Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кетпей турганын билдирди


 Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аны кызматтан алуу боюнча орун басарларынын билдирүүсү негизсиз экенин “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ал министрликтеги кадрдык өзгөртүүлөргө байланыштуу орун басарлары өзүнө каршы кутум уюштуруп жатат деп эсептейт.

“Биринчиден, мен кызматтан кетпейм. Мен аларга караганда жүз эсе жакшы иштеп атам. Экинчиден, мен өкмөт башчыга мени каралап атат коргоп койгула деп айтмак белем. Алар деле көрүп атат да. Мени кызматтан албайт деп ойлоп атам”, - деди Бейшеналиев.

Саламаттык сактоо министринин орун басарлары 16-майда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, бийликтен Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алууну суранышты. Алар министр кызматкерлерге орой мамиле жасап, кадрларды кызматтан негизсиз алып жатканын, министрликте коррупциялык иштер бар экенин айтышты.

Алымкадыр Бейшеналиев Жети-Өгүздө Медайымдар күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чарадагы каржылык ишке байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) эки жолу сурак бергенин билдирди. Ушул тапта ал Германияда иш сапарда жүргөнүн, Кыргызстанда 1-июнга чейин болбой турганын ырастады.

Бейшеналиев 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин саламаттык сактоо министри болуп дайындалган.

Анын өзүн алып жүрүүсү, журналисттерге берген интервьюсу коомчулукта утур-утур сынга кабылып келет. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ага Башкы прокуратуранын сунушунан кийин апрель айында сөгүш жарыялаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG