Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Борбордук бажынын мурдагы башчысы кайда?


Нурбек Айбашев.
Нурбек Айбашев.

Мамлекет 166 миллион сом зыян тарткан деген иш боюнча айыпталып жаткан бажы кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Нурбек Айбашевдин өлкөдөн чыгып кеткени кабарланды. Муну мамлекеттик органдар тастыктай элек.

Бажычы өлкөдөн качан жана катип чыкканы белгисиз

Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Нурбек Айбашевдин өлкөдөн чыгып кеткени жөнүндө кабарды адвокат Майрамбек Жумабеков “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, 2022-жылдын 11-майындагы Бишкек шаардык сотунда Айбашевдин өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болду.

“Сотто ошондой маалымат айтылды. Сот прокурорлорго Чек ара кызматынан качан, кайда, эмнеге чыгып кеткени жөнүндө документ алып келгиле деди. Ал кеткени жөнүндө документ болсо, издөө жарыяланып, башкалар боюнча сот улана бериши керек деди. Башкалардын иши кармалып жатат”, - деди Жумабеков.

Майрамбек Жумабеков - Айбашев менен кошо айыпталып жаткан 15 бажы кызматкеринин арасындагы бажы кызматынын юридикалык бөлүмдүн мурдагы башчысы Маршал Бейшеевдин жактоочусу.

Айбашевдин качан жана кандай шартта өлкөдөн чыгып кеткени беймаалым. Прокуратура сот өндүрүшүндөгү ишке комментарий бере албай турганын айтса, сот маалыматты тактап берерин кабарлады.

Айбашевдин адвокаты жана жакындары менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Бажычылар айыпталган кылмыштын чоо-жайы

Мурдагы бажы төрагасы Адамкул Жунусов, орун басары Замирбек Ниязалиев, бөлүм башчы Нурбек Айбашев баш болгон 15 бажычы айыпталган кылмыш иши жөнүндө айтып берели.

2018-жылы 25-майда Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашев Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кармалган. Ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция 2021-жылы жоюлган) кайсы бир ишкананын өкүлү менен жең ичинен сүйлөшүп алып, Кытайдан товарларды мыйзамсыз ташып келүүгө көмөктөшкөнү аныкталган деп маалымдаган. Кызматтын тергөөсүндө, “Кыргызстандан Кытайга тери жөнөтүлгөндө бажы төлөмдөрүн мыйзамсыз жеңилдеткен, териден жасалган буюм-тайымдар кайра өлкөгө кирген эмес, мунун айынан мамлекет 166 миллион сом зыян тарткан” деп айтылат.

Көп өтпөй бул факт боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Ниязалиев кармалган. Каржы полициясы Ниязалиевге "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу", "Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу" жана "Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарынан аша чабуу" беренелери боюнча айып таккан.

Кийин мурдагы бажынын башчысы, 2018-жылы 18-августта «бажыда туруктуу коррупциялык байланыштарды түзгөн» деген айып менен кармалган Адамкул Жунусов жана 12 бажы кызматкери дагы ушул иштерге байланыштуу айыпталып жатканы белгилүү болгон.

Бажычылар күнөөлүү деп табылган

Казынага 166 миллион сом түшпөй калды деген иш менен айыпталган бажы башчыларына 2021-жылы 26-ноябрда Октябрь райондук сотунун чечими чыкканы жаңы белгилүү болду. Андагы сот чечимине ылайык, бир кызматкерден башкасынын баары күнөөлүү деп табылып, айрымдарынын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза алган эмес, кээ бирине 1-2 миллион сомдон айып пул салынган. Бирок, айыпталуучулар Октябрь райондук сотунун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна даттанышкан экен. Иш экинчи инстанцияда каралып жактандыктан, сот чечими күчүнө кире элек. Кийинки сот 16-майга белгиленген.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, кылмышка айыпталгандар өлкө сыртына чыгарылбоого тийиш. Муну эске алганда Айбашевдин сыртка кантип чыгып кеткени табышмак бойдон калууда.

Нурбек Айбашев 2020-жылы 3-июнда үй камагына чыгарылган. Жогоруда сөз болгон бажы башчылары кармалганын ошол кездеги бийлик бажы тармагындагы паракорчулукка каршы аеосуз күрөш катары сыпаттаган. Каржы полициясы Айбашевдин хан-сарайынын видеосун расмий жарыялаган болчу. Анын жаныбарлардын баалуу терилери илинген жана жалтыраган хан-сарайы көрсөтүлгөндөн кийин коомчулукта бажычылар эсепсиз байлыкты кайдан табат деген сын-суроо күчөгөн.

Бажыдагы коррупция качан жоюлат?

Акыркы беш жылда Кыргызстандагы бажы тармагындагы коррупция тууралуу эл аралык жана бир нече жергиликтүү медиалар биргеликте ондогон иликтөөлөрдү жарыялап, схемаларды ачыктап беришти. Ал эми Бишкекте бажыдагы коррупцияга байланыштуу бир нече нааразычылык акциялар, жүрүштөр өткөн. Анткен менен бажыдагы коррупция боюнча аты аталгандардан жетекчилердин эч ким камалган жок. Бажыдагы коррупция боюнча кылмыш ишинде бажы жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев, Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы башчысы Абдыбахаб Боронбаевдер күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган. Боронбаев менен Ражабалиев 2022-жылы парламентке депутат болуп келишти.

Жарандык активист Нурсултан Акылбек өлкө эгемендүүлүк алган 30 жылдан бери бажы тармагында паракорчулук тамыр жайып, анын токтобой жатканынын себебин айыпталгандардын жазасын калып жатканы менен байланыштырды.

"Жалгыз эле Айбашев эркиндикке эмес. Дээрлик баары эле камалган жок. Айыпталгандардын экөө парламентте депутат болуп отурат. Бажы тармагы бийлик башындагылардын капчыгы болуп калды. Эч ким жаза албаса эч качан коррупция токтобойт", - деди жарандык активист.

Ал эми саясат талдоочу Руслан Акматбек бажы тармагындагы паракорчулукту жоюунун жолдорун сунуштады.

"СССРдин курамындагы Грузияны карайлы. Бардыгы ачык, автоматташтырылган. Коррупцияны азайтса болорун көрсөттү. Америка ачып же велосипед ойлоп табууну кажети жок. Эң негизгиси - өлкө башчысынын саясий эрки. Анын жанында туура кеңешчилер болушу керек".

2020-жылы Октябрь окуясынан кийин келген бийликтин тушунда бажы кызматынын жетекчилиги үч-төрт жолу алмашты. Жетекчилеринин бири Адилет Кубанычбеков эки айдай гана иштеп, коррупциялык схема түзгөн деп камалып, 51 миллион сом мамлекетке кайтарып үй камагына чыкты.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG