Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:54

Изникте кыргыз жоокерлери эскерилди


Түркияда кыргыз жоокерлери эскерилди. 15-май. 2022-ж.
Түркияда кыргыз жоокерлери эскерилди. 15-май. 2022-ж.

15-майда Түркиянын Изник шаарындагы 1331-жылы курулган кыргыз жоокерлеринин күмбөзүндө аларга багышталып куран окулуп, эскерилди.

Иш-чарага Түркиядагы кыргызстандыктар, дипломаттар жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

700 жыл мурун Орхан Газинин Изник шаарын ээлешинде кыргыз жоокерлеринин чоң салымы болгон деген негизде, атайын күмбөз салынган.

Ал күмбөз шаардын мэриясы тарабынан корголуп, жылына бир жолу Түркиядагы кыргызстандыктар күмбөзгө зыярат кылып турушат.

Ал эми IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин дал ушул Изник шаарында өтөрү кабарланды.

13-майда өткөн басма сөз жыйынында Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын жетекчиси Билал Эрдоган иш-чарага жүздөн ашуун өлкөдөн үч миңдей спортчу катышарын айтты.

Изник шаарынын жалпы калкы 43 миңге жакын. Шаарда Көчмөндөр оюндарына атайын ипподром, стадион жана спортчулар үчүн шаарча салынып жатканы кабарланган.

Расмий маалымат боюнча Түркияда 25 миңден ашуун Кыргызстандын жараны каттоодон өткөн. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу шаарларда жашап, эмгектенет.(ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG