Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Токмокто жүк ташыган айдоочулар нааразылык акциясын өткөрдү


Нааразылык акцияга чыккан айдоочулар. 11-апрель, 2022-жыл. Сүрөт Фейсбуктан алынды.
Нааразылык акцияга чыккан айдоочулар. 11-апрель, 2022-жыл. Сүрөт Фейсбуктан алынды.

Бишкек-Торугарт багытында жүк ташып иштеген айдоочулар “Иствэй” компаниясына каршы 11-апрелде Токмок шаарында нааразылык акция өткөрүштү.

Акцияга катышкандардын бири Канатбек Мусабековдун айтымында, айдоочулар Торугарттан жүк алып, аны Бишкекке чейин 1400 долларга жеткирет. Анын 50 доллары “Иствэй” компаниясына калат.

Күйүүчү май, машиненин тетиктери кымбаттагандыктан алар ишканага бааны көтөрүп берүүнү суранышкан. Мусабеков мындан башка жүк ташуудагы кезек боюнча да пикир келишпестик чыкканын кошумчалады.

“Кийинки убактарда 20 машинеге 4-5 машине “элита” болуп кире баштады. “Элита” деген - фирма менен мамилеси барлар. Алар бат-баттан жүк ташып келет. Мисалы, мен 35 күндө бир жолу жүк алып келсем, алар үч жолу каттайт. Азыр каттамда 948 айдоочу иштейт”, - деди Мусабеков.

“Иствэй” компаниясы азырынча айдоочулардын дооматтарына жооп бере элек.

Март айынын аягында президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” өткөрмө бекети аркылуу Кытайдан күнүнө 100 жүк ташуучу автоунаа чыгып жатканын кабарлаган.

Негизги соода өнөктөш болгон Кытай менен товар алмашуу “Торугарт” жана Оштогу “Эркечтам” аркылуу жүргүзүлөт. Пандемияда бул чек ара бекеттеринен күнүгө отузга жетпеген автоунаа өтүп калган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG