Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:30

Торугарттан жүк ташуудагы талаш, иш таштаган айдоочулар


Бишкек-Торугарт жолу.
Бишкек-Торугарт жолу.

Бишкек-Торугарт багытында жүк ташып иштеген айдоочулар 11-апрелде “Иствэй” компаниясына каршы Токмок шаарында нааразылык акциясын өткөрдү. 900 чамалуу киши катышкан акцияда аталган компанияга Кытайдан Торугарт аркылуу жүк ташууну монополия кылуу аракетин көрүп жатат деген дооматтар айтылды. Аталган фирма айыптоо негизсиз экенин билдирүүдө. Ал тапта муну "жүк ташуудагы көмүскө айланган акчанын талашы катары" мүнөздөгөн пикирлер бар.

11-апрелде Токмоктогу акцияга Бишкек-Торугарт багытында жүк ташып иштеген 900 чамалуу айдоочу чыккан. Алардын башын бириктирген “Сапарман” бирикмесинин төрагасы Максат Дүйшеев айдоочулардын нааразылыгын мындайча түшүндүрү:

“Былтыр март айынан октябрь айына чейин Торугартта бир топ пайда болуп, айдоочулардан 50 доллардан 300 долларга чейин алып жүргөн. Аларды президенттин кийлигишүүсү менен кууп түшкөнбүз. Биз айдоочулар биримдикке келип, мындай фирмаларды жумушубузга аралаштырбайбыз деп чечкенбиз. Бүгүн ошол эле адамдар “Иствэй” деген фирма ачып, кайра баштады. Өзүбүздүн унаалар кириш керек деп жатат. Булар Торугартта иштеп жүргөндө үстөмдүк кылчу. Мисалы, күнүнө 40 унаа кирсе, 20сы буларга таандык эле".

"Сапарман" айдоочулар бирикмесине Торугарттан жүк ташыган 948 айдоочу кирген. Алар бирикменин ичинен Ат-Башы, Нарын, Ак-Талаа, Кочкор, Ысык-Көл жана Чүй деген бригадаларга бөлүнөт.

Нааразылык акцияга чыккан айдоочулар. 11-апрель, 2022-жыл. Сүрөт Фейсбуктан алынды.
Нааразылык акцияга чыккан айдоочулар. 11-апрель, 2022-жыл. Сүрөт Фейсбуктан алынды.

“Иствэй” атуу компаниянын жетекчиси Данияр Кадыралиев "Сапарман" айдоочулар ассоциациясынын төрагасынын айыптоосун курулай доомат деп атады:

“Мунун бардыгы карандай калп. Мени көптөр билет, ири жүк ташуучумун. Кытайдан келчү жүктү ал жактан мен чогултам, барын жөнөтөм. Биз эмнеге алардан 50 доллардан алышыбыз керек? Түшүндүрүп бере алышпайт. Жүк ташып келиш үчүн аларга акча төлөп берип жатсак, эмнеге акча алабыз? Мен бул тармакта он жылдан бери иштейм. “Иствэй” компаниясы эки жылдан ашык убакыттан бери иштейт. Каяктан жаңы ачылган компания болуп калат? Алар эмнеге менин гана компаниямды айтып жатат? Анткени, маселени биз көтөрүп, арызды биз даярдадык. Айдоочулар эмнеге патент, уруксат кагаздарын албайт, салык төлөбөйт деген өздөрүндө толтура маселе бар”.

Жүк ташуунун баасын көтөрүү демилгеси

“Сапарман” айдоочулар бирикмеси 20-мартта жыйын өткөрүп, бааны көтөрүү боюнча бир катар чечимдерди кабыл алган. Алар 4-апрелде Кытайдан товар ташыган соодагерлерге, кызмат көрсөткөн компанияларга жүк ташуунун баасы өскөнү тууралуу кулактандыруу жөнөтүшөт.

Ага ылайык, Торугарттан Бишкекке чейин жүк алып келүү 1400 доллардан 1600гө, ашык салмактуу жүктөрдү ташуу 1600 доллардан 1800гө, үч күндөн ашык күткөн күндөр үчүн төлөнчү 3 миң сомду 5 миң сомго көтөрүлмөк.

Кызмат көрсөткөн он чакты компания бирикменин бааны көтөрүү чечимине каршы Антимонополиялык кызматка арыз жазып, жүктү Торугарттан бери 110 миң сомго ташып келсе болот деген эсеп беришкен. Буга каршы айдоочулар 6-апрелде жалпы иш таштаган.

"Иствэй" фирмасы кантип аткезчилик кылуунун жолун таба албай, мурда биз жакшы эле иштешип келген фирмалар менен ортобузга от жагып жатат. Ооба, биз бааны көтөрүү тууралуу кулактандыруу жөнөткөнбүз. Бирок бизге кат жүзүндө жооп берип койсо деле болмок. Алар Торугартка барып 100 миң сом менен гана ташыйсыңар, ташыбасаңар иштебей эле койгула деди. Ошондон кийин айдоочулар иш таштады. Буга чейин 125 миң сом менен ташучубуз. Айдоочунун чыгымы 95 миң сомго чейин жетет. 100 миң сомдон ташыганда айдоочуга эчтеке калбай калып жатпайбы", - деди Максат Дүйшеев.

"Иствэй" компаниясына брокердик кызмат көрсөткөн "Трансэксперт" аттуу компаниянын өкүлү Улан Жумабаев чыр жүк ташууну монополия кылуу аркетинен эмес, айдоочулардын бааны көтөрүү чечминен улам чыкты дейт.

"Биз бааны көтөрүүгө каршы арыз жазгандан кийин айдоочулар коомунун башчысы Максат Дүйшеев бүт машиналарга токтогула дейт. Жолдо келе жатканы дагы, терминалдын ичине киргени дагы токтойт. Мен ошол маалда беш унаанын бажы иштерин бүтүрүп, ээсине берели деп жатканбыз. Мен айдоочуларга силерге кардар мурдагыдай 1400 доллар төлөп берет десек дагы чыкпайт. Анда жүктү башка унаа менен алып кетели десек дагы болбойт. Айла жок, анан милицияга арыз жаздык. Беш айдоочуну милицияга алып барганда Максат Дүйшеев 1400 долларга макулбуз, айдай бергиле деди. Эмнеге Максат токто десе бары токтойт, чогулгула десе тогуз жүзү чогула калат. Мунун чоң себеби бар, азыр аны айта албайм”.

Бажы кызматынын маалыматына ылайык 10-апрелде айдоочулар жана компаниялардын өкүлдөрү менен өз-өзүнчө сүйлөшүү өткөрүп, мурдагы тарифтерди калтыруу боюнча макулдашууга келишкен. Бирок 11-апрелде айдоочулар "Иствэй" компаниясына каршы кайрадан чогулушкан. Учурда жүктөр мурдагы тариф менен үзгүлтүксүз ташылууда.

Жүктү ким бөлүштүрөт?

Буга чейин Кытайдан чыккан товар унаага жүктөлгөн бойдон Кыргызстандагы акыркы точкасына жеткирилчү. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери товар чек арадан Кыргызстандын унааларына жүктөлүп келет. Демек, кимге жүк жүктөлөрү Кыргызстанда чечиле баштады.

Былтыр октябрда Бажы кызматына жетекчи болгон Адилет Кубанычбеков Торугартта санитардык аймак уюштурууга аракет кылган. Ага ылайык, Бажы кызматы келишим түзгөн компания чек арадагы алты чакырымдык нейтралдык аймактан жүктү чыгарып, кезек күткөн айдоочуларга жүктөп берип турмак.

Айдоочулар бул коррупциялык схема экенин билдирип, Адилет Кубанычбеков өзүнүн Silk Way компаниясы менен келишим түзгөн жатат деп каршы чыккан.

Ушул жылдын башында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбековду товар импорттоодо жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдик шарт түзгөн деп кармаган. Өткөн айда келтирген чыгымды төлөп берди деп, үй камагына бошотулган Адилет Кубанычбековдун кармалышы бүдөмүк бойдон калды.

Бишкек-Торугарт жолу Кыргызстага Кытайдан товар ташыган эки жолдун бири. Бул бажы бекети аркылуу пандемияга чейин күнүнө 150гө чейин жүк ташуучу унаа өтүп турган. Пандемия маалында жүк ташуу кескин азайып, быйыл март айында гана кайрадан пандемияга чейинки көрсөткүчкө жетип, күнүгө жүздөн унаа өтүп жатканы айтылган.

Журналист Семетей Талас уулу Бишкек-Торугарт жолундагы жүк ташууда ири акча айланарын белгилеп, учурдагы чыр-чатактын негизги себеби дагы ошондон дейт.

Семетей Талас уулу.
Семетей Талас уулу.

“Торугарттан жүк көп чыгып турганда ортомчу компаниялар көп болчу. Ортодо Матраимов сыяктуу монополия кылган учурлар дагы болду. Жанагынча айдоочунун бир заматта чогулушу эки жакта тең чоң фигуралар турганын далилдейт. Бишкек-Торугарт, Эркечтам-Ош трассасында өтө чоң акча айланат. 1400 доллар бул айдоочу менен унаанын ээсиники эле. Андан тышкары бажычылардыкы, чек арачылардыкы, органдардыкы, жогорку жактыкы, анан эң негизгиси криминалдык дүйнөнүкү бар. Жөндөн-жөн эле мындай чыр чыга бербейт. Трасса талаш десек болот".

Кыргызстандагы Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев Кытайдан жүк ташуу көбөйгөнүн, андыктан мурдагыдай монополия кылуу аракети болушу мүмкүн деп эсептейт.

“Айдоочулар 3-4 ай мурун эле бир фирмалар келип, чек арадан өтүүнү монополия кылган жатат деп айтып жүрүшкөн. Чын болушу мүмкүн. Анткени, 3-4 колунда бар компания монополия кылабыз деп аракет кылып жатканы чын. Бизде антимонополиялык мыйзам бар. Ага жол берилбеш керек. Же болбосо коррупциялык схема уюштурган чиновниктердин аракети. Кытайдан жүк ташуудагы маселе жогорку бийликтин кийлигишүүсүз чечилбейт”.

Кытайдан "Эркечтам" бекети аркылуу жүк ташыган айрым айдоочулар “бажы бекетинде бардык айдоочуларга бирдей мамиле болбой жатат” деп, 2020-жылы дагы нааразылыкка чыгышкан. Алар “Абу-Сахий” аттуу кытай компанияга таандык жүк гана өтүп жатканына даттанган.

Эл аралык республикалык институттун (IRI) 2020-жылдагы сурамжылоосу Мамлекеттик бажы кызматы коррупциялык органдардын катарында экенин көрсөткөн. Өлкө аймактарындагы сурамжылоого катышкан бир жарым миңдей кишинин жарымы бажыны эң коррупциялашкан тармак катары сыпатташкан. 2020-жылы “Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери бажыдагы миллиондогон каражаттарды кымырган схемаларды аныктап чыккан.

Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекеттке 2 млрд. сом төгүп кайра бошотулган.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG