Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:55

“Ак Жүрөк” кризистик борборунда тополоң салгандарга милиция чакырылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

16-майда Ош шаарындагы "Ак Жүрөк" кризистик борборуна коркутуу болгонун уюмдун жетекчиси Дарика Асилбекова “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, алар ата-энеси мажбурлап турмушка берип жатканын айтып, борборго жардам сурап келген кыздын туугандары болгон.

Алар кызды үйүнө алып кетүүгө аракет кылып, борбордо ызы-чуу салган. Асилбекова коркутуу болгондо милиция чакырылганын, кыз жабырлануучу катары арыз жазганын айтты.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков муну ырастап, 2004-жылы туулган кыз окуя тууралуу тергөөчүгө айтып бергенин, тиешелүү көрсөтмөлөр алынгандан кийин толугураак маалымат берилерин билдирди.

Кыздын жакындарынын пикирин билүүгө мүмкүн боло элек.

18 жаштагы кыз Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын тургуну. Ата-энеси мажбурлап күйөөгө берип жатканын айтып, кризистик борборго кайрылган. Ал үйүнө кайтуудан коркуп, борбордогу убактылуу баш калкалоочу жайда жашап жаткан.

Кыргызстанда соңку жылдары кыз-келиндерге карата зомбулук көрүнүштөрү күчөгөнү айтылып келет. Быйыл Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 97-орунга түштү. Бул - Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө дегенди билдирет. (ArN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG