Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

Бишкекте электромобилдердин жүрүшү өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте электромобилдердин жүрүшү өтөт. Борбор калаанын мэриясы 17-майда билдиргендей, 22-майда «Ынтымак-2» паркында электр менен жүрүүчү транспорттун фестивалы уюштурулат.

Кыргызстанга электромобилдерди алып келип, сатуу менен алектенүүчү компаниялар менен бирге уюштурулуп жаткан иш чаранын максаты – транспорттун экологиялык түрлөрүн жайылтуу, ал тууралуу коомчулукта түзүлгөн стереотиптерди жоюу экени айтылды.

Токтоналиев, Абдрахманов, Токтогул жана Манас көчөлөрүндө 60 электромобиль жана 100дөн ашуун экобайк катышкан жүрүш болот. Жүрүштүн коопсуздугун милиция камсыз кылып турат.

Кыргызстанда соңку жылдары электромобилдер көбөйө баштады, алардын баасы да баштапкыга караганда улам арзандоодо. Бишкектин архитектура мекемеси калаада электромобилдерге ыңгайлашкан атайын 63 бекеттин схемасы түзүлүп жатканын жакында маалымдаган.

Шаарда абаны булгаган негизги факторлордун бири автомашиналардын түтүнү экенин экологдор айтып келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG