Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

Канн кинофестивалы Украинага колдоосун билдирди


17-майда Францияда 75-Канн кинофестивалы башталууда. Украинадагы согуштан улам Орусиянын расмий делегациясы бул ирет иш-чарага катыштырылган жок. Бирок бозгундагы режиссер Кирилл Серебренниковдун “Чайковскийдин зайыбы” фильми көргөзүлмөкчү. Режиссер согушту сындап келген.

"Биз тобокелге салып, расмий позицияга каршы болгон, азыркы окуяларды айыптоону көздөгөн орусиялыктарды өзүнчө карап, ажыратуу керек деген пикирдебиз. Албетте, фестиваль украин элин жана алардын өкүлдөрүн айныксыз түрдө колдойт", - деп айтты фестивалдын директору Тьерри Фремо.

Анын айтымында, Серебренниковдун тасмасы орусиялык оллигарх, Батыштын санкциясына кабылган Роман Абрамович тарабынан каржыланган деген маалыматка карабай Каннда көргөзүлөт. Анткени тасма Орусия Украинага кол салган 24-февралга чейин тартылган.

Фестивалда Украинанын Мариупол шаарында окко учкан литвалык режиссер Мантас Кведеравичюстун “Мариуполис 2” деген тасмасы тартууланмакчы.

Калыстар тобун франциялык актер Винсен Линдон жетектейт. Фестиваль пандемиядан улам 2020-жылы өткөрүлгөн эмес, былтыр салттуу календардан июлга жылып калган. "Алтын пальманын" быйылкы жеңүүчүсү 28-майда белгилүү болот.

XS
SM
MD
LG