Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:48

Орусиянын коңшусу Финляндия НАТОго кошулууга арыз берет


Финляндиянын премьер-министри Санна Марин (солдо) жана президенти Саули Ниинистё (оңдо).
Финляндиянын премьер-министри Санна Марин (солдо) жана президенти Саули Ниинистё (оңдо).

Финляндия НАТОго мүчөлүккө өтүүгө арыз берерин жарыялады. Бул тууралуу 15-майда Хельсинкидеги президенттик сарайда өткөн басма сөз жыйынында фин президенти Саули Ниинистё менен премьер-министри Санна Марин чогуу туруп билдирди.

"Парламент менен талкуулагандан кийин бүгүн биз республиканын президенти жана өкмөтү биригип, Финляндия НАТОго мүчө болууга арыз берерин макулдаштык. Бул тарыхый күн. Жаңы доор башталууда", - деди премьер Марин журналисттерге.

Фин парламенти жакынкы күндөрү бул чечимди колдой турганы маалым болду. Андан соң Хельсинкинин арызы Брюсселдеги НАТОнун баш кеңсесине жиберилет.

Фин-орус чек арасынын узундугу 1300 чакырым. Соңку 75 жылда финдер эч бир аскердик бирикмеге кошулган эмес.

Ушундай эле билдирүү менен 16-майда Швециянын бийлиги да чыгары кабарланды.

Орусия Украинага кол салгандан кийин жогорудагы эки өлкө тең НАТОго кошуларын билдирген. Москва Хельсинки аскердик бирикмеге кошулса, "одоно ката кетирерин" жана орус-фин алакасына кедергисин тийгизерин эскерткен.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган аскердик уюмга Финляндия менен Швецияны кошууга каршы экенин, алардын арызына бөгөт коёрун 13-майда билдирген. Ал өз чечимин “бул өлкөлөр көптөгөн террордук уюмдардын үйү болуп калганы" менен байланыштырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG