Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

Активист Атай Бейшенбек тил кат менен коё берилди


Атай Бейшенбек.
Атай Бейшенбек.

Жарандык активист Атай Бейшенбек 16-майда Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүндө эки сааттан ашык сурак берип чыкты. Анын сөзүнө караганда, 2019-жылы Айыл чарба министрлигине 200 миң сомго сайт жасап берүү иштерине катышкан. Бирок сайт ишке кирбей калган.

“Сайтты өздөрү ишке киргизбей сотко арыз жазышыптыр. Соттун чечими чыгып, бирок ал аткарылбай жатат деп сот аткаруучулар милицияга кайрылыптыр. Мени 200 миң сомду кайра кайтарып бербей жатат дешүүдө. Соттун чечимин көрө элекмин”, - деди Атай Бейшенбек.

Айыл чарба министрлиги менен райондук милиция окуя тууралуу маалымат бере элек. Активист башка жакка чыкпоо тил каты менен коё берилди.

Акыйкатчы институту активист жарандык иш боюнча соттун чечимин аткарууга байланыштуу суракка алынганын, институттун кызматкери адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзгөнүн билдирди. Мекеме да тергөө кызматкерлери активистке соттун чечимин көрсөтө албай койгонун бышыктады.

Атай Бейшенбек социалдык тармактар аркылуу бийликти, Бишкек шаарынын мэринин ишин сындап келет. Акыркы убактарда Кумтөр алтын кенинин ишмердиги, кенден казылган алтын, аны сатуудан түшкөн каражат тууралуу бийлик элге маалымат бериши керектигин талап кылып жаткан. Ал суракка алынышын жарандык позициясы менен байланыштырууда. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG