Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Активист Атай Бейшенбек милицияда сурак берип жатат


Атай Бейшенбек.
Атай Бейшенбек.

Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмү 16-майда жарандык активист Атай Бейшенбекти кармап, суракка алып жатат.

Бул маалыматты активист өзү ырастап, 2019-жылы жасалган сайтка байланыштуу суралып жатканын билдирди. Бирок иштин чоо-жайы тууралуу кенен маалымат берген жок.

Райондук милициянын алдына Атай Бейшенбекти колдогондор чогулуп, анын суракка алынышын жарандык позициясы менен байланыштырышууда.

Жарандык активист Атай Бейшенбек социалдык тармактар аркылуу бийликти, Бишкек шаарынын мэринин ишин сындап келет. Акыркы убактарда Кумтөр алтын кенинин ишмердиги, кенден казылган алтын, аны сатуудан түшкөн каражат тууралуу бийлик элге маалымат бериши керектигин талап кылып жаткан.

Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган.

Президент Жапаров 4-апрелде элге кайрылуу жасап, “Центерра” менен доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча макулдашууга кол коюлганын, Кыргызстан андагы 26 пайыздык акциясын өткөрүп, эки тарап доолордон баш тартарын жарыялаган жана мындан ары “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга таандык экенин билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG