыгарылган жалган маалымат.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров "Кыргызстандан качып кеткени" жөнүндөгү жалган маалымат "Азаттык" радиосунун атынан социалдык желеге таратылууда.

22-ноябрда "Фейсбуктагы" айрым баракчаларда ушундай өңүттөгү кабар "Азаттыктын" эн белгиси (лого) менен кошо жарыяланган.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Мунарбек уулу Мадумаров эки күн мурун Орусияга кеткенин, Москва жана Санкт-Петербург шаарларында шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп жатканын маалымдады. Анын айтымында, саясатчы 26-ноябрда Кыргызстанга кайтып келет.

"Азаттыктын" жаңылыктары, макалалары, видео баяндары, аудио жана башка материалдары azattyk.org же rus.azattyk.org расмий сайттарына жайгаштырылат. Андан сырткары социалдык тармактардагы бардык баракчалары (Instagram, Twitter, Facebook, YouTube, Telegram) расмий түрдө текшерүүдөн өтүп, аны тастыктаган көк белгиге ээ.

Социалдык желедеги баракчалар:

  • "Фейсбук" - Kyrgyz Azattyk unalgysy,
  • "Инстаграм", "ВКонтакте" - azattyk.kg,
  • "Твиттер" - @Azattyk_radiosu,
  • "Одноклассники" жана "Ютубдагы" канал - Azattyk,
  • Орус тилиндеги баракчалар - Azattyk Media.

”Азаттыктын" журналисттери бардык берүүлөр жана башка жарык көрчү (анын ичинде интернет аркылуу таратылган) материал, маалыматтар факты жүзүндө так болушун камсыздаш үчүн болгон аракетин жасашат. Айың кепке же такталбаган маалыматка таянган маалымат обого чыгарылбайт жана сайтка жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG